Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:18

Эркиндик / Сөз эркиндиги

Мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө сөз эркиндиги жок

Мурдагы Cоветтер союзуна кирген аймактарда журналисттерге кысым күч экендигин жана аларга чектөөлөр болуп жатканын ЕККУнун маалымат каражаттары боюнча өкүлү Дуня Миятович билдирди. 9-июнда АКШнын Конгрессинде ЕККУнун доклады угулду.

x
Текст көлөмү - +
ЕККУнун өкүлү Дуня Миятовичтин белгилешинче, мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө көз карандысыз журналисттерге кысым күчөп, кол салуу көп болууда.

“Freedom House” уюмунун илимий кызматкери Музаффар Сулеймановдун айтымында, акыркы 10 жылда Орусияда 12 журналист киши колдуу болуп, бир гана жолу журналистти өлтүргөн кылмышкер кармалган. Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Казакстан жана Беларуста журналисттердин сары изине чөп салып болуп турат.

“Freedom House” алдындагы Европа жана Азия боюнча серепчи Сэм Паттендин баамында, мурдагы советтик өлкөлөрдө сөз эркиндиги 1990-жылдардын башында кыйла жогорулап, кийин төмөндөп отуруп, азыр болуп көрбөгөндөй оор абалга жеткен:

- Азыркы учурда ЕККУга мүчө, коммунисттик режимди башынан өткөргөн өлкөлөрдө сөз эркиндиги артка кеткенин байкап жатабыз.

Конгресстин отурумунда ЕККУ алдындагы басма сөз боюнча адис Дуня Миятович баяндама жасады. Азыр ал уюмга төрагалык кылып турган Казакстандагы абалды ала чаап сүйлөп, кайсы бир деңгээлде жеңилдик берилди дегени менен журналисттерди кысуу уланып атканын айтат. Ошондон улам Астана басма сөзгө кысым көрсөткөн мамлекеттердин тизмесинде туруп ЕККУнун төрүнө өтпөшү керек эле деп белгиледи.

Өз сөзүндө Дуня Миятович айрым өлкөлөрдө интернетти кысымга алуу көрүнүштөрү болуп жатканын белгиледи:

- Интернетти да тизгиндегиси келген өкмөт жүрүп отуруп утулат. Адилеттүүлүктү тапкысы келген киши анын жолун жакшы билет.

Жыйында Казакстан, Орусия, Кыргызстан жана Азербайжанда маалымат каражаттары кысымга алынып, алардын ишине чек коюулуп жатканына нааразылык айтылды.

Кыргызстанда сөз эркиндиги Курманбек Бакиевдин убагында кысымга алынып, апрель окуяларынан кийин бийлик тизгинин Убактылуу өкмөт алганда журналисттерге бут тосуу болбой турганын убада кылды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)