Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:17

Дүйнө

АКШ аэропорттордун коопсуздугун күчөттү

Вашингтон өкмөтү өлкөнүн бардык аэропортторунда кошумча коопсуздук чараларын киргизди. Мындан тышкары он төрт өлкөнүн жарандары АКШга учар алдында өзгөчө текшерүүдөн өткөрүлө турган болду.

Он төрт өлкөдөн АКШга учуп келе турган жүргүнчүлөр өзгөчө тартиптеги текшерүүдөн өткөрүлөт.
x
Он төрт өлкөдөн АКШга учуп келе турган жүргүнчүлөр өзгөчө тартиптеги текшерүүдөн өткөрүлөт.
Текст көлөмү - +
АКШнын транспорт коопсуздук башкармасы жарыя кылган тизмеде Куба, Иран, Судан, Сирия, Ооганстан, Алжир, Ирак, Ливан, Ливия, Нигерия,Пакистан, Сауд Арапстан, Сомали жана Йемен бар. Бул өлкөлөрдөн АКШга учуп келе турган жүргүнчүлөрдүн баарын тийиштүү аэропорттордо өзгөчө тартиптеги текшерүүдөн өткөрүшөт, алардын жүктөрүн аңтарып, кылдат карап чыгышат жана ошондон соң гана учакка отургузушат.

Жаңы эрежелер 4-январдан тартып күчүнө кирди. Тизмеге кирбеген өлкөлөрдөн келе турган жүргүнчүлөрдү деле аэропорттордо текшерип-тескөө иштери бошоңдотулбайт.

Өткөн жылдын этегинде Амстердам-Детройт каттамындагы учакта оңунан чыкпай калган террордук аракеттен кийин президент Барак Обама атайын кызматтарды катуу сынга алып, коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылган эле.

Өйдөдө аталган өлкөлөрдөн төртөө - Куба, Иран, Сирия жана Судан - террорчулардын колдоочулары катары көптөн бери эле Мамлекеттик департаменттин "кара тизмесинде" турат, калгандары, айрыкча Ооганстан, Ирак, Пакистан жана Сауд Арапстан "Ал-Каидага" жана башка экстремистчил уюмдарга каршы күрөштө АКШга өнөктөш аталып жүрүшөт. Эми алар Вашингтондун бул кадамына кандай мамиле жасашат?

"Алар канча кааласа, ошончолук деңгээлде нааразылык билдире алышат жана билдирет да болушу керек, - деп айтты Брукинг институтунун Дохадагы бөлүмүндө иштеген эксперт Шади Хамид "Азаттыктын" кабарчысына. – Буга алардын акысы бар, атүгүл буркулдап, ачууланышы да ажеп эмес. Ал эми АКШнын аларга байланыштуу саясаты өзгөрөбү, жокпу – бу башка маселе".

"Жеке мен өзүм бул чаралардын зарылдыгына анчейин деле ишене бербейм,- деп улантты кебин Хамид. - Ошентсе да жаңы эрежелер америкалыктардын ишенимин биртке бекемдейт жана алар өткөн апталарда массалык маалымат каражаттарын каптаган жалпы тапалаң маанайдын бир бөлүгүн билдирет деп айтканга жүйөөлөр бар".

Хамид террорчулар жаңы эрежелерге деле ыңтайлашып, өздөрүнүн тактикасын жана стратегиясын өзгөртүп аларын турган иш деп эсептейт. Аларга каршы күрөштүн ишенимдүү жолун ал барып-келип эле бардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жакшылап текшерип туруудан, эң башкысы – террорчулар тууралуу чалгындоо иштерин күчөтүүдөн,аларга байланышкан маалыматтарды мыктылап пайдалануудан көрөт.

АКШнын соңунан Британия, Нидерландия жана башка өлкөлөр да авиакаттамдарда коопсуздукту бекемдөө үчүн кошумча чараларды көрө башташты. Мунун алдында Вашингтон менен Лондон Йеменде дипломатиялык мекемелерин жапты. Жекшемби күнү аларга Франция кошулду.

Дүйшөмбү күнү йемен бийликтери өлкөнүн борборунда атайын операция өткөрүп,анын жүрүшүндө "Ал-Каиданын" куралдуу эки мүчөсүн жок кылышканын маалымдады.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)