Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:15

Экономика

Обама экономикада жандануунун жышаандарын байкады

Өткөн аптанын этегинде АКШ президенти Барак Обама өзүнүн башкы кеңешчилери менен жолугушкан соң экономикалык жандануунун жышаандары байкала баштаганын билдирген эле. Муну ушул аптада Федералдык резервдер системасынын башчысы да бекемдегенге аракет кылды.

x
Текст көлөмү - +
Жолугушууга финансы министри Тимоти Гайтнер, Федералдык резервдер системасынын башчысы Бен Бернанке жана аманаттарды камсыздоо корпорациясынын жетекчиси Шейла Бэйр катышкан эле.

Обама алар менен экономикадагы жагдай жөнүндө ийри олтуруп, түз сүйлөштү. Кептин өзөгүн финансы индустриясындагы, турак жай рыногундагы, банк секторундагы абал түздү. Азыркы экономикалык проблемалардын баарына дал ушул чөйрөлөр башат болуп берген эле.

Жолугушуу аяктаган соң журналисттер үчүн чакан маалымат берип, Обама: "Алдыдагы бир нече апта ичинде өкмөттүн кошумча аракеттерин өзүңөр көрөсүңөр”,- деп билдирди. Бирок администрация кризистен чыгуунун кандай чараларын сунуш кыларын тактаган жок.

Обама экономика мурдагыдай эле кыйын-кыстоо кезеңде турганын, кризис уланып жатканын да жашырбады. Жумушчу орундар кыскарып, ишсиз калгандар саны өткөн айда 8,5 процентке жетти. Ошол эле учурда үй сатып алгандар илээлеп болсо да арбып баратат, өткөн айда чакан бизнеске сарпталган мамлекеттик кредиттер 20 процентке өстү.

Мунун баарын Обама жалпылап алганда "үмүттөрдүн үлбүргөн учкундарына" жоруптады. "Прогресстин жышаандарын көрө баштадык,- деп айтты Обама. - Эгер аларды өнүктүрө алсак, айрым кыйынчылыктарга майышып калбасак, анда экономиканы даңгыр жолго сала аларыбызга мен айныбай ишенем".

Обаманын соңунан экономиканын төмөндөшү биртке басаңдай түшкөнүн Федералдык резервдер системасынын башчысы Бен Бернанке да шейшемби күнү белгиледи. Азыркы кризисти ал "соңку тарыхтагы эң кыйын финансылык жана экономикалык кезең" деп атап, анын арымы илкий баштаганын көрсөткөн белгинин бири катары америкалыктар арасында керектөө чыгымдары өсө баштаганын бөлүп көрсөттү.

"АКШ экономикасынын каркыны бекем, ага жөлөк-таяк болчу аракеттер жасалса, кризис жеңилет", - деп жазат Бернанке ФРСтин сайтындагы макаласында.

Ошол эле күнү эмгек министрлиги жарыялаган статистикалык маалыматтарга караганда чекене соода мартта андан мурдагы айга салыштырганда 1,1 процентке төмөндөп кеткен. Адистер жумушсуздук өскөн сайын калк керектөө товарларын сатып алганга каражатын өтө аярлык менен карыштап калат дешет.

HIS Global Insight бирикмесинин башкы экономисти Нигел Голт АКШда биринчи кварталда байкалган реалдуу керектөө чыгымдарынын болор-болбос өсүшү апрелден тартып ошончо эле деңгээлде төмөндөй баштайт деп болжолдойт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)