Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:10

Борбор Азия

Түркмөн президенти түрдүү партиялар түзүлсүн деди

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов элдин баарын таң калдырып, ар түрдүү саясий партия түзүү керек деп жар салды. Эгемен Түркмөнстанда буга чейин бир гана партия жашоо сүрүп келген.

Түркмөн президенти жакында Францияга сапарлап барганда. 1-февраль, 2010-ж.
x
Түркмөн президенти жакында Францияга сапарлап барганда. 1-февраль, 2010-ж.
Текст көлөмү - +
18-февраль күнү Түркмөнстан жыл сайын боло жүргөндөй, 10 күнгө созулчу Улуттук байрак күнүн майрамдоого камданып калганда, президент Гурбангулы Бердымухаммедов өкмөт жыйынында күтүүсүз саясий жаңылыгын жар салды:

- Мен белгилеп койгум келет, биздин өкмөт нагыз демократиянын принциптерин өнүктүрүп жакшыртмакчы. Ушуну эске түйүү менен, кимде-ким жаңы саясий партия түзгүсү келсе, Түркмөнстандын конституциясына ылайык, андай партия каттоого алынат. Ал балким, дыйкандар партиясы, же башка багытта болушу мүмкүн...

18 жылдан ашуун убакыттан бери маркум түркмөнбашы Сапармурат Ниязов түптөгөн Түркмөнстан демократиялык партиясынан башканы укпаган өлкө үчүн бул жаңылык эстен тандырчудай эле окуя болду. Бердымухаммедов жаңы түзүлчү партиялар “оппозициячыл” болот, же болбойт деп тактаган жок. Ошентсе да, Түркмөнстанда жашаган жалгыз оппозиция лидери Нурберды Нурмамедов бул жаңылык аны курсант кылганын айтат.

- Биринчиден, мен президенттин билдирүүсүн кошколдоп кубаттайм. Бирок билдирүү турмушка ашыш үчүн бир катар кадамдар жасоо керек. Азыркы тапта Түркмөнстанда саясий партия түзүүгө мыйзамдык негиз жок. 1992-жылы социалдык уюмдар, саясий партиялар тууралуу мыйзам кабыл алынган, аны бирок өкмөт ишке киргизген эмес. Кийин 2003-жылы кайра социалдык уюмдар менен саясий партияларды каттоо жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, алар атайын мыйзам боюнча катталат деп жазылып калган. Ал кандай атайын мыйзам экени алигиче белгисиз.

Нурберды Нурмамедов өзү башында турган Агзыбирлик Элдик кыймылы 1990-жылы социалдык топ катары катталып, үч ай өтпөй анын каттоо күбөлүгү кайра жок кылынган. Ошондон бери кайра каттатуу аракетинен майнап чыкпай келет.

Эмнеси болсо да, Бердымухаммедовдун өзү айткандай “нагыз демократия орнотуу” ниети чын эле оппозициячыл, өкмөттүн ишин сындоого, элдин сөзүн бийликтегилерге жеткирүүгө батынган партиялардын жаралышына алып келеби – аны мезгил көрсөтөөр. Антпесе, жаңы түркмөн партиялары коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандагыдай аты оппозициялык, иш жүзүндө бийликтегилердин кызыкчылыгына кызмат өтөп калышы ыктымал.

Байкоочулар 52 жаштагы дымактуу түркмөн лидери Бердымухаммедов жаштар жана башка калк катмары арасында атайын кыймылдар уюштуруп, өзүнүн саясий келечегин кепилдөө аракетинде болушу мүмкүн дешет. Түркмөн президенти азырынча далай жылдардан бери чет өлкөлөрдө баш калкалап, мекенине каттай албаган саясий диссиденттердин кайтып баруусуна да расмий уруксат бере элек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аралаш каяктан: Бишкек
19.02.2010 22:21
95- жылдары да Назарбаев демократиялык партия түзүш керек деп ураан салганда бир топ чиновниктер аны чын көрүп, Демократиялык тандоо деген партия түзүп, шуулдап иштей башташкан. Ал партия күчтөнүп баратканын көрүп Назарбаев коркуп кетип, ал партиянын лидерлерин камай баштаган. Аблязов баштаган бир тобу камалып кеткен. Сарсенбаев КГБ тарабынан өлтүрүлгөн. Нуркадилов өзүн-өзү "жүрөккө эки жолу атып анан өз башына өзү контрольный атып", оо дуйного кеткен. Диктаторлор ушинтип кээде чиновниктерин текшерет.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)