Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Түркмөн бийлиги Батышта окуган жаштардан коркот


Түркмөнстан - Мамлекеттик Миграция агенттигинин имаратынын алдында студенттер чет өлкөгө чыгууга уруксат алалбай турушат.
Түркмөнстан - Мамлекеттик Миграция агенттигинин имаратынын алдында студенттер чет өлкөгө чыгууга уруксат алалбай турушат.

Өткөн жумада Түркмөн өкмөтү АКШдан келген Тынчтык корпусунун ондогон ыктыярдууларын өлкөгө киргизбей койду. Алар негизинен билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштешчү.

Ай башында четөлкөлөрдөгү АКШ университеттеринде окуган түркмөнстандык студенттерге Түркмөнстандан чыгууга уруксат берилген эмес. Байкоочулардын айтышынча, ырасмий Ашхабад Батыш окуу жайлары түркмөн студенттердин дүйнө таанымын бузат деп коркот.

1993-жылы жайында АКШнын тынчтык корпусунун ыктыярдуулары алгачкы ирет Борбор Азиянын экс-советтик республикаларына келип, мектептерде англис тилин окута жана ооруканаларда иштей башташкан. Ошондон бери америкалык ыктыярдуулар Түркмөнстанга үзбөй келчү. Бирок 9-октябрда ырасмий Ашхабад америкалык 47 ыктыярдунун өлкөгө келишине уруксат бербей койду. Англис тилин окутууга дилгир америкалыктар эмне себепетен кайтарылганын Түркмөнстандын Билим берүү министрлиги “Азаттык” радиосуна түшүндүрүп берүүдөн баш тартты.

Тынчтык Корпусунун директору Жошуа Фильд америкалык ыктыярдуулар Түркмөнстанда балдарга сабак беришкенин жана дарыгерлик кылганын айтат:

- Биз мисалы билим берүүдө көп иштерди жасап жатабыз: кээде мугалимдерге сабакты жакшы окутуунун жолдорун үйрөтсөк, кээ учурда мектепке барып, балдарды окутабыз. Ошентип билим берүүгө ушул эки жол менен салым кошобуз.

Түркмөн бийликтери сентябрда 50дөй студенттин Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинде окуусун улантуусуна уруксат бербей койгон. Кийинчерээк бул студенттер Болгариядагы Америка университетине жөнөтүлөт деп, бирок маселе алиге жөндөлө элек.
Түркмөнстандык студенттер Ашхабаддын четиндеги дөңсөөлөрдөгү "Сардар жолундагы" массалык жүрүштө.


Түркмөнстандын заңы боюнча, тыш өлкөдө окуучу студент мекениден чыгып кетерден алдың Агартуу министрлигинде катталууга тийиш.

Түркмөн студенттердин сыртка эркин чыгуусуна бөгөт койууга 5-октябрда Ашхабаддагы АКШ элчилиги тынчсыздануу билдирген.

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов. Нью-Йорк. 24-сентябрь 2009-ж.
Ырасмий Ашхабаддын өз жарандарынын Батыш окуу жайларынан билим алуусуна шектенүү менен мамиле жасаганы “Президент Бердимухаммедов “Түрмөнстанды сырт дүйнөгө ачам” деген сөзүнөн тайдыбы?” деген суроо жаратат.

Түркмөн бийликтеринин Батыш билим берүүсүнө болгон мамилесин Эларалык кризистик топтун (International Crisis Group) Борбор Азия долбоорунун башчысы Пол Квин-Жаж мындайча сыпаттайт:

- Түркмөнстандын азыркы жетекчилиги мурдакы жетекчилик сыяктуу эле өз букараларынын дүйнөдөгү түркүн көзкараштар менен түз жана эркин таанышканынан, ошондой эле студенттердин Америкада жана Батышта билим алуусунан чочуп турат.

Нью-Йорктогу Фридом Хаус (Freedom House) уюмунун директорлорунун бири Христофер Уолкер да Түркмөнстандын азыркы жетекчиси маркум Түркмөнбашы Сапармурад Ниязовго окшоп, “өз букарларынын чет элдиктер менен кенен-кесир катташканын каалбайт” деди “Азаттыкка” берген интервьюда.

Ушу тапта Түркмөнстанда АКШ өкмөтү каржылаган Тынчтык корпусунун 70 чамалуу ыктярдуусу бар. Алардын жарымынын мөөнөтү жыл аягында бүтөт. Өткөн жумада Ашхабаддан кайра тарткан 47 ыктыярдуу алардын ордун ээлемек.

Жошуа Филддин билдиришинче, Түркмөн өкмөтү ыктыярдуулардын жаңы тобу 2010-жылдын сентябрына чейин өлкөгө киргизилбейт деген.

Түрмөнбашы Сапармурадов Ниязов жазган "Рухнаме" китебине тургузулган эстелик. Ашхабад. 2008-ж.
Маалыматттарга караганда, быйыл Россия, Европа, АКШ жана Чыгыш Азия университеттерине Түркмөн өкмөтү каржылаган долбоор боюнча 2700 студент жөнөтүлгөн.

Маркум Түркмөнбашы Ниязов президент кезде элагартуу тармагына катуу сокку урулган: орто мектептер тогуз жылдык билим берүүгө өткөрүлүп, университеттердеги окуу программасы беш жылдан эки жылга кыскартылган. Бул система Бердимухаммедов президенттикке келгенден кийин өзгөртүлгөн. Анткен менен, Түркмөнстандын Билим берүү министрлигинин белгисиз калууну каалаган жооптуу кызматкеринин “Азаттыкка” айтышынча, өкмөттүн таасирлүү мүчөлөрү эл агартуу тармагын реформалоого чочулоо менен карашат.

XS
SM
MD
LG