Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 00:03

Дүйнө

Түркия: Генералдар камакка алынды, саясий тирешүү күчөдү

Түркияда ушул дүйшөмбүдө элүүдөн ашык генерал камакка алынып, исламга ыктаган бийликтеги Ак партия менен Мустафа Кемел Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактоочу "кемелчилердин" тирешүүсү болуп көрбөгөндөй курчуду.

Дагы бир генералды камакка алуунун учуру, 22-феврал, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Түркияда ондогон жылдардан бери армия республиканын негиздөөчүсү жана армия офицери Мустафа Кемел түзгөн секулярдык мамлекеттин түркүгү саналчу. Ушул дүйшөмбүдө деңиз күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы Озден Өрнөк, Аба күчтөрүнүн мурдагы башчысы Ибрагим Фиртина, биринчи армиянын мурдагы командачысы Эргин Сайгун баш болгон ондогон генералдын кармалышы динди мамлекеттен бөлгөн бул системанын пайдубалын солкулдата баштады.

Ак партия жетектеген учурдагы исламчыл өкмөттүн ырастоосунда, 2003-жылы генералдар тобунун «Эргенекон» деген уюшмасы бул партиянын бийлигин аскердик төңкөрүш аркылуу кулатмак болгон.

Жергиликтүү гезиттердин жазышынча, «Балйоз» же «Балка» деген аталыштагы төңкөрүштүн планы боюнча генералдар Истамбулдагы эки ири мечитти бомбалап, аскердик музейге кол салуу уюштурмак да, бул чабуулдар үчүн жоопкерчиликти исламчыл фундаменталисттерге оодарышмак.

«Хуриет Дейли Нюс» гезитинин кабарчысы Озгур Огриттин айтымында, окуялар мындан ары кандай өнүгөөрүн элестетүү да кыйын:

– Бул Түркия үчүн жаңы көрүнүш, өткөн айдан бери эле күн сайын «Түркияда мындай нерсе биринчи жолу болуп жатат», «Бул генерал биринчи жолу сурак берди, берки генерал камакка алыныптыр, армиянын жашыруун жайы тинтилиптир» деген эле уу-дуу сөз болуп атат.

2007-жылы башталган «Эргенекон» тергөөсү Түркияда Ак партияны колдогондор менен "кемелчилердин" (Ататүрктүн жолун жолдогон секулярдык саясаттын жактоочулары) лагерин кырчылдаштырган окуяга айланды.

Өткөн күндөрү исламчыл жамаатка каршы тергөө баштаган прокурор Илхан Жиханер төңкөрүш уюштургандардын арасында болгон деп камакка алынган эле. Мунун артынан Соттор менен прокурорлордун жогорку кеңеши Жиханердин ишин караган төрт прокурорду тергөө ишинен четтетти. Мындан Ак партия баштаган өкмөт «акыйкаттыкка оор сокку урулду» деп чуу көтөрдү.

Ошол эле мезгилде «Эргенекон» уюшмасы боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн тазалыгына шек келтирген жагдайлар болууда. Секуляризмди колдогон журналисттер, жазуучулар, окумуштуулар суракка алынган менен, бул шектүү уюшманын башчылары ким экени белгисиз.

Камакка алуулар көп учурда тоголок арыз, аты аталбаган күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде жүргүзүлүп жатканы да суроо жаратып жатат. Айрым айыпталуучулар полиция жалган жалаа жаап жаткандыгын айтышууда.

Анын аралыгында, «бийликтеги исламчылардын кармалган генералдарды соттотууга саясий күч-кубаты жетеби» деген суроо чыгууда. Анын үстүнө, генералдар соттолгон күндө да, сот өкүмүн исламчыларды кыртышы сүйбөгөн Апелляциялык жогорку сот четке кагып коюшу мүмкүн.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Almanbet каяктан: Stambul
27.02.2010 03:50
Turkiyada jakshy nerseler bolup jatat. 47% Eldin dobushun alyp biylikke kelgen Adilet jana Onuguu partiyasy el dusmandarynan kutulup jatat. Taryhta bul kungo cheyin askerler 4 jolu tonkorush jasap, bir premier ministrdi asyshkan..Myna emi ushunday jaman oylor ishke asha elekte eldin kabary bolup generaldar kamalyp jatat. Turkiya buyursa tuz jolgo chykmakchy

кимден: chingiz
24.02.2010 19:58
ooba Al partiya eldin kopculuk oyun alip biylikke kelgen, bizge okshop jasalma oylor menen tuzulgn biylik emes, jana kamalip jatkan generaldar askerdik tongkorulus plandaan generaldar, jalgiz gana tongkorulus emes oshol ele eldi olturup attirip, jardirip korkutup koldo tutuuunu plandastirgan adamdar alar. Demokratiyani jokka eseptep eldin 47 payizinin oyun algan partiyani tonkorobuz desken. Dagi aytilcuu bir nerse partiyanin basindagi bir eki adamdin ozunun dinin jasap jatat dep sekularizm buzuldu je islamcil olko boldu degen da tuura emes. Demokratiyalik olkolordo ar bir adam kaalaga nersesineishenuugo ukuktuu jana bul ukuktar mamleket tarabinan garantiyaga alingan, Olkon Miyzamin jokko cigargan generaldar albette kamakka oturus kerek!

кимден: Mara каяктан: kirgizstan
24.02.2010 17:32
baykashimcha kabardi jazgan kishinin bul jonundo toluk maalimati jok eken, Turkiyada islamchil partiya menen kemelistter emes, adilettuu partiya menen el dushmandari tireship jatat, al jaktin biyligi bizdin biylike okshop korrupsiyonerler emes bolgondugu uchun bul el dushmandarinin kinir ishteri bilinip jatat, ayabay suktanaarlik ishterdi kilip jatishat turk boordohtorubuz, osholordoy adilettu biylik bizde da bolso eken, bizdin elibizdi bashkargandar kachan adilettuu bolushat, kachan bayligin jep-ichkendi toktotushat, chindiginda azirki sayasattagilardi korup men Kirgizstanda adilettu zamandi elestete albay kaldim

кимден: nurlanbek каяктан: tushunbodum
24.02.2010 14:40
Түркияда өкмөт шайлоо менен ошо жерге келген. Учурда болуп жаткан окуяда исламчылык же башкача маанилерди издөө туура эмес. Түрк элинин 47% добушу менен куралган өкмөт калктын эркин тамсил кылат. Генералдар кылмыш кылгандыктары үчүн камакка алынган, далилдер тоодой. Прокурор Илхан Жиханер динге жакын бей өкмөт уюмдардын кишилерине соботаж жасоо менен шектенип камалды. Бейкүнөө кишилердин үйлөрүнө курал жарак койюп, аларды терорчу деп айыптоого камынган жана бул ишти аскерлер менен чогуу пландаган.

nurlanbek.blogspot.com

кимден: Karishkir
24.02.2010 12:44
Biz ERDOGAN menenbiz!!!Biz adildilik menenbiz!!!

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)