Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:00

Дүйнө

Түркия: өлкөнүн келечеги референдумдан көз каранды

12-сентябрда Түркияда “Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору референдумга коюлат. Өлкөнүн юридикалык системасын кайра курууну көздөгөн долбоор саясий чөйрөдө чоң талаш-тартыштарга себепкер болду.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган.
x
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган.
Текст көлөмү - +
1982-жылдагы аскерий төңкөрүштөн кийин күчкө кирген Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө “Адилет жана өнүгүү” партиясы даярдап чыккан мыйзамдын долбоору 26 беренеден турат.

Өкмөт бул мыйзам референдумда колдоо тапса өлкөдө аскердик режимдин калдыктары жоюлуп, демократиялашуу жараянына дем бере турганын айтып келет. Оппозициядагы партиялар болсо бир катар оң жагдайларды камтыганы менен мыйзам долбоору бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясынын өлкөнүн бийлик бутактарына толук көзөмөлүн орнотууга жол ачарын билдирип, калкты референдумда каршы добуш берүүгө үндөп жатышат.

Мыйзам долбоору адам укуктарын кеңейтүү; жумушчулардын профсоюздук уюмдарга мүчө болуудагы айрым чектөөлөрдү алып салуу; Жогорку аскердик кеңеш тарабынан кызматтан алынган аскер кызматчыларга апелляциялык сотко кайрылуу укугун берүү; өлкөнүн коопсуздугуна жана конституциялык түзүмгө каршы кылмыш жасаган деп айыпталган аскердик кызматчылардын мындан ары Жарандык сот тарабынан соттолуусу өңдүү бир катар, 1982-жылкы Конституцияда каралбаган укуктарды камтып, жалпысынан оппозициянын жана коомчулуктун андай беренелерге анча деле каршылыгы жок. Бирок мыйзам долбоорундагы Конституциялык Соттун, Судьялар жана прокурорлор кеңешинин курамын өзгөртүүнү көздөгөн беренелери талаш жаратты. Референдум тууралуу Анкарадагы дүкөндөрдүн биринде иштеген соодагер “мен каршы добуш берем. Анткени ар бир келген өкмөт өзүнө ылайыктуу Конституция жараткысы келет. Мен буга каршымын” десе, дагы бир мугалим “бул долбоордогу айрым беренелер өлкөнүн бөлүнүп кетүүсүнө алып бара тургандыктан мен да каршы добуш берем” дейт.

Ал эми бир фирмада директор болуп иштеген жигит “бул жүз жылда бир араң колго түшчү мүмкүнчүлүк. Өлкөнүн демократиялашуусу үчүн мен референдумда “ооба” деп добушумду берем” дейт. Ошентип референдум тууралуу калк арасында пикир бир беткей эмес. Ошол эле учурда азырынча кандай добуш берерин билбей жаткандар да аз эмес. Мына ушул топтогулардын добушу референдумда чечүүчү ролду ойношу ыктымал. Ушундан улам саясатчылардын өз ара таймашы кызуу уланып жатат.

Долбоор боюнча учурда 11 толук, 4 запас мүчөдөн турган Конституциялык Соттун мүчөлөрүнүн саны 17ге көбөйөт. Запастагы мүчөлөр толук мүчөлүккө көтөрүлөт. Учурда 7 мүчөдөн турган Судьялар жана прокурорлор кеңешинин курамы 22ге жетет. Оппозиция “ансыз деле парламентте басымдуу көпчүлүккө ээ болгон исламчыл маанайдагы “Адилет жана өнүгүү” партиясы бул жаңы орундарга өзүнүн санаалаштарын тандап, өлкөдө мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына көзөмөлүн орнотот” деп шектенип, калкты референдумда каршы добуш берүүгө үндөп келүүдө.

27-августта Газиантепе шаарында чогулган элдин алдында сүйлөгөн Демократиялык партиянын төрагасы Хүсаметтин Жиндорук “мен бул өкмөттү ар дайым сынга алам, аны жактырбайм. Булардын баары болуп келген көрүнүш. Бирок мен эми бул өкмөттөн коркуп калдым. Эгерде мыйзам долбоору референдумдан өтүп калса демократия менен эч качан келише албаган бул өкмөт даярдаган Конституция Түркияда демократияны түйшүккө салат” деп билдирди.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган да ушул эле күнү өлкөдө юридикалык система сөөктөй катып калганын, аткаруу бийлигинин ордуна өлкөнү сот бийлиги башкара баштаганын ырастады:

- Ишенгиле, бутубузду тушап коюшту. Түркияда парламенттин да, аткаруу бутагынын да үстүндө сот бийлиги турат. Бизге тоскоол болуп жатышат. Мен эч кандай иш кыла албай жатам. Кандай гана чечим чыгарбайын сот бийлиги өзүнүн каршылыгын билдирип келет. Элдин алдында жоопкерчилик менде, бирок мени сот бийлиги кыйнайт. Ошондуктан референдумда “макул” деген добушуңарды бергиле.

Ошол эле маалда бул референдум кийинки жылы өтө турган парламенттик шайлоонун натыйжасы үчүн кандайдыр бир тараза ташы болуп кала тургандыктан, референдумда “макул” деп добуш бергендердин саны басымдуулук кылган абалда оппозиция башкаруудагы партия саясий упай топтой алат деп да тынчсызданат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: мекенчил
29.08.2010 18:18
Мен эгер туркиянын атуулу болгонумда референдум учун "ООБА" добушуму бермекмин. АКП партиясы келгенден бери олко кун откон сайын онугуу жолунда бара жатат. Элдин 50% жогорусу бул партиянын ишмердуулугун колдоп келет. Ички жана Тышкы саясатта бул партия дуйного орнок боло алды десем жанылышпайм. Турк элдери негизинен орто азия элини ошондой эле кыргыз элинин аябай жандан жакшы коруп, колунан келген жардамын аяшпайт. мен айтаар элем 12 сентябрда боло турган РЕФЕРЕНДУМДА бул партия буйурса женишке жетет.

кимден: Бактыгул
29.08.2010 17:18
Мисалы мен да ,макул эмесмин оюун бермекмин.Реджеп бей,копчулуктун макул оюун алса анда,Турциянын шору.АКП партиясынын каалаганы озунун басымдуулугун дагы арттырмак.Королук эл кандай добуш берет экенин.

кимден: Калыс каяктан: Бишкек
29.08.2010 08:33
Боордош Улуу түрк элине жакшылык каалайбыз! Түрк тектүү өлкөлөрдүн көч башы түз болсо, кубаттууу болсо- деп тилейбиз.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.08.2010 17:45
Шоорду турктордун башын бурган бияктагыдай эле рефрендум-дум-думм деген неме отот экен да.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)