Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 19:16

Дүйнө

Түркия: Өкмөт өмгөктүүбү же армия аркалуубу?

Түркияда соттун көрсөтмөсү менен армиянын дагы сегиз офицери камакка алынды. Аларга да мамлекеттик төңкөрүш даярдоого катышкан деген айып коюлду. Соңку күндөрү ушундай эле себеп менен армиянын элүүгө жакын өкүлү кармалды.

Анкара - Өлкөдөгү акыркы кырдаалды президент Абулла Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жана армиянын штаб башчысы генерал Илкер Башбур биргелешип талкуулашты.
x
Анкара - Өлкөдөгү акыркы кырдаалды президент Абулла Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жана армиянын штаб башчысы генерал Илкер Башбур биргелешип талкуулашты.
Текст көлөмү - +
Кармалгандардан алты киши бошотулду, бирок аларга иш козголобу-жокпу, азырынча белгисиз. Жыйырмадай офицерди сот тергөө маалында камакта кармоого көрсөтмө берди, алардан арасында беш адмирал, эки генерал бар. Баары мындан жети жылдай илгери аскерий төңкөрүш жасап, Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүн кулатууну пландашканы үчүн камалышты.

Кутумчулардын планы тууралуу Tafar гезити январда жазып чыккан эле. Документтердин түп нускаларын редакцияга мурда Түркиянын Биринчи армиясында кызмат кылган адамдардын бири алып келип берген экен.

Адилет жана өнүгүү (Адалет ве калкынма - АК) партиясы 2002-жылы бийликке келген, алардын арасында мурдагы исламчылар да бар эле. Ошол себептен аскерий кутумчулар АК партиясы диний фундаментализмди жайылтат деп шектенишип, Кемал Ататүрктөн калган ыйык секуляризм принцибин коргоп калганы мамлекеттик төңкөрүш уюштурмак болушкан. Бирок Эрдоган батышчыл маанайдагы реформаларды өткөрүп, өлкөнүн экономикасы өр тартып өсө баштады, Түркия Евросоюздун мүчөлүгүнө талапкер болуп таанылды.

"Кризис жок эле, баары өз жайы менен өнүгүп бараткан, ошентсе да алар төңкөрүш жасоо чечимине келишкен", - деп айтылат Tafar гезитиндеги макалада.

Түркияда армия "мамлекеттеги мамлекет" эсептелет, аскер төбөлдөрү 1960-жылдан бери төрт жолу өкмөттү кулатып, бийликти өзгөрткөн.

Өз өкүлдөрү камакка алынган соң генштаб жабык жыйын өткөрдү, акыркы окуяларды генералдар кандай баалаганы беймаалым.

Кырдаалды бейшемби күнү президент Абулла Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жана армиянын штаб башчысы генерал Илкер Башбур биргелешип талкуулап, кризис конституциялык жол менен чечилиши керек деген бүтүмгө келишти.

Коомдук пикирде болсо ала-кула көз караштар айтылууда. Коопсуздук иштери боюнча Стамбулдагы аналитикалык борбордун өкүлү Гарет Женкинс соңку эки жылдан бери бийлик үчүн авторитардык эки күчтүн күрөшү жүрүп жатат деп эсептейт. "Бул демократтар менен антидемократтардын тиреши эмес, армия менен өкмөттүн кармашы",-дейт ал. Азыркы өкмөттүн акырындап өмгөгү чыгып, авторитардык күч болуп баратат.

Стамбул университетинде илимий кызматкер жана бир катар гезиттерде саясий баяндамачы болуп иштеген Нурай Мэрт азыркы өкмөт өлкөнү "жарандык деспотизмге" алып баратканын эскертти. "Бул өкмөт бир партиялуу системага же авторитаризмдин кандайдыр бир түрүнө оңой эле өтүп кете алат, менимче, ушундай келечектин белгилери бар", - деп айтты ал.

Бир партиялуу мамлекеттин карааны кезинде Мустафа Кемал Ататүрк негиздеп, учурда оппозицияда турган элдик республикалык партиянын мүчөсү, таанымал сүрөтчү Бедри Байкамга да толук реалдуу көрүнөт. Анын айтымында, Эрдоган демократиянын бардык чабал жактарын пайдаланып, демократиядан арылганга, бир партиялуу саясий тарыйкага эле жол ачпастан, бүткүл сот системасын да контролдоп, оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарынын үнүн өчүрө турган режим түзгөнгө умтулуп жатат.

Бейтарап башка бир байкоочулар болсо АК партиясында "деспотизм тенденциялар күч алып баратканы" тууралуу пикирлерди аша чапкан кеп дешет. Евросоюздун Стамбулдагы Бакчашехир университетиндеги изилдөө борборунун профессору Женгиз Актар премьер Эрдогандын жеке өзүндө авторитардык дымактар бар экенине карабастан анын өкмөтү Түркияны демократия жолуна салууда жакшы иштерди жасап жатканын белгиледи.

"Албетте, АК партиясынын өкмөтүндө айрым учурда авторитардык кандайдыр бир белгилер көрүнө калат, бирок өлкөнүн жалпы багытында демократия көп экени калетсиз", -дейт Актар.

"Ошондуктан исламчыл делинген бул партияга жакшы баа берүү керек. Алар Европадагы христиан-демократтардай эле Түркиянын мусулман-демократтары болуп саналат, алар реформисттер экени да айныксыз", - деп кошумчалады профессор Актар.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: нурланбек каяктан: Москва
26.02.2010 12:31
Учурда Түркия идеологиялык бөлүүнүүдө. Ошон үчүн сиздердин маалымат булактарыңар жаңылтууда. Өкмөткө элдин добушу менен келген Партия үчүн диктатордук же исламчы деген сыпатоолор туура эмес. Кабарды кыргыз логикасы менен берүү, учурда түрк саясатындагы чындыкты чагылдырбайт. Түркиядагы саясий таймаш демократ менен демократ эместердин таймашы. Элеттик калк менен калыптанган бюрократиянын таймашы. Айрыкча кабарда цитата берилген газетанын аты Тафар эмес Тараф болот.
nurlanbek.blogspot.com

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)