Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:12

Дүйнө

Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай газ кууру ачылды

Борбор Азиядан жаратылыш газын Орусияны буйтап өтүп, сырткы дүйнөгө чыгара турган газ кууру ачылды. Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай газ куурунун ачылышына төрт өлкөнүн жетекчилери катышты.

Түркмөнстан менен Кытайдын президенттеринин Ашгабаттагы жолугушуусу. 13-декабрь, 2009-ж.
Текст көлөмү - +
Улуу Газ Жолу

Бүгүн (14-декабрда) Түркмөнстанда өткөн жаңы газ куурунун ырасмий ачылышы менен Борбор Азиянын жаратылыш газын экспорттоодогу Орусиянын үстөмдүгү, тактап айтканда, монополиясына чекит коюлду.

Чөлкөмдөн көгүлтүр отун ташый турган жаңы куур он жылдан ашуун мезгилден бери салынган эмес, ошондон улам Түркмөнстан-Кытай кууру жалпы Азия аймагындагы геосаясий кырдаалды өзгөртүшү мүмкүн деп айтылууда.

Ачылыш аземинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов ал жерде чогулган Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдын президенттерине кайрылып, “төрт өлкө ортосундагы мамилелердин жаңы доору, алтын барагы ачылды” деп белгиледи.

Кытай - утуш ээси

Британияда чыгуучу “Мунай жана газга байкоо салуу” журналынын башкы редактору Женифер Дилей Борбор Азиядагы жаңы долбоордон биринчи кезекте Кытай утат деп эсептейт.

- Кытай ушу тапта экономикасын энергия менен камсыздоо булактарын издеп жандалбас уруп жаткан кез. Азыркы тапта алардын башкы отуну – таш көмүр, аны газга алмаштыруу көйгөйү эбак бышып жетилген. Буга чейин Кытай газды деңиз үстүндө кемелерде ташып келаткан, анда деңиз каракчылары, дагы башка коопсуздук маселелер келип чыгат. Түркмөнстандан болсо газды жер үстүнөн ташыганы турат, бул багытта алдын-алуу жана коргоо иши алда канча жеңилдейт.

Москвалык “Время новостей” гезити жазгандай, азырынча Кытай түркмөн газын кандай баада сатып алаары тактала элек.

Ондогон жылдардан бери түркмөн газынын 90%ын экспорттоого адистешип келген Орусия Ашгабат менен дал ушул баа саясатында орток пикир таба албай, келишим быйыл жазда үзгүлтүккө учураган.

Алдын-ала маалыматка караганда, 2010-жылы Кытайга Борбор Азиядан 13 млрд кубметрдей газ ташып баруу, 2013-жылга дейре анын көлөмүн 30-40 млрд кубметрге жеткирүү пландаштырылууда.

Кытайга жаңы куур аркылуу жалаң түркмөн газы эмес, жолдо Казакстан жана Өзбекстандан кошулган көгүлтүр отун да ташылат.

Андан сырткары Түркмөнстан тараптан баш алган куур келечекте Түштүк Казакстан, Жамбыл, Алматы жана Кызыл-Ордо облустарын газдаштырууга жардам берет.

Түркмөнстан мындан сырткары Орусияны кыйгап өткөн дагы бир багыт – Иранга экспорттолчу газ көлөмүн көбөйтүү планын жарыялады.

Орус-түркмөн отун-кубат сүйлөшүүсү күтүлөт

Москва-Ашгабат ортосунда токтоп калган отун-кубат (энергетика) карым-катнашын эмки жумада Түркмөнстанга бара турган Орусия президенти Дмитрий Медведев жандантууга аракет кылмакчы.

Адистер кытай экономикасы азыр эле жылына 80-100 млрд кубметр газды керектеп жаткан чакта ал жакка ташыла турган Борбор Азиялык көгүлтүр отундун көлөмү келечекте дагы кеңейиши мүмкүн дешет.

Бирок, газдан түшкөн калың кирешени азайтпаш үчүн чөлкөмдөгү өлкөлөр отунду баары бир ар түрдүү багытта (анын ичинде Орусияга да)  сатууга кызыкдар болору талашсыз.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нурзада каяктан: Кара-Балта
15.12.2009 12:38
Мен жогоруда айтылган агаларымдын пикирине толугу менен кошулам. Себеби, Султанбай Айжигитов менин угушума караганда мурдагы КГБнын тарбиясын алган, кесиби боюнча банкир болушу керек. Ал губернатор болуп иштеп турганда Баткендиктерди суу менен камсыз кылуу максатында чет өлкөлүктөр менен биргеликте ири долбоор иштеп чыккан. Аны ишке ашыра электе кызматтан алып, Каныбек Бакиевдин жан досун алып барып койгон. Эми Айжигитовдон башка кадр Баткенге иштей албаарын бийлик деле билип калды болушу керек.

кимден: Altai каяктан: Bishkek
15.12.2009 08:04
Ei kyrgyzdar, kozunordu chon achkila. biri birinerdi sabab, urup, olturup jatkanda bawkalar estuuluk kilip charbasin ondop atiwat. uwintip ele temselep kalabizbi??

Онлайн шерине