Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:48

Кыргызстан

“Ак шумкар”: Баш мыйзам бузулбасын, өкмөт жоюлсун!

“Ак шумкар” партиясы баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу ачык кайрылуу жасады. БЭКтин катарынан чыккандан бери негизинен күтүү режиминде турган партия лидери Темир Сариев бул жолу Курманбек Бакиевдин соңку реформалык кадамдарын катуу сынга алды.

Темир Сариевдин быйылкы президенттик шайлоо алдындагы эл менен жолугушууларынан бир учур.
x
Темир Сариевдин быйылкы президенттик шайлоо алдындагы эл менен жолугушууларынан бир учур.
Текст көлөмү - +
Быйыл жайда өткөн президенттик шайлоонун алдында “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Бириккен элдик кыймылдын катарынан чыгып, президенттик шайлоого өз алдынча катышкан эле. Ошондон тарта ал президенттин жүргүзгөн саясатын мурдагысындай сындаганын токтотуп, үстүрт гана айтып калган эле. Айрым талдоочулар Т.Сариевдин мындай позициясын “алдын-ала бийлик менен сүйлөшүлгөн иш” катары баалашкан болчу. Бирок “сүйлөшүлгөн сценарий боюнча бийликке барат” делген Т.Сариев ушу кезге чейин партиялык иштери менен гана алек болуп келүүдө.

Темир Сариевдин 23-декабрындагы кайрылуусу өлкөнүн саясий айдыңындагы жанданып бараткан оюндарга дагы бир кошумча болду. Ал дароо эле президент сунуштаган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору өлкөнү туңгуюкка кептээрин, аны кабыл алдырбоо керектигин айтып жалпы коомчулукка кайрылды.
Кандайдыр бир эл билбеген нерсенин башын баштагандай болуп атат. Бул жерде өтө коркунучтуу жагдай болуп калышы мүмкүн. Т.Сариев

Сунушталып аткан мыйзам долбоордо президент милдетин аткара албай калган учурда өлкөнү ким башкара тургандыгы тууралуу эреже өзгөртүлүүдө. Ага ылайык, мурдагыдай президент кызматын аткара албай калса – парламент төрагасы, ал да аткара албай калса - премьер-министр өлкөнү жетектемекчи деген эреже өзгөртүлүп, андай учурда өлкөнү ким башкара турганын президенттик кеңешме чечмекчи:

- Эмне үчүн эле президент бүгүн бир нерседен чочугансып, кызматын башка бирөө аткарып каларынан чочугансып, бир нерсе боло турган болсо президенттик кеңешмеге берем деп атат. Ал эми президенттик кеңешмеге ким кирерин конституцияга жазбай турат. Бул – кандайдыр бир эл билбеген, саясатчылар билбеген, адистер, мамлекеттик кызматкерлер билбеген нерсенин башын баштагандай болуп атат. Бул жерде өтө коркунучтуу жагдай болуп калышы мүмкүн. Анткени президенттик кеңешме бири-бири менен сүйлөшө албай калса же эки-үчөө ооруп калса кандай болот? Анда президенттин милдетин ким аткарары билинбей калып атпайбы. Элдин турмушун, мамлекеттин тагдырын тобокелге салып коюп атпайбызбы.

Ошондой эле ал бүгүнкү күнү президент өзүнө түздөн-түз баш ийген Өнүктүрүү агенттиги сыяктуу баш мыйзамда көрсөтүлбөгөн борбордук органдарды түзүп, өкмөттүн иштеринин бардыгын колуна алып койгонун, бүгүнкү өкмөттүн салык жыйнап, айлык-пенсия тараткандан башка иши калбаганын баса белгиледи. Темир Сариевдин пикиринде, президенттин мындай жүрүшү илгеркидей эле бир нерсе болсо өкмөттү садага чаба коюу амалын көздөө болуп саналат. Андыктан президент өкмөткө эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүсү, же болбосо өкмөттү жана премьер-министр кызматын жоюп, экономикалык блокту ачык колуна алуусу керек.

Ушул тапта президент парламентке жөнөткөн баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Конституциялык сотто жатат. Конституциялык сот ага үч айдын ичинде өз кортундусун бериши керек.
 
“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин айтымында, Конституциялык сот өз кортундусун бермейинче бул боюнча бир нерсе айтыш эртелик кылат:
Бегалы Наргозуев

- Парламентке келгенде бул мыйзам долбоорду комитет карап, Конституциялык сотко жөнөттү. Эми Конституциялык соттун кортундусу чыкмайынча бул боюнча бир нерсе айта албайм. Чыксын чечим, анан айта алам.

Ал эми Бириккен элдик кыймылдын сыясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаев бул маселе тууралуу буларды айтты:
Мамлекетти башкарууда эч качан бүдөмүк суроо калбашы керек. Э.Каптагаев

- Мамлекетти башкарууда эч качан бүдөмүк суроо калбашы керек. Так жазылып турат, “Президентти эл шайлаган, президент милдетин аткара албай калса ошол эле эл шайлаган парламенттин төрагасы аткарат” деп жазылып турат. Ал дагы кечке аткара бербейт. Дароо президенттик шайлоо жарыяланат. Үч айдын ичинде президенттик шайлоо өтүшү керек, ошого чейин гана убактылуу аткарат. Ошо үч айдын ичинде президенттин милдетин аткарып аткан адамдын да укуктары чектелүү. Ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизе албайт, өзгөчө кырдаал киргизе албайт, кызмат орундардагы адамдарды алмаштыра албайт. Үч айдын ичинде ал мыйзамдуулукту, мамлекеттүүлүктү сактап, кийинки президенттик шайлоонун туура өтүшүн гана камсыз кылып бериши керек. Кимди эл шайласа, ошол президент болуп кетиши керек. Ал эми азыр болсо маселе бүдөмүк...

Айрым талдоочулардын божомолунда, тынчый түшкөн Темир Сариевдин мындай кайрылуу менен чыга калышы көп нерседен кабар берип турат.

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, бийликтеги тымызын оюндардан кабары бар Темир Сариев президенттин абалы кыйындап баратканын сезгендей.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Актилек каяктан: Тоо-таш
26.12.2009 13:47
Телебайга жообум, 1) Курманбек акаң эл аралык саясатта чабалдыгын көрсөтүп койду. Айтсак Гансини чыгарам деп Россиядан 2-миллиард сурап алып аны аткарбай койду. Манастагы американын авиабазасынын атын өзгөртүп эле Путинди алдайм дегени суу кечпей калды. Эми эл толкуп кетсе ээрден шыпырылаарын сезип, ордуна орун басарын отургузуу аракети да.
2) Ден соолугунан камтама болбой эле койсо болот. Так текедей секирип эле бийлеп жүрбөйбү. Ишенбесең интернет барактарын карап көр. Жандан коштоп бийлеген эч кимиси жок эле, так текедей секирип жөн эле кулундай туйлап атты го чиркин. Маркум Ельцин ака мас болгондо ушинтип бийлечи дешет. Кызыгы болсо кошо чуркаган кошоматчылары кошо бийлегенге жарашпадыбы айтор музыка бүтөөрдө бир аялды таап келип бийге кошуп жиберишти эле, музыка да бүтүп калса болобу. Ай арман күн ай эл алдында бир чер жаза бийлеп алайын десе ал жакшы болбоду. Ак жолдун жарымын аялдардан болгондо...аттин.
3) Президенттик кеңеш жанылык эмес. баардык президенттердин кеңешчилери бар. Курманбек аканин кенешчилерин Сузактык болуп туруп сен билбесен Мен билбейм. Бирок эл билет окшойт. Өнүктүрүү фонд деген көшөгөнүн артында дейт. Жөөттөр деп да жүрүшөт.
4) Конституциялык соттун корутундусунан шек санаган сен кимсин. Кокуй күн, чындап тентек окшойсун кокуй. Ак Жолдун өкүлдөрү менен эсептешеби деп да жинге тиесиңби. АК Жол деген партия пикири жок оюу жок ал дегенди алып түшкөн бир кудайы момун партия. Алар кнопка басып ойногонду жакшы көргөн адамдардын тобу.Мобу кнопканы бас десен эле болду ошону баса беришет, беш жыл болсо деле. АКжол президенттин сыйкырдуу таякчасы десең да болот.

кимден: nurbai каяктан: Ekaterinburg
24.12.2009 18:05
Аламандын сөзүнө кошулам,6-ай бийликтен бир нерсе күткөн Сариевтин үмүтү үзүлгөн окшойт,башында эле бөлүнбөй БЭКтен бир лидер чыгыш керек болчу,эми калпакты жерге ургандан пайда жок Темир мырза,элдин тагдырын эртереек ойлош керек беле,а барибир ким болбосун бийлике келгенден соң бат эле өзгөрүлүп кетип жатпайсыңарбы!!!

кимден: СМАРТ каяктан: ЕС
24.12.2009 12:37
Сариев-сизди колдойм!Позициянызды билдирдиниз,башка партиялар страус болуп,башын кумга катып турганда!!!

кимден: каракатица каяктан: чуй
24.12.2009 05:35
Ак шумкар нерви чыдабай кетти

кимден: Аламан каяктан: Москва
24.12.2009 00:57
Сариев аман эле болсун. Эми араң президенттен үмүтү үзүлсө керек.
Бечара, оппозициянын биригүүсүнөн чыгып, бийликтен кызмат күтүп
чарчады окшойт. Президент жөн эле кызмат бере бербейт. Качан гана
иши кыйшайып, айласы кеткенде гана иш сунуштайт. Атамбаевди да,
Куловду да ошентип сатып алган, "төө кыядан өткөн соң" орденин тагып, айдап чыккан.Ушуларды билип туруп тескери баскан Сариев саясатчы болуп деле жарытпайт ко.

кимден: Телебай тентек каяктан: Сузактан
24.12.2009 00:08
Менин жалпы элге бир нече суроом бар. Эгерде кимде-ким жообун биле турган болсо, анда жооп берип коюууңуздарды өтүнөм. Өзүмдүн акылым жетпей турат. Анда эмесе суроолор мындай:

1.) Жаңы эле мамлекет башчылыгына "шайланган" Курманбек Бакиев эмне себептен Президенттикти өткөрүп берүү жөнүндө Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү чукул сунуштады? Эмне өмүрүнө коркунуч туулуп жатабы? Андай болсо ачыгын айтсын. Бир тууганы Жаныш Бакиев коопсуздугу үчүн жооп берип жатканда ачыгын айтууга эч тоскоолдук жок го -деп ойлойм.

2.) Эгерде ден-соолугуна байланыштуу өлкөнү башкара албай калса, анда эмнеге азыркы Конституцияда жазылгандай Жогорку Кенештин Төрагасына откоруп бербейт бийлигин? Велосипедди ойлоп табуунун канчалык кажети бар? Аны ойлоп табышкан да мурда эле... ? Анын үстүнө ЖКнын Төрагасы өзүнүн "Ак жолунан" шайланат бары бир.

3.) Президенттик кенешме- деген эмне өзү? Ал кайдан чыккан орган?Эгерде президенттик кеңешме мамлекет башчысын бекитип койсо, анда шайлоонун эмне кереги бар? Себеби Президент да, Жогорку Кеңеш да акыры шайлоо жыйынтыгы менен келиш керек го бийликке?

4.) Конституциялык соттун кортундусу көз карандысыз нукта чыгарына ишенсе болобу? Ал реалдуу болуп чыккан күндө деле "Ак жол" партиясынын өкүлдөрүнүн пикири менен Президент эсептешеби?

5.) Акыркы суроом, ошол конституциялык өзгөртүүлөр туурасында Президенттин сунуштарын кайсы жерден таап окусак болот?

Жооп берчүлөргө алдын-ала ыпаазычылыгымды билдирем. Рахмат!

кимден: Nur каяктан: Bishkek
23.12.2009 21:08
Эмил Каптагаев аганын сөзүнө тоо....оолугу менен кошулам.
Бакиев бийликти башка топ алып кетпесин деп коркуп,алдын ала кам көргөндөгүсү.
Кыргызда жакшы макал бар го "артык болом деп,тыртык болду" деген, анысы кандай Бакиев да жаман оюн баштап жатат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)