Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:47

Илим, билим берүү, IT

Татарлар таанымал илимпозун акыркы сапарга узатты

Татарстанда эки күн мурда таанымал илимпоз, коомдук ишмер Мансур Хасановду акыркы сапарга узатышты. Ал кезинде Орусия курамындагы бул республикада өзүнчө илимдер академиясы түзүлүүсүнүн демилгечиси жана анын биринчи президенти болгон.

x
Текст көлөмү - +
Өмүрүнүн 45 жылын илимге арнаган Мансур Хасанов 80 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Татарстандын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Минтемир Шаймиев аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү учурунда сүйлөгөн сөзүндө маркумду татар интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү деп атады:

-Мансур Хасанов узак жылдар боюу жемиштүү жана натыйжалуу иштеген, республикабызда билим, маданият менен илимдин көйгөйлөрүн көтөрүп, аны чече алган, өз пикири бар улуу инсан эле. Биз бүгүн татар калкынын, анын илимпоздорунун эң көрүнүктүү өкүлүн акыркы сапарга узатып олтурабыз.

Казан шаары, 15-март
Өз доорунун башка инсандарындай эле Мансур Хасановго да өмүрүнүн орто курагын партиялык кызмат менен айкалыштырууга туура келген. 1961 –жылы областык партиялык комитетте маданият боюнча бөлүм башчылыктан тартып, 1971 -1992-жылдары республиканын өкмөт башчысынын маданият менен илимди тейлеген орун басарынын кызматын аркалаган.

Кезинде Татарстандын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болгон Туфан Минкуллиндин айтымында, татар интеллигенциясынын өкүлдөрү өз арасынан чыккан Мансур Хасановдун уюштуруучулук жөндөмүн жана улуттук маданиятка күйгөнүн жогору баалашчу:

-Илимпоз катары ал негизинен биздин классигибиз Галимжан Ибрагимовдун чыгармачылыгын иликтеген. Уюштуруучулук жөндөмү татар энциклопедиясынын жаралуусуна жардам берди. Ал Татарстандын илимдер академиясынын биринчи президенти болгон. Бул жерде да анын уюштуруучулук жөндөмү өз ролун ойноду. Биз Мансур Хасановду ушун үчүн урматтачык.

СССР учурунда Орусиянын курамындагы гана автономдук республика болгон Татарстан өз Илимдер академиясына союз тарагандан кийин,1992-жылы гана ээ болгон. Мансур Хасанов академияны 2006 –жылга чейин жетектеген.

Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин жарыяланган расмий билдирүүдө Мансур Хасанов 19-кылымдын экинчи жарымы, 20-кылымдын башындагы татар ренессансынын классиктеринин өмүрү жана чыгармачылыгын изилдегени, татарлардын көп жылдык тарыхынын борбору катары Казан шаарынын тарыхын изилдөө боюнча жаңы методологиялык ыкмаларды иштеп чыгууга тикелей катышканы айтылат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)