Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Тажикстандык жөөттөр жаңы синагогага ээ болушту


Дүйшөмбүдөгү жаңы синагога
Дүйшөмбүдөгү жаңы синагога

Тажикстанда жөөт жамааты жаңы синагогага ээ болду. Сыйынуучу жайдын жаңы имараты жөөттөрдүн Пасха майрамын утурлай ачылууда. Тажикстандын аймагындагы эң эски жана акыркы синагога былтыр президенттин жаңы резиденциясына жол ачуу үчүн сүздүрүлүп салынганда, бир топ талаш-тартыштарды жараткан эле.

Жөөттөрдүн салты боюнча Пасха же Пейсах майрамы 8-апрелден тартып, 15-апрелге чейин белгиленет. Тажик башкааласынын байыркы, бирок саны жагынан азайып кеткен жөөт жамааты үчүн быйылкы Пасха кош майрам болуп жаткандай. Анткени акыркы бир жылга жакын убакыттан бери алар диний жөрөлгө өткөрүүчү жайсыз калышкан эле. Майрамды утурлай Тажикстандагы “Ориентбанктын” башчысы, президент Эмомали Рахмондун бир тууган кайниси Хасан Асадуллозода жөөт жамаатына Дүйшөмбүнүн элиталык деп эсептелген Озоди Занон көчөсүнөн эки кабат үйдү белек кылды.

Өткөн кылымдын башында курулган синагоганы бузуу чечимин Дүйшөмбүнүн мэриясы 2003-жылдын күзүндө эле кабыл алган. Имаратты бузууга 2006-жылдын жазында киришип, бирок жөөт жамааты тарабынан жана маалымат каражатттарында көтөрүлгөн ызы-чуудан кийин токтоого аргасыз болушкан. Тажик башкааласынын бийликтери өз чечимин аткарууга биротоло былтыр жетишип, президенттин жаңы сарайын көздөй жол үчүн бир катар турак үйлөр менен катар жөөттөрдүн жүз жылдык тарыхы бар синагогасын сүздүрүп салышканда, алардын дарегине басма сөз, аймактык жана эл аралык жөөт уюмдары тарабынан ачууланган сөздөр кайрадан айтылган. Тажик бийликтерин атүгүл ЮНЕСКО уюму да сынга алган эле.

Анткени эски синагоганын мааниси Дүйшөмбүнүн жөөт жамааты үчүн катардагы сыйынуу жайынан чоңураак деп эсептелүүчү. Адамдар ал жерде жөөт жылнамаасынын маанилүү күндөрү, диний жана маданий окуялар учурунда жолугуп турушчу. Синагогага жакырлар да келүүчү. Четтеги жөөт уюмдары кайрымдуулук ирээтинде жөнөткөн тамак-аштан жана каржылык жардамдан да алышчу.

Эски синагоганын тажикстандык жөөттөр үчүн тарыхый мааниси да бар эле. Тарыхый маалыматтарга караганда, имарат курулган 1900-жылдардын башында жөөттөр Душанбенин эки кварталында турушчу экен. Бузулган синагогада жылдар бою иврит тилиндеги китепкана иштеген, иврит тилинде сабактар жүргүзүлүүчү.

Тажикстандык жөөттөрдүн башкы раввини Михаил Абдурахмонов “Азаттыктын” Тажик кызматынын кабарчысы менен маегинде белгилегендей, алар эми жаңы синагогада да эски салтты улантууга аракет кылышат:

- Синагога - жөөт калкынын өкүлдөрү жолуга турган, маданий окуялар жана баары жөөттөрдүн жашоо жолоюна ылайык өтүүчү жай. Адамдар бул жерге балдарын алып келишчү, келечекте да алып келишет. Балдар ата-энелеринен үйрөнүшөт, алардын салт-санаасын кайталашат жана жөөттөрдүн жашоо жолоюн, тарыхын үйрөнүшөт.

Маалыматтар боюнча СССР тараганга чейин Тажикстанда 15 миңдей жөөт жашаган. Андан бери көбү Израилге, Кошмо Штаттарга, Европага көчүп кетишти. Азыр өлкөдө калган жөөттөр болгону бир нече жүз деп эсептелинет, алардын көпчүлүгү да - кары-картаңдар же жакырлар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG