Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:46

Борбор Азия

Тажик шайлоосу таза болгон жок

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Тажикстандагы шайлоо олуттуу кемчиликтер менен өткөнүн белгиледи. Ал эми КМШдан келген байкоочулар саясий кампанияга адаттагыдай эле жакшы баа беришти.

Тажикстан - Эл аралык байкоочулар шайлоонун жыйынтыктарын чыгарышты.
x
Тажикстан - Эл аралык байкоочулар шайлоонун жыйынтыктарын чыгарышты.
Текст көлөмү - +
Жекшемби күнү өлкөдө жергиликтүү бийлик органдары менен улуттук парламенттин төмөнкү палатасына депутаттар шайланды. Аларга добуш бергени шайлоочулардын 85 проценттен ашыгы катышты.

Парламенттин төмөнкү палатасында 63 орун бар, алардын 41ине бир мандаттуу округдардан, калганына партиялык тизме менен шайланат. Жекшемби күнү бирдиктүү республикалык округдан -73, бир мандаттуу округдардан 144 киши депутаттык орунга талапкер болушту.

Шайлоонун өтүшүнө жарым миңден ашуун эл аралык байкоочулар көз салышты. КМШнын миссиясы саясий өнөктүк жакшы деңгээлде уюштурулуп, мыйзамдарга ылайык өткөнүн белгиледи.

Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү айрым бир дурус жылыштарга карабастан Тажикстандагы шайлоо эл аралык талаптарга жооп бербегенин айтышты. Уюмдун парламенттик ассамблеясынын орунбасар төрагасы Пиа Кристмас-Мёллер жарыя кылган отчетто бардык жерде добуш үкөктөрүнө массалык түрдө жасалма бүллүтөндөр салынганы, тил кат менен эртелеп добуш берген учурлар арбын болгону айтылат.

Ислам кайра жаралуу партиясы шайлоону ачык,таза жана демократиялуу болгон жок билдирди. "Бу жолу шайлоо мурдагыдан дурус болот деп үмүттөнгөн элек,тилекке каршы, жер-жерлердиги бийликтер демократиялуу шайлоого дале даяр эместигин көрсөтүштү",-деп айтты партиянын лидери Мухиддин Кабири.

Бул пикирге социал-демократтар да кошулушту. Алардын төрагасы Рахматилло Зойиров бир катар шайлоо жайларында көп жолу кайталап добуш берилген учурлар катталганын, бардык жерлерде оппозициялык партиялардын байкоочулары кысым-кысмакка кабылганын билдирди.

Коммунисттер, тескерисинче, быйылкы шайлоо мурдагыдан бир топ мыкты деңгээлде өткөнүн, андыктан анын натыйжалары да адилет болорун айтышты.

Партиялык тизме боюнча коммунисттер үчүнчү орунда калышты, исламчылар алардан 0,5 процент көп добуш алышты. Эки партия тең беш проценттик чектен өтүштү, аларга парламенттен бери эле дегенде экиден орун тиери калетсиз. Эң көп добушту, албетте, президент Эмомали Рахмон жетектеген элдик демократиялык партия алды. Бул партиянын талапкерлерин колдоп, шайлоочулардын 72 процентке жакыны добуш берди.

Бир мандаттуу округдардагы добуштардын жыйынтыктары алдыдагы он күн ичинде чыгарылат.

Соңку он жети жылдан бери Тажикстанда өткөн шайлоо өнөктүктөрүнүн бири да эл аралык эрежелерге ылайык деп таанылган жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Гулазык каяктан: Чуй
02.03.2010 10:52
"Жаман иттин аты борубасар" - дегендей, Рохмондун авторитардык
партиясы "Элдик демократиялык" - деп аталганын кара. Буларда да куп эле биздикиндей ууру шайлоо отот экен. А СНГ мамлекеттердин бийлик мучолору шайлоону "таза" деп айтышты. Алар оздору да тажиктерге окшоп добуш уурдашат да.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)