Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:39

Эркиндик

Human Rights Watch: Кыргызстанда көбүнесе өзбек тектүү тургундар жапа чегүүдө

Укук коргоочу эл аралык Хюман Райтс Уотч уюму 14-июлда жарыялаган баяндамасында Кыргызстандын түштүгүндө тартип сактоо органдарынын кызматтары айрым бир улуттун өкүлдөрүн көбүрөөк камакка алып, кармалгандарды кыйноого алууда жана мындай акыбал аймактагы кырдаалды ого бетер курчутушу ыктымал деп билдирди. Айрым жергиликтүү укук коргоочулар да ушундай эле доону саал мурдараак айтышкан. Кыргыз бийлиги бул доону четке кагууда.

Ош шаарында милициянын ур-токмогуна кабылган 30 жаштагы өзбек тектүү Махмуд.
x
Ош шаарында милициянын ур-токмогуна кабылган 30 жаштагы өзбек тектүү Махмуд.
Текст көлөмү - +
Эл аралык Хюман Райтс Уотч уюмунун жаңы баяндамасында Кыргызстандын түштүгүндө кармалгандардын көпчүлүгү өзбек улутунан болуп жатканына терең тынчсыздануу камтылган. Баяндамада Ош шаарында абакта тутулгандар мыйзамсыз кыйноого алынганы да айтылат.

Хюман Райтс Уотчтун жаңы баяндамасында Кыргызстандын түштүгүндө кармалгандардын көпчүлүгү өзбек улутунан болуп жатканына терең тынчсыздануу камтылган. Баяндамада Ош шаарынын абактарында кармалып тургандар мыйзамсыз кыйноого алынганы да айтылат.


Бул уюмдун ушул тапта Ош шаарында жүргөн өкүлү Анна Нейстат (Anna Neistat) айым “Азаттыкка” шаардын ар кыл бөлүктөрүндө атайын коопсуздук чаралары жүргүзүлүп жатканын, мындай иш-чара маалында көбүнесе өзбек улутундагы тургундар камакка алынып жатканын айтып, муну улуттук азчылыктын өкүлдөрүн “ыксыз эле бутага алуу” катары баалады.


"Албетте, абакта кыргыздар деле бар, бирок кыргызстандык тартип сактоо күчтөрү көбүнесе өзбек улутундагыларды кармап жатканын соңку маалымат көрсөтүүдө", - дейт Нейстат айым.

Анын оюнча, атайын коопсуздук чаралары маалында колдонгон ыкмалар да мыйзамга жатпаган нукта жүзөгө ашырылууда:

- Биз зомбулук менен коштолгон камакка алуу учурларын айтып жатабыз. Бул өнөктүктөрдү коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү эч бир мыйзамды сактабастан, маселен, өздөрүн эч тааныштырбастан, камакка алуунун себебин эч түшүндүрбөстөн, кармалган кишилер кайсы жакта тутулаарын анын жакындарына эч маалымдабастан жүзөгө ашырып жатты.


Хюман Райтс Уотч уюмунун билдиришинче, кармалган кишилер ур-токмокко алынган 30дан ашуун учур даректүү маалыматтарга ылайык катталды. Анын ичинде кармалгандарды полиция кызматкерлери сабаган, муунткан жана тамекинин чогу менен денесин күйгүзгөн сыяктуу жосунсуз жоруктар орун алган. Жок дегенде эки жолу абакта кармалган кишиге противогаз тагып, алар эстен тангыча абаны токтотуп салган учур катталган.

Айбек аттуу оштук 25 жаштагы өзбек жигит аны туугандары паралап жатып эптеп абактан бошотуп алышканын айтат.

Хюман Райтс Уотч уюмунун билдиришинче, улуттук азчылыктын өкүлдөрүнө карата мындай терс мамиле аймактагы кырдаалды ого бетер туруксуздаштырышы ыктымал.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун “Азаттыкка” курган маегинде эмне үчүн өзбек улутундагылар көбүрөөк кармалып жатканын мындайча түшүндүрдү:

- Анткени, жанагы маалелерди текшергенде, башка жерлерди текшергенде, өзбек улутундагылардын өкүлдөрүнөн (милицияга) көбүрөөк каршылык көрсөтүлүп, куралдар табылып, анан аларды (милицияга) текшертпей, ушундай тоскоолдуктар кылынган деген маалыматтар бар да. Ошон үчүн аларды көбүрөөк кармаганга мажбур болушуп атат да. А, бирок, милиция кызматкерлеринин курамында кыргыздар көп болгондуктан, өзбектерди кармаганда, (тартип сактоо кызматкерлери тарабынан) улутчул жагдайлар болуп кеткен учурлар да бар да, чынын айтыш керек мунун.

Ал эми Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев болсо Хюман Райтс Уотч уюмунун сынын четке кагып, камакка алуулар зомбулук менен коштолбогондугун айтып, мындай жалган маалымат кырдаалды курчутууга шыкактай турганын эскертти:

- Мына, мечиттерде (элдешүү жыйындарын) өткөзүп атабыз, айыл өкмөттөрдө өткөзүп атабыз, аксакалдарды чогултуп алып. Мына ошолор айтып атат да: «Ушуларды токтотпойсуңарбы, чачканыңарды калпты!» депчи. Бул (жалган маалымат) эки элдин кыжырына тийип атат. Ушуну окуп алат экен, анан кыжырланып эле: «А-а, бизден көп өлүп кетиптир, бизден аз өлүп кетиптир» дешип эле эки эл өкүлдөрү кайра кыжырланып, булар кырдаалды кайра курчутуп атышат да. Жазса, келип көрүп алып анан объективдүү жазыш керек да.

Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева болсо Ошто өзбектер эле эмес, кыргыздар да зомбулукка учураганын белгилеп, ошол эле учурда тартип сактоо кызматкерлеринин орой мамилесин ооздуктай албаган азыркы кыргыз бийлигин да сынга алды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: шоке каяктан: москва
16.07.2010 20:50
Беканын созуно кошулам.Роза эже тезирак ойлонуп ишти озубуз карасак болот.андижандагы тополонго ким киришти эчким. себеби президенти озуно ишенет.биздикилер кун карама озунун башы жок .

кимден: debi каяктан: bishkek
16.07.2010 17:52
Роза эже, биздин укук коргоочулар, чын эле УКУК КОРГООЧУ болсоңор бул уюмдун айтканы бир беткей, калыс эмес экенин далилдеп, көрүнүктүү далил менен элге жарлык кылып, уяткарып, эскертип туруп, эмне үчүн озубуздун олкодо туруп ошону кыла албайсыңарбы? башка олкодон келип алышып, такталбаган маалыматтарды олуп-чолуп алышып эле биздин уналгыдан буткул элге сайратып турасыңар! Эл арасын ого бетер козутуп! Бул айколдук эмес, бул - эноолук, жалдырамалык!

кимден: Бека
16.07.2010 02:05
Укук коргоочуларды кармап туура эмес такталбаган маалымат берсе жоопко тартпайсынарбы!
Роза эжеке УБАКТЫЛУУ президент болгонунузга 1 ай али боло элек, элди эмитен нааразы кылып каяктагы жоруктарды баштап жатасыз?. Эң негизгиси кыргыз эли өзүнүн башы өзүндө экенин билдирип (ВП өз башынар өзүңөрдөбү текшергилечи) чет өлкөлүктөргө, өзүбүз чечим кабыл албайлыбы? Кеч боло электе. Болбосо нааразычылык күчөп Бакиевди 5 жылда кууп жиберген эл сизди 5 айга да жеткирбей койбосун!
АКШны башкага караганда Роза эжеке жакшы эле билип калышыныз керек эле. Алардын өзүнүн кызыкчылыгы башка баардык нерселерге караганда биринчи орунда турат эмеспи, алар дос дегенди билбейт, жөн гана деловой партнер боло алышат (өздөрүнө пайдалуу болсо жабышат болбосо жок) анан эмне эле ошолордун айтканын кылып айланбаш болуп жатасынар?
Мобул тынч жаткан элди дүрбөтүп анна нейстат деген укук коргомуштарды Кыргызстанга киргизбей эле коюш керек. Америкага барып Гуантанамадагы кыйноолорду изилдесе да өмүрүнүн аягына чейин жетет.

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
15.07.2010 17:37
Кыргызстанда болуп жаткан нерсе бул ички мамлекеттик проблема, муну Кыргызстан озу чечет жана ага байланыштуу кучу бар, Тышкы полицейскийлерди киргизсе Кыргызстандын эгемендуулугуно шек доо кетет жана аброю тушот, ошондо учунчу жанжал чыгып кетиши мумкун, андыктан сырткы ортомчулардын кереги жок. Т.Уметалиева сиз короалбастыкты токтотпосонуз болбойт.

кимден: Абдалы. Юрист. каяктан: Бишкек
15.07.2010 16:43
Кичине көздү чоңураак ачып карачу болсок, АКШ менен ЕС ушул учурду колдонуп Кыргызстанга кирип келип, тамыр саюуну көздөшүүдө, кантип эле ушуну эл түшүнбөсүн, түшүнүп эле турабыз, буга жол бербөө керек. Өзбекстанга тамырларын саяа башташты эле, Ислам Каримов буну түшүнүп калып тезинен кууп чыкты.
Өзүңүздөр чечим кылып көрсөңүздөр: Ооганстандан канча мөөнөттө чыгып кетебиз дешти эле, эстесеңиздер, бирок даагы эле жүрүшөн. Иранда да ушундай эле.
Эгерде АКШ менен ЕС келсе, терскерсинче келүүчүлөрдү жактырбаган аймактагы бүт «вахабчылар, ИДУ» ж.б. топтор күчтөрүн Кыргызстандагы ошол «душмандар»га жумшашы мүмкүн. Биздин жакын союздаш кошуналарыбыз келбей эле, каяктагы «бүткүл дүйнөлүк жандармиялар» келебиз деп жатышат. Мен каршымын буга. СУРАНЫЧ, ҮНУЛГЫДАН УШУЛ МЕНИН ОЮМДУ БУТКУЛ ЭЛГЕ УГУЗУП КОЙСОҢУЗДАР. Ырахмат. Адилеттүү болуңуздар дайыма.

кимден: baxa каяктан: moscow
15.07.2010 16:42
Kyrgyzstanda Chet eldin kabarchilari jana kalp ele adam ukugun korgomysh bolyp EKI eldin ortosuna ot jagip jyrgondorgo Tez arada tiyuu salinishi kerek. Okuya jyryp turganda meyli KYRGYZ okmoty legimdyy emes bolup turdu. Azir emi bir chekesin korsotyp Kabarchilardi jana Bey okmot okuldorun bir tartipke chakirip koyboyby?
Kyrgyztandin ichki ishterine jana atayin kuch kizmatarinin iliktooloruno ech kim kiykilishpoosy kerek. Kyrgyztan Azir EGemenduu olko katari duynogo Taanilip turat. KYRGYZ KALKI BIRIMDYY UYUTKUULU TUBOLUKTUU KALK.

кимден: gul каяктан: Bishkek
15.07.2010 16:28
men tushunboim emne uchun, Aziza, Tolikan ekoo ele Kyrgyzstanga ozbekter gana jabir tartip jatat dep, elaralik polociya kerek dep chechip koyushtu, emne uchun alarga Amerika, Evropa ishenet, birok bizdin kuch organidarinin, ombudsmendin aitkan sozun ech maani bersihpeit. Emne Kyrgyzstanda ushu eki ayal ele ishenimduu bolup kaldi boldu, alar dayima yzy chuunu cnonoitup, jabirtip alip anan kuchotup jibersihet. kyrgyz eli uchun kaygy mun, al emi ayrim adamdar uchun akcha jana sensatsiya.... Chet olkoluk grantarga ishtegenderge ishenbeim, men oiloim alar oshol akcha bergenderdin kizikchiligia ishteshet jana bul jerde albette alar Kyrgyzstanga dagy koburook koz karandy bolushu alarga kerek. Bizge bul kerekbi birok? Ekinchiden, chindikty jazish kerek da Kyrgyzstanda kim chin ele japa chegip jatkanin, bir jaktuu ele jaza berbei, menin oymcha eki el ten jabirkadi, birok emne uchun bir taraptuu ele jazishat tyshynboim, okuyani izildesh kerek, bul jakta politikalik oyndar da bolushu mumkun, mina 28June'da The Times of Central Asia gazetasi (14 bet, 1 July 2010) ozbekter ozu jashagan territoriyaardi uzbekistanga otkozuu jonundo suraganin jazat. Bul emne jani ele chikkan ideyabi?.... Uchunchudon, ar bir kilmishker oz jazasin tartish kerek, alardin ulutu da, dini da bolboit. Alardi chin ele erkeletpei, abdan katuu charalardi korsotush kerek, boldu jetishet, kim kaalasa ele kochogo chigip tash yrgytyp, tartip kirgizish kerek srochno, militsiya jaksy ishteshi kerek. Men bizdin militsiayani tolugu menen koldoim. Kyrgyzstanda tartip bolushun kaalaim...

кимден: Мигрант каяктан: Москва
15.07.2010 16:21
Укук коргочуларга такыр ишенбейм, эн биринчи оздорунун укугун коргоп алышсын, акыйкатчы Акун озу уйго бекинип саясаттан упай топтойм деп

кимден: Медер каяктан: Талас
15.07.2010 16:15
Мен бир гана нерсени айткым келет биздин укук коргоочу эжелерибизге!!! Эсинер барда этегинерди жапкыла!!!!! Кыргыз элинин тагдыры силердин акча таап жей турган маселе эмес!! Азыр мамлекетибиздин коопсуздугу, келечеги биринчи орунда туруш керек!!! Андан кийин, элибизди толук элдештирип, тынчтыкты орнотуп алып, өндүрүштөрүбүздү, айыл чарбасын жакшы жолго койуп алгандан кийин гана укук коргосонор болот. Ар бир бандиттин укугун коргоп жатып кыргыз элибиздин, мамлекетибиздин кендирин кесип албагыла! Азыр укук коргой турган убакыт эмес. Азыр мамлекетибизди коргой турган убак!!! Ким мамлекеттин келечегин ойлобой, ушундай өткөөл мезгилде акча тапканга аракет кылса булар кыргыз элинин, мамлекетинин накта душмандары! Алардын ишин убактысынча токтотуп койуш керек, чет элден алган акчаларына арест салып.

кимден: Мусулман каяктан: Мечиттен
15.07.2010 15:27
Биздин эл кудайдан, динден алыстап митаамчылык менен кун коруп калдык-ко? чынында эмне болгонун? ким кимдин уйун орттогонун? анан бул чет олколуктордун айткандары чындык экенин бардыгыбыз тушунуп эле турабызго, болгон иш болду мезгилди артка кайтарып болбойт, кудайга тообо кылалы: биздин элдин куноосун кечир деп. Мынча болгон кудайсыздыкка АЛЛАНЫН жазасы бар. Бейишке ОЗБЕК же КЫРГЫЗ же АРАП деп киргизбейт, бейишке ыймандуу, мусулман кишилер кирет. Мазлум-зомбулук корогон кишиге АЛЛАХТЫН рахматы, Заалым-зомбулук корсотаон кишиге АЛАХТЫН жазасыбар. ИНШААЛЛАХ.

Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)