Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Р.Шаботоев - өлтүрүлгөн бешинчи депутат


Р.Шаботоев "Азаттыкка" маек куруп жаткан кези
Р.Шаботоев "Азаттыкка" маек куруп жаткан кези

Ички иштер министрлиги мындан бир жыл мурда дайынсыз жоголгон Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин болжолдуу сөөгү табылганын билдирди. Ушуну менен Р.Шаботоев 2005-жылдан бери киши колдуу болуп көз жумган бешинчи депутат болгону калды.

Руслан Шаботоев 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.

2008-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарындагы “Майкл” кафесинде отурган Руслан Шаботоевди түнкү саат үчтөр чамасында белгисиз бирөөлөр тышка чакырып кетип, ошол боюнча депутат дайынсыз жоголгон.

Азыр болсо ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы кечээ күнү Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылынын аймагында алдын ала болжол боюнча Руслан Шаботоевдин сөөгү табылганын жарыялашты.

Аталган башкармалыктын жетекчи орун басары Эшмырза Азимжанов “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, учурда суракта жаткан Жумабек Зикирбаев аттуу айыпкер депутатты жок кылышканын толук мойнуна алганын, сөөк кайсы жерге көмүлгөнүн өзү көрсөтүп бергенин билдирди. Ошондой эле айыпталуучу Ж.Зикирбаевдин көрсөтмөлөрү боюнча дагы башка адамдарга да кылмыш иши козголуу алдында турат. “Анын негизинде депутатты жок кылууну буюрткандардын изине түшүү мүмкүн” дейт ал.

Э.Азимжановдун айтымында, табылган сөөктү алдын-ала Р.Шаботоевдики деп айтышка бир катар негиздер болду:

- Эми биздин бул табылган сөөктү Шаботоевге байланыштырып атышыбыз мындайча... Бизде бул иш боюнча айыпкер болуп турган Жумабек Зикирбаев өзү айтып, сөөк көмүлгөн жерди көрсөтүп атат. Андан тышкары сөөктүн колундагы сааты Шаботоевдин саатына окшош чыгып атат. Ошол себептүү багытту ушундай алып атабыз. Эми бул алдын-ала айтылып атат. Толук тастыктоо алгандан кийин ошондо айтабыз, биздин айткандарыбыз туура жа туура эмес экенин.

Бийлик саясатын сындап келаткан Социал-демократтар фракциясынын катарында депутат болуп турган Р.Шаботоев эл алдында көп эле жолу Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп калганын айтканы бар. “Азаттык” үналгысы менен болгон соңку маегинде ал бийликтегилер үй-бүлөлүк башкаруудан баш тартпай турган болсо, алар менен күрөшкөн оппозициядагы бирден-бир саясатчыга айланарын айткан эле.

Мындан улам Р.Шаботоевдин өлүмү түздөн-түз саясий буюртма деген сыяктуу ой-пикирлер айтыла баштаган болчу. Социал-демократтар фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруусу Иса Өмүркулов бул тууралуу мындай дейт:

- Бул негизи чоң трагедия. Ал жөн эле жаран катары гана эмес, биздин парламенттеги коллегабыз эле, партиялашыбыз эле. Жашы боюнча дагы абдан жаш, иштей турган курагы эле, өзүнүн салымын кошо турган убагы эле. Тилекке каршы кечээ табылган сөөктү алдын-ала Шаботоевдики деп атышат. Муну эми генетикалык экспертиза да аныкташы керек. Анан албетте баары такталгандан кийин биз өз оюбузду айтабыз. Бул маселени башынан эле көтөрүп келатабыз, аягына чейин көтөрөбүз. Бул кылмыш иши боюнча Ички иштер министрлиги тергөө-иликтөө иштеринин баарын биздин фракцияга тааныштырышы керек.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Исабековдун пикиринде, акыркы жылдары депутаттарды өлтүрүп кеткен учурлар көбөйгөнү чочулоону жаратат. Бирок депутат Р.Шаботоевдин өлтүрүлүшүнөн саясат издөөнүн кереги жок:

- Шаботоев эгерде чындыгында өлгөн болсо, анда бул өлтүрүлгөн бешинчи депутат болуп калат. Мен мурунку, үчүнчү чакырылыштагы парламенттин да депутатымын. Ошондо үч депутатыбызды ит аткандай атып кетишкен. Мына азыркы чакырылышта да депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти. Эми Шаботоев да өлтүрүлгөн болсо, бул бешинчи болуп калат. Ошол себептүү сөзсүз түрдө өкмөтүбүз тез чара көрүшү керек. Эгер саясий кызматта турган саясатчыларыбызды өлтүрүп кете беришсе биз кайда барабыз. Бирок мындай саясат кылбашыбыз керек. Мисалы, Санжар Кадыралиев социал-демократтардын мүчөсү эмес болчу да. Биздин “Ак жол” партиясынын мүчөсү.

Р.Шаботоевди өлтүргөнүн мойнуна алды делип жаткан Жумабек Зикирбаев Өзгөн районунда 1972-жылы туулган. Тергөө органдары ал жетектеген чакан кылмыш тобу Кыргызстандагы бирден-бир криминалдык лидер болуп турган Рысбек Акматбаевге баш ийип турганын айтышууда. Ишти тергеп жаткан башкы тергөө башкармалыгы азырынча тергөө амалдары уланып жатканын айтып, бул иш боюнча сурала турган жаңы ысымдар боюнча маалымат бербей турганын билдиришти. Ал эми табылган сөөктүн кимдигин аныктоо иштери бир айга чукул созулмакчы.

XS
SM
MD
LG