Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:35

Кыргызстан

Бычактын мизиндеги өмүрлөр...

Швецияда бозгунда жүргөн журналист Сыргак Абдылдаев коомчулукка ачык кат менен кайрылды. Ал өз катында маркум депутат Руслан Шаботоевди кимдер өлтүрткөнүн билерин, ошондой эле Медет Садыркулов, Сергей Слепченко, Геннадий Павлюктун өлүмдөрү бири-бирине байланыштуу экендигин айткан.

Сыргак Абдылдаев бычакталып, ооруканада жаткан убагы. 2009-жылдын март айы.
Текст көлөмү - +
Журналист Сыргак Абдылдаев өз кайрылуусунда эки жылдан бери ооз ачпоого аргасыз болуп келаткан маалыматтардын аз гана бөлүгүн ачыкка чыгарганын баса белгилейт. Кесиптеши Геннадий Павлюктун өлүмү ачык кат жазуусуна себепчи болгонун айткан журналист, өзүнүн бычакталышы менен мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун, аналитик Сергей Слепченконун жана журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнүн байланышы бар экенин айтат.

Ошондой эле ал Социал-демократтар фракциясынын депутаты болуп турган Руслан Шаботоевдин өлүмү саясий буюртма экенин жана иликтөөлөрүнүн негизинде ким аны буюртканын түшүнгөнүн белгилейт.

Айта кетсек, былтыр 13-мартка караган түнү Бишкектин четинде өрттөнгөн “Lexus LX 570” маркасындагы авто унаа табылып, ичинен күйгөн үч дене чыккан. Кийин ал күйгөн денелер мурдагы президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов, мурдагы эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймоновго таандык экендиги аныкталган.

Ырасмий версия боюнча ал үчөөнүн өлүмүнө “жол кырсыгы” деген аныктама берилип, алар отурган унааны сүздү делген “Audi 100” унаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов 12 жылга эркинен ажыратылган.
Ушул аралыкта 26 кылмыштын ичинен, бүгүнкү күндө тогузу сотко берилди. Бирок соттордун бардык чечимдеринин жыйынтыгына караганда, бир дагы жерде ошол кылмыштар кесиптик ишмердүүлүктөрүнө байланышканы көрсөтүлгөн эмес.
М.Конгантиев

Оппозиция өкүлдөрү болсо булардын өлүмүн бийликтен көрүп келишет. Анткени, бийликтен кеткенден кийин М.Садыркулов оппозиция өкүлдөрү жана эркин журналисттер менен жолугушууларды өткөрө баштаган эле.

Эми С. Абдылдаев дагы табышмактуу өлүмдөрдүн четин ачып, М. Садыркулов анын “21 кылым” аттуу оппозициялык интернет долбоорун каржыламакчы болуп жүргөнүн айтып чыкты. Ошондой эле ал Алматыда жок кылынган журналист Геннадий Павлюк да М.Садыркуловдун өлүмүн иликтеп жүргөнүн, аны өз оозунан укканын айтат.

Кыргызстанда саясий ишмерлер менен катар эркин журналисттерди да өлтүрүү, сабоо фактылары көбөйүп баратканы тууралуу жарандык коомчулук, эл аралык уюмдар да тынчсызданууларын билдирип келатышат.

Ал эми тергөө-иликтөө органдары жогорудагы фактылардын көбүн тоноо иретинде жасалган катардагы кылмыш катары баалап келишет.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, 2005-жылдан берки журналисттерге кол салуу фактылары тууралуу буларды айтат:
Молдомуса Конгантиев

- Ушул аралыкта 26 кылмыштын ичинен, бүгүнкү күндө тогузу сотко берилди. Бирок соттордун бардык чечимдеринин жыйынтыгына караганда, бир дагы жерде ошол кылмыштар кесиптик ишмердүүлүктөрүнө байланышканы көрсөтүлгөн эмес. Мен да айтып кетишим керек. Булардын бардыгы эле журналисттердин кесибине байланашкан деп айта албайм. Анткени, бардык кылмыштар түн ичинде, жумуштан кийинки маалдарда болуп атат. Анан алардын көбү уюлдук телефондорду, күрмө, тумактарды тоноо сыяктуу мүнөзгө ээ.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү, “Улуу Биримдик” партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаевдин пикиринде, чет жерде жүргөнү менен Сыргак Абдылдаевдын өмүрүнө дале коркунуч бар. Ошол себептүү ал билгендеринин бардыгын толук айта албай атат:
Эмил Каптагаев

- Өзү журналист катары тапкан материалдарынын көбүн чыгарган жок. Азыр да болсо ал өз өмүрү үчүн кооптонуп отурат. Менин оюмча, Сыргактын айтканындай бул өлүмдөрдүн байланышы бар. Ал байланыштын баары келип эле бүгүнкү түзүлүп калган бийлик режимине такалат. М.Садыркулов болобу, Г.Павлюкпу же Сыргак өзүбү – булардын бардыгынын кыймыл аракети, журналист же саясатчы катары ишмердүүлүктөрү азыркы бийликке каршы болуп атпайбы. Сыргак айтып аткан байланыш ошол.

Эскерте кетсек, былтыр 3-мартта “Репортер-Бишкек” гезитинде иштеген журналист Сыргак Абдылдаевди ошол эле гезиттин редакциясынын алдында, кечки саат жетилерде бычактап кетишкен. 21 жолу бычак жегенине карабай ал тирүү калып, ооруканадан чыкканында да коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгон. Кийинчерээк чет жерден баш калка сурап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ички иштер министрлиги 2005-жылдан бери журналисттерге кол салган 26 факты катталганын, алардын дээрлик басымдуу бөлүгү жөнөкөй тоноо максатында жасалганын айтууда. Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин эсебинде ал сан эки эсе көптүк кылат жана алардын көбү журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Билим каяктан: Москва
01.02.2010 19:26
Сыргактын каты "Centrasia.ru" сайтына чыккан.

кимден: Eldar каяктан: Talas
30.01.2010 13:53
Туура сүйлөгөн тууганына жакпайт

кимден: Саламалик каяктан: Ош
30.01.2010 09:59
Бакиев Президент болгондо Конституцияны кармап: "Кыргызстанын ар бир жаранынын укугун жана өмүрүн коргойм" - деп ант берди эле. Азыр ошол антынын бири жок. Кичине эле сындап койгон кыргыз жаранын бийлик баса калып же камап жатат. Президент өзү баш болуп ушундай иштерге жол берип жаткан соң башкаларынан нени күтсө болот.

кимден: Асылбек каяктан: Бишкек
30.01.2010 08:39
Илим мырза, абдан талылуу маслени козгоптурсуз.
Сыргак чет өлкөгө чыгып кеткенине карабастан, өзүнүн иликтөөлөрүн ачыкка чыгара албай отурат. Бул эмнеден кабар берет? Бийликтин деңгээлинде же оппозициялык лагерде болсун ыпластыктардын мол экендигинен жана алардын ресурстарынын кенен экендигинен кабар берет. Укук коргоо органдарында саясий буйрутмаларды, экономикалык кылмыштарды, журналисттерге кол салууларды ачууга техникалык жана адамдык ресурстар толук жетиштүү. Бирок, тилекке каршы алардын көпчүлүгү мыйзамдуулукуту камсыз кылуу далбасын көрсөткөнү менен, иш жүзүндө ар кыл топтордун кол баласына айланышкан. Кайсы учурда көздү жума калыш керек экендигин мыкты өздөштүрүшкөн. Ак үйдүн жетинчи кабатынан тартып, Кыргызстандын ар бир айлына дейре руханий тазалануу кыймылы башталышы зарыл. Биз абдан кирдедик. Саясатчылар элди ирээнжитип бүттү. Бизге руханий лидер зарыл. Балким Азаттык радиосу ушундай бир кыймыл, долбоор баштаса, жаңылануунун башаты болоор беле. Үн кошкула.

кимден: Марат
30.01.2010 07:50
Ал катты каерден окусак?Дареги барбы?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)