Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:34

Эл үнү

Подполковник Г. Абдурахманов жиндиканага которулду

Жалал-Абаддын Топурак-Бел ашуусунун айланасындагы адам өлтүрүүлөргө катышы бар деген шек менен кармалган милициянын отставкадагы подполковниги Гафуржан Абдурахманов Кызыл-Жардагы психикалык ооруканага которулду.

Текст көлөмү - +
Облустук милиция муну оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан адамдын акыл-эсин текшерүү иш-чарасы менен байланыштырууда. Ошол эле учурда серепчилер андагы башаламандык боюнча башкы көрсөтмө берүүчүнүн ал жакка которулушу тергөөнүн будамайланышына же соттук чечимге таасир этиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

Бишкек-Ош жолунун Топурак бел аймагында адам өлтүрүүлөрдү уюштурган жана кишилерди барымтада кармаган деген шек менен июль айынын аягында милициянын подполковниги Гафуржан Абдурахманов, полковник Баходыр Жалалов жана Усманжан аттуу адамдар кармалган. Аларды кармоого барымтадан бошонуп чыккан жабырлануучунун көрсөтмөсү негиз берди.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаевдин айтымында, "Билайн" компаниясынын Топурак-Белде колго түшкөн кызматкеринин аялына барымтачылардын жашырылган номерден телефон чалуусу анын тирүү калышына себеп болгон.

- Күйөөсү үчүн акча талап кылгандардын жашырылган номерин мобилдик оператордон аныктап туруп, кайра чалып, ким бул десе Гафуржан деп атын айтып алат. Андан кийин ал "мени телефондон билип калышты, бир нерсе болсо мени кармашат" деп барымтадагы баланы коё берели дейт. Анан аны "айтсаң кайдан болсун кайра кармап туруп жок кылабыз" деп коркутушуп, тирүү коё беришкен. Булар ага чейин ашуудагы жолдон өткөн унааларды тосуп алышып, аткылап, адам өлтүргөн кылмыштуу топту жетектешкен деп шектелип жаткан эле.

Мындан бир жума мурун кармалган адамдардын ичинен Гафуржан Абдурахманов Кызыл-Жардагы жин оорулуулар диспансеринин абак бөлүмүнө которулду. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда Гафуржан мындан бир жыл мурун жин оорулуу катары каттоого турган. Анын тергөө абагынан психдиспансерге которулгандыгын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы катчысы Таалайбек Сусунбаев тастыктап, бул чараны оор кылмышка шектелип жаткан адамдын акыл-эсин текшерүү үчүн болгон тергөөнүн адаттагы аракети катары мүнөздөдү:

- Алар өздөрүн жин оорулуу катары көрсөтөбү же жокпу анын мааниси жок бул жерде. Ким гана болбосун оор кылмышка шектелип жатса аны ал жакка алып барып акыл эси жайындабы же жокпу деп текшеришет. Анан дарыгерлердин бүтүмү чыгат. Анткени эртең сот болот. Анан анын акыл-эси жайында экендигин кантип далилдейсиңер дейт да. Ошондо аны текшерүүдөн өткөрүлгөн деп медициналык документи ишке тиркелет. Ошого керек. Анан ал жакка алып барылгандан кийин бир айдын ичинде акыл-эси ордунда же ордунда эмес деген бүтүм чыгарып беришет.

Учурда жабырлануучулардын талабы менен подполковник Гафуржан Абдурахмановдун акыл-эсинин жайындалыгын текшерүү боюнча жергиликтүү дарыгерлерден турган комиссия түзүлдү.

Саламатыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов бул ишти жеринен барып көзөмөлдөп туруу үчүн республикалык психдиспансердин башкы дарыгерине тапшырма бергендигин белгиледи.

- Албетте бул иш атайын комиссиялык негизде каралат. Мен республикалык психдиспансердин башкы дарыгерин ал жактагы жергиликтүү дарыгерлерден турган комиссиянын ишинин мыйзамдуулугун көзөмөлдөйсүң деп жөнөткөм. Ал киши азыр ошол жакта жүрөт. Комиссия ал жактан түзүлөт. Зарылдыкка жараша аякка кошумча адистерди чакыртыша турган болсо бул жактан жөнөтөбүз.

Анткен менен талдоочулар арасында оор кылмышка шектелип жаткан ал адамдын абактан психдиспансерге которулушу боюнча  күмөн саноолор күч. Алардын айтымында, органдын кызматкерлери жыл сайын милдетүү медициналык кароодон өткөрүлөт. Мындай шартта "болгону бир жыл мурун милициядан кеткен Гафуржан Абдурахмановдун жин оорулуу болуп чыга келиши шектенүүнү жаратат"  дешет серепчилер.
 
“Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков бул иштин артында өтө чоң каражат же таасирдүү күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Мунун артында кандайдыр бир күчтөр болушу мүмкүн. Болбосо мурдатан жыл сайын текшерүүдөн өтүп иштеп жүрүп, кантип эле ошол окуялардан кийин, бир күндө эле келесоо болуп калсын. Эгерде жеңилирек шизофрения же ошого окшош оорусу бар экен деп дарыгерлер бүтүм чыгарып беришсе деле мыйзам боюнча ал сот жоопкерчилигинен бошотулат. Аны сот дарылансын деп кайра ошол жакка жөнөтүп салат. Эң башкысы анын сотко бере турган көрсөтмөсүнүн күчү жоголот. Же ошол боюнча өзү да ошол жактан жок болуп кетиши мүмкүн. Себеби аны ал жакка киргиздирип жаткан жактарга анын көрсөтмөсү коркунуч алып келиши мүмкүн.

"Санпа" пахта заводунун айланасындагы адам өлтүрүүлөргө тиешеси бар деп шектелип жатышкан полковник Бахадыр Жалаловдун жана подполковник Гафуржан Абдурахмановдун жактоочулары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Топурак-Белден түшө бериштеги  "Санпа" пахта заводунун айланасында 12-15-июнь күндөрү он алты адам өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголгон.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: рахмат
14.08.2010 08:48
Азаттык, ушул адамга коз салып бизди кабардар кылып тургула, отуном. аягы эмне менен бутор экен

кимден: Баатыр каяктан: Москва
13.08.2010 22:08
Урматуу азаттыктар!
Адамдар а.а.а.бузулат. Бир топ жыл илгери жалал абад обл советтин төрагасы болуп, сооронбаев деген иштеген,ошол дагы бакиевдин сырдуу таякчасы менен псих больницага жатып , оор кылмыштан кутулган , кийин бакиевдин табакташы ,!-айыл =чарба министрлигинде жооптуу кызматта иштеген , азырда иштеп жатса, керек.ошондой жол менен кутулуу , өнөкөт ооруу эй кыргыз !- эсиңе келчи! Бийлик а .га алданбачы! Суранам.

кимден: Эсен каяктан: Жалал-Абад
13.08.2010 20:42
Мени дагы 12- июнь "Санпа" ПТЗ нын жанында атышкан. Ошол аткандар Сузак РОВД сында камакта. Качан соту болот билбейм.

кимден: Таза кыргыз каяктан: КОРЕА
13.08.2010 18:16
Кылмышкердин акылы соо экенин кылган кылмышынан эле билсенер байкасанар болот, жолго май токконду билген адам акылы ордунда болот

кимден: Баки каяктан: Баткен
13.08.2010 17:10
кимден: Манастын урпагы каяктан: москва
Бекназаров менен Текебаев жок кишини же акаевди соттойбуз деп коюп озулору эл арасында провакация жасап журо беришет. элестетип коргуло мен вице премьер болдум дегенден кийин 2 кундон кийин жарлык чыкты бекназаровго ага кресло керек. калганын баласы жасай берет да. ал эми текебаевге соз жок просто куйосунда ушуларга калган кун. Булардан Акаев мин жолу жакшы болчу

кимден: Кыргыз
13.08.2010 16:48
Псих боло калмай илгери СССР убагындан бери чон кылмыштардан кутулуу бир ыкмалардын бирин.Озгочо мелиция кызматкерлер турмого тушсо жаман болорун билип жинди боло калат,бул эчкимге секрет эмес! Ошол псих болумуш болуп атканын митаамдыгына тангалам,"Уруунун доосу кучтуу болсо, эсин айыпка жыгат" болуп баратат.Милициядан бир жыл мурда кетсе анан шыр эле жинди боло калмакбеле? Ушуга окшогондорду озгочо караш керек жана жарандык коом ушуга окшогондорду озгочо кантролдош керек!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.08.2010 15:28
<Илхом ош.> напиши свой адрес и номер сотового телефона нам стобой срочно надо потолковат

кимден: айка каяктан: ош
13.08.2010 14:36
эмне учун жиндиканага жиберип жатасынар жинди адам ошончо адамды олтуруп качып кеткенге акылы жетеби неге ишке алып жатканда текшербединиз урматту роза эжеке бийликтегилерди алмаштыргандан башка не иш кылып жатасыз жок деенде рамазан айында ош тополонунда набыт болгондорго куран окутуп кетпейсби шайлоо шайлоо эле болуп калды ишиниз же креслого барганда адамдын олуму элдин кыйналганы козго корунбой калабы ойлонун эжеке ойлонун

кимден: Altynai каяктан: jazylbagan
13.08.2010 14:23
Emne Kyrgyzstanda chyndyk birotolo jok bolup ketkengo, adam olturgondun baary ele jindi bolup alsa anda kriminaldar 1000ese koboiot go azyr dele az emes,myndai boloturgan bolso kiin- chereek turmushubuz, kelechegibiz emne bolot? chondor baary ele ozdorun oilop arzan akchalarga satylyp jatyshat,osholor satylgandan kiin emne jindikananyn daarygerleri jon turmak bele akcha berse alarda kypkyzyl jindi degen jyintyk chygarat da. Azyr bisde adam oltyrysh dele ounchuk bolup kaldy akchasy koptor uchun, emne olgondor olup keteberet? olturgondor jindi bolup kalaberebi? Roza ejebiz emne kylyp olturat, ishtegenine 2-ai bolgon bolso 1-ishinin jyiyntygy jok, emne oi menne ishtep jatat tushunuksuz, myndai bolso biz Kyrgyzstandy jogotup koiobuzgo, el uchun janyn kyinap ishtebegender ozdorun bilip kreslo talashpai koiso dele bolmok. Myna Akaev,Bakiev jaman boldu, emi Roza otunbaevachy? kana ozunun jakshylygyn korsotsunchu, kysh da jakyndap kaldy, okuu jyly bashtalyshyna da jarym aidai kaldy, Kyrgyzstan dagy ele tynchyi elek, jashoobuzga garantiya jok, kylmyshkerler baary ele jindi bolup alypatyshat ertege oshol jindilerdin tasiri tiibeibi? Ozunordu oilobosonor da chondor, jash-ospurumdordu oilogula.

кимден: Илхом каяктан: ош
13.08.2010 13:22
Cанпада 16 адам эмес 120 адам олтурулгон. Алардын баары кыргыз улутундагы жарандар. Эмне эле 16 деп атышат, мен тушунбойм. Ушул нерсени жазып коюнуздарды суранам.
Ал эми кармалгар адамдар баары соттолуш керек. Керек болсо 100 жылга соттош керек. Отунбаева эмне кылып отурат? Эмне учун кылмышкер жиндиканага жонотулуш керек?Рахмат.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу