Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:32

Дүйнө

“Москвада жашагың келеби? Кодекске баш ий!”

Жакында Москва бийлиги четтен келип ордо шаарда жашагысы, же иштегиси келгендер үчүн алардын жүрүм-туруму боюнча атайын мыйзам кабыл алууну пландаштырууда. “Москвалыктын кодекси” аттуу документ туурасында орус өкмөтүнүн мүчөсү Михаил Соломенцев “Российская газета” басылмасына курган маегинде айтты.

x
Текст көлөмү - +
Михаил Соломенцевдин айтымында, короонун ичинде кой союп, көп кабаттуу үйдө эт куйкалоо, же шаарда улуттук кийим кийип чыгуу туура эмес. Ошондой эле шаардын көчөсүндө жүргөндө орус тилинен башка тилдерде сүйлөөгө да болбойт. Себеби ордо калаанын айттырбай түшүнө турган эрежелери бар, ошол эрежени бузбоо керек деп айтылат.

Бул демилге иш жүзүндө аткарылышы үчүн диаспоралардын сунуштары чогултулууда. Ошондон кийин “Москвалыктардын кодекси” мыйзамы иштелип чыкмакчы. Бирок Москвада төрөлүп чоңойгондор үчүн анын тийешеси жоктой.

Мыйзам негизинен Кавказ жана Борбор Азиядан келгендер үчүн жазылып атканы байкалат. Кой сою же улуттук кийим менен көчөдө жүрүү, кээде боз үй да тигүү кыргыз жана казак улутундагыларга мүнөздүү көрүнүш. Эгерде кодекстин москвалыктарга да тиешеси болгондо анда көп кабаттуу үйдө арак ичүү, ыр ырдап же кыякта ойноого тыюу салынмак. Бирок мындай тыюу жок.

Укук коргоочулар бул кодекс чет өлкөдөн келгендердин укугун бузаарын айтышууда. Укук коргоочу Светлана Ганушкина буларды айтат:

- Мыйзам немистер, француздар үчүн эмес, мыйзам мурдагы Советтер союзуна мүчө өлкөлөрдүн атуулдарына каршы багытталганы айтпаса да түшүнүктүү. Бул түздөн түз расизм!

Москва шаар бийлиги жаңы кодекске “башка улуттагы адам көчөдө бартып эне тилинде сүйлөбөшү керек” деген жобону киргизүүдө. Ошону менен катар азыркыдай балдарды мектептерде эне тилинде окутпоо да керек деген тема көтөрүлүп жатат. Жободо сабактар эне тилинде окутулса да, ал мектепте сабак аяктагандан кийин гана, эс алуу учурунда болушу ыктымал деп айтылат.

Мындай жобого каршы чыккандардын бири - армяндар диаспора жетекчиси Ара Абрамян:

- Москва шаар бийлигине, Лужковго, Мамдумага кайрылып, мындай эреже киргизерден мурда ойлонуп чыгышын суранабыз. Тыйып салуу оңой иш.

Түндүк Кавказ же Борбордук Азияда дили башка, тили башкалар аралаш жашап аткан өлколөрдө бирдей кийим кийип, бир тилде сүйлөө эрежеси жок. Бул туурасында Москвадагы өзбек жараны Хаимхон Насрединов айтты:

- Ким-кимди кандай кийим кийип, кайсы тилде сүйлөө керек экендигине мажбурлоо, менимче, аша чапкандык. Муну менен дагы бир жолу келгиндерди акыл эси артта калган кылып көрсөтүү аракети.

Коомдук пикирлерди иликтөө борборунун (ВЦИОМ) маалыматы боюнча, москвалыктар үчтөн экиси мигранттар келүүсүнө чек коюуну каалашат. Сурамжылоого катышкандардын 36 пайызы мигранттар менен мамиле «кыйла тирешкен абалда» десе, 15 пайызы «оор абалга жетти» дешкен.

Айрым байкоочулар бул кодекстин артында өз элин, алар менен бирге келгиндерди ооздуктоо аракети жатаарын айтышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: narmat каяктан: batken
28.06.2010 09:31
Moskva emne deshse dey berishsin.birok baardik nersege bir chara tabilat.Sebebi elderdi kanchalik kiskan sayin oshoncho artka ketpey kayra aldin kozdoy ougoo beret!!!

кимден: Мирлан каяктан: Москва
22.06.2010 10:51
Жол ачыкалы! Жол ачкыла, Алихан келетат!!!!!!!!!!!! Ар бир Кыргыз Алихан деген жараныбыздын жазганын окуп койгула. Менин журогумду оорутуп келген орчундуу маселени козгоп чыгаар бир азамат бар экен. Оо-ооо Кыргыз!!!!!!!!! Козунду ач! Алихан атуу атуулубуздун жазганын оку.Кашкайган чындык!!!!!!!!!!!! Ооба, Алихан, туура айтасын!!!!!!!!!!! Парламенттик система - бул биздин Кыргызстаныбыздын Общийстанга айланышына алып келет.Ооба, Алихан, ооба, сенин айтканын чыркыраган чындык!!!!!!! Кыргыздын 20 жылдан бери саясатта жургон тын чыкмалары сенин айтканына башы жетер бекен!? Оо-оо Кыргыз, ойлон!!!!!!!!!!! Ички жана сырткы душмандарын кундур-тундур сени жок кылууга иштеп жатышат.Оо-оо Кыргыз, костюму менен галстугу, "причекасы" менен машынасы топ келген, бирок ички дуйносу булганган, Кыргызды такыр суйбогон, кооз суйлоп кыйкырганды гана билген саясатчыларынды эмес, акча табуу учун алыста кыйналып журуп сени ойлогон, Кыргызга куйгон Алихандай азаматтарынды ук!!!!!!!!!! Кыргыздын тагдыры кыл учунда турат. Оо-оо Кыргыз, ойлон!!! Парламенттик система сага туура келбейт.Алихан, алга, Алихан!!!! Бар бол, Алихан, бар бол!!!!!!!!!! Сен куйбосон Кыргызга, мен куйбосом Кыргызга, анда Кыргызстаныбыз туугандарга калабы!?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.06.2010 08:52
Качан биз КЫРГЫЗДАР намысыбызды коргойбуз? кыргызча суйлой баштаган -бул онугуунун бир шарты, анткени биримдик пайда болот, биримдик болгон жерде ынтымак болот! муну кыргыз атамзамандан бери айтып келе атат!

кимден: alihan каяктан: perm
20.06.2010 10:46
mina silerge dagi bir dalil. kim ulutunun kyzykchylygyn elin tilin orkundotso alar biy bolushat. a biz ozubuz kelgile parlamenttik bashkaruu bolup chachyraili. kg dagi tuugandarga biylikti bereli bolusholu. ozubuzdun akilibiz jetishpeyt eken. bashkara albayt ekenbiz dep atabiz. oylon elim.salam kalkym. birinchiden urmattuu azattyk bul menin jazgandarymdy chygaryp koygulachy eger kyrgyz bolsonor. kachan bir masele jazsam chygarbaisynar. azzattyktyn ozbokchosun karagylachy kyrgyzga tiesheluu nedegen nerseler chygyp jatat. urmattuu elim kelgile dagy bir jolu araket kylaly elge tuura maalymat bereli. tuura tushundurolu. kyraakylyk menen karaily referendum maselesine. eger biz parlamenttik bashkaruuga otsok kyrgyz degen ulut chachyrap anan mamleketibiz jogolup kalyshy tolugu menen mumkun. sebebi erten ozboktordon bir ele partiya chyksa alar 600 000 dobushtu daroo ele alat. anan dungandar uygurlar orustar anan kirgizder birikse alarda jok degende 40 protsent dobush alat. anan kayra ele kaimak kyrgyzdar 100 partiya bolup at salyshyp arkim oz tuuganyn je jerdeshin koldop atyp biz ortodo jogotup koyobuz. elim oylonolu bizge prezidenttik sistemadan bashkasi kerek emes. oilop atasinarda e bul jani okmottogulor jyrgatat dep. siler alardy taanyisynargo alar keche ele kim ele. kimder menen ishtep jurgon. oilonolu elim . eldi uguttoylu. alar eldi aldap jatat.

кимден: Нура каяктан: Москва
19.06.2010 22:15
Москвадан ушунчалык тажап чыктым качан кетем,Бир аз бутума турсам кетет элем,Кыргызстанды ушунчалык сагындым

кимден: Нура каяктан: Москва
19.06.2010 22:11
Эгер биз баарыбыз өзүбүздүн өлкөбүзгө кете турган болсок анда Москва бардак болуп кетет,Азыркы учурда кыргыз өзбек тажиктер болгондугу үчүн таза турат бүт кара жумуштарын биз жасайбыз,

кимден: Мен каяктан: Москвадан эле
19.06.2010 19:02
"Озго элде хан болгончо, оз элинде кул бол" деген соз бекеринен айтылган эмес! Кудай буюрса дагы кичине иштеп мындан аркы жашоомо шарт тузуп алсам КЫРГЫЗТАНЫБЫЗДА эле жашайм! Бул деген уже кеткиле дегени да орус туугандардын!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)