Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:29

Дүйнө

Москвадагы жардырууларга Кыргызстан да кыжаалат

Москва шаарынын метролорундагы террордук эки жардыруу кыргызстандыктарды дагы кыйла кыжырдантып, түрдүү ой-санаага салууда. 29-мартта Орусия ордо калаасында жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки сегизде “Лубянка”, андан жарым сааттан кийин “Парк культуры” станцияларында жардыруу болду.

Москва метросундагы "Маданият паркы" бекетиндеги жардыруудан кийин, 2010-жылдын 29-марты
Текст көлөмү - +

Москва метросунда болгон эки жардыруудан кеминде 38 кишинин каны төгүлдү. Эртең менен эл жумушка шашып бараткан тушта “Люблянка” жана “Парк Культуры” станцияларында жанкечти аялдар жардырган бомбадан дагы 64 адам жарадар болду. Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников жанкечтилер Түндүк Кавказдан болушу мүмкүн деген божомолду айтты.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин бир кызматкери жарылуу болгон жерде жүрүп, тилекке жараша жаракат алган эмес.

Кезинде Москвадан жогорку билимге ээ болгон, азыр Кесиптик-техникалык билим берүү агенттик деректиринин орунбасары болуп иштеген Жапаркул Ташиев Москва метролорундагы жардырууларды жүрөк сыздап кабыл алгандыгын, өмүрү кыйылгандардын жана жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок деген маалыматка канимет кылганы менен – орустар, орусиялыктар деле бөтөн эместигин эскертти.

Андан кийин биз Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровго байланышка чыктык. Ал Москва убактысы боюнча саат 15теги маалымат боюнча кыргызстандыктар кырсыктан тышкары экендигин, ага карабастан ооруканалардан кабар алып, тизмелерди териштирип жатышкандыгын, кыргызстандыктар чогуу турган жерлерде түгөлдөшүү иш-чаралары өтүп жаткандыгын белгиледи. Элчинин айтуусунда, элчиликтин бир кызматкери ишке келатып метродогу жардыруунун бирине күбө болгон. Бирок эч кандай жаракат алган эмес. Аты-жөнүн беймаалым калтырууну туура көрдү элчи.

Москва метролорундагы террордук жардыруулар кавказдык мусулман аялдар тарабынан жасалгандыгы айтыла баштады. Азырынча алардын аты атала элек.

Жагдайга байланыштуу Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жумановдун пикирин сурадык.

- Ислам бул – тынчтыктын дини. Чыныгы исламды тутунган адамдар мындай ишке эч качан барбайт. Адам өлүмдөрү кыйылган жерлерде эле “Ислам террорчулары!” деп жатып калышат. Мусулман болсо да – ошол кишинин өзүнүн атын айтыш керек. Ал жалпы ислам динине кепилдик өтө албайт.

Коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов террордук иштерге мусулман аялдардын арбын тартылышы адат болуп бараткандыгын, соңку жылдары Иракта, Пакистанда, Индияда, Ооганстанда андай нерселер арбын жолуканын, кезинде Раджив Гандини дагы, апасын дагы аял террорчулар, жанкечтилер өлтүргөндүгүн айтты.

Бишкек шаар тургуну, журналист Нурбүбү Бөдөшева окуя туурасындагы жарыялар диний араздашууларды күчөтүп ийбесе деген тилекте:

- Москва өкмөтү муну мусулмандар жасашты деп уламдан-улам айтып атканы туура эмес. Москвада азыр мусулман динин тутунган кыргыз, казак, өзбек сыяктуу улуттар арбын. Орустун жаштары, жылаңач патриоттору ошолорго чабуул жасашы да мүмкүн. Ошондуктан мусулмандар, мусулмандар дей бербей – кылмыш жасаган адамдардын өздөрүн айыпташса...
 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Ногой каяктан: Уйдон
01.04.2010 17:28
Окендер терористер деп, оздору спец операция жасап (ФСБ колу менен оз элин олтуруп) анан оздорунун максатарын он эсе ашырып, бийлигин бекемдеп жатышат. Окендердин бийлигинде чон чатак бар жана чон сыр бар. Ата бабаларыбыздын созу "орус менен дос болсон, ай балтанды ала жур"

кимден: Mahabat каяктан: USA
30.03.2010 18:26
Салам Абдуллах, рахмат, бирок мен бул китепти (Коран. Перевод смыслов и комментарии Иман Валерии Пороховой. -8-е изд. -М.: РИПОЛ классик; 2006. -800 с. ISBN 5-7905-4086-4. Текст перевода одобрен высочайшей комиссией Научно-исследовательской Исламской Академии Аль-Азхар. Каир, 42 от 22.03.1997 УДК 28-24, ББК 86.38 К66. ) душмандардын колунан эмес Мечиттен сатып алгам мусулмандардын колунан.
Ушул убакkа чейин жакшы ачып деле караган эмес экенмин гечетен бери ачып окуп ошол жанагы 9-суроонун аяттарын таап чыктым. Анан дагы эмне учун бул китепке ишенбей сенин айткандарына ишенуум керек, алар Аль-Азхар Академиасы аркылуу гарантия берип жатышатго бул чыныгы Кудайдын созу экенине, а сен кайсыл академия аркылуу гарантия бересин озундун создоруно??
Мухаммед (С.А.С.) пайгамбардын омур жолу жонундо китебин издеп таппадым кыскача вариянттары гана бар экен инетте, а жон сатып алганга бул жерде билбейм кайсыл китепканада андай китептер сатылат, эгер жакшы китебин (душмандар тарабынан которулбаган) билсен, линк берсен абдан ыраазы болом.

(e-mail: mahabat_usa@yahoo.com)

Рахмат, ийгиликтер,,

кимден: RobinguD каяктан: turkiya
30.03.2010 17:58
(Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин бир кызматкери жарылуу болгон жерде жүрүп, тилекке жараша жаракат алган эмес.)
Bul jerde menim4e kata jazilip kalgan. "Tilekke karwi jerine", "Baktyna jarawa" sozu koldonso jakwy bolmok.Sebebi,tilekke karwy degende al adamdy kaap olboy kaliptir degen maani 4ygyp kalat eken.

кимден: Abdullah каяктан: Arabiya
30.03.2010 12:55
Salam Mahabat.Sen kurandi jakshi tushunuu uchun Paygambaribiz Muhammet S.A.V din omur bayanin jakshilat okup chiksan,islamda jihat emne ekenin tushunosun. Kuraandin islam dushmandar tarabinan kotorulgan maanisin okup adaship jurbo. Kuraandin maanisin toluk paygambaribizdin jashoosunan tushuno lasin.Bul jardiruunun ech islamga tiyeshesi jok,sebebi paygambaribiz sogushunda aldinan chikkan kuralchan dushmanga gana karshi sogushat ele. Kala berse aybandardi olturuugo da,daraktardi kiyuuga da tiyuu salgan. Paygambaribizdin omur bayanin okup chiksan islamda jihat emne ekenin jakshilap tushunup alasin.

кимден: Mahabat каяктан: USA
30.03.2010 11:39
Саламатсыздарбы,
мен Куранды каттуу окуп кирдим бугун себеби чындыкты издеп жатам, биздин динибиз тынчтыктын дини деп айтылып келинет бирок 9-суро Курандагы бут эле джихад жонундо экен.
Жана Муратаалы ажы Жумановго суроо бергим келип турат эгерде мусулман дини тынчтыктын дини болсо, анда Куранда айтылган 9-суронун 29, 73, 84, 123-аяттарын тушундуруп беринизчи, бул аяттарды Имам Валерия Порохованын Куран китебинен алдым.
( Сражайтесь с теми, Кто не верует в Аллаха и Последний День и не считает запрещеным то, что недозволено Аллахом и посланником Его, И с теми из людей Писания (Святого), Кто Истины религии (Аллаха) не признал. (Сражайтесь с ними) до тех пор, Пока они вам дань платить не станут своею собственной рукой, в смирении покорном. (Коран, 9:23),
О пророк! Веди суровую борьбу против неверующих и лицемеров и против них непримиримым будь. Жилищем им пристанет Ад-Приют зловещий для неверных. (Коран, 9-сура, аят:73),
И никогда ни об одном из них, кто умер, не молись и (на молитву) при его могиле не вставай,-Ведь он (при жизни) не уверовал в Аллаха и посланника Его, Сей мир покинув нечестивым. (Коран, 9:84.),
О вы, кто верует! Сражайтесь с теми из неверных, Кто близок к вашим (очагам), И пусть они найдут суровость в вас, И знайте, что Аллах лишь с теми, Кто гнева Господа страшится. (Коран, 9:123.) Коран, Перевод смыслов и комментарии Иман Валерии Пороховой, 8-е изд., Москва-2006.)
Анан тан калыштуусу ушул 9-суроо Бисмиллях.. деп Алланын ысмы менен башталбаптыр.
Алдын ала чоон рахмат,,

кимден: Mahabat каяктан: USA
30.03.2010 07:00
Утром, включив радио, услышал о двух взрывах в метро. Безусловно, это теракты. Это больно и ужасно! Это кощунственно - убивать и калечить ни в чем не повинных мирных граждан. Но еще более кощунственным прозвучало мнение одного из звонившего о том, что «это дело рук спецслужб»! И что это злодеяние сделано для того, чтобы еще больше «закрутить гайки» «распоясавшемуся» обществу, посмевшему критиковать и даже требовать отставки Путина!... В последующих передачах, а также по телевидению подобное мнение высказывалось и другими гражданами.

Вначале был шок от услышанного - разум не желал воспринимать подобную мысль. Но, поразмыслив немного, пришлось согласиться, что и этот вариант возможен. Вспомнились взрывы жилых домов в Москве (и не только) и «учения» в Рязани, где спецслужбы были схвачены с поличным... Мы помним трагедию Беслана, куда террористов сопровождал какой-то майор милиции, а правда о том событии до сих пор не обнародована... Мы помним трагедию на Дубровке, «Норд-Ост», где около 1000 наших граждан были цинично принесены в жертву амбиций отдельных весьма влиятельных лиц, а ответственные лица, допустившие массовые жертвы, были награждены орденами (кстати, террористы, организованно прибывшие в здание театра, убили 3-х человек, а наши «спасатели»допустили гибель 129 человек, а по другим данным - 174 человека). Все эти события были использованы властью для ликвидации многих законных гражданских прав граждан и для увеличения как финансирования, так и численности силовых структур.

Вполне вероятно, что это очередная акция отмщения со стороны Чечни, Ингушетии, Дагестана..., где наши «доблестные силовики» проводили «контртеррористические» операции и «зачистки», в результате которых во многих случаях страдали мирные жители, женщины и дети. Результаты таких непродуманных действий силовиков неоднократно аукнулись нам многими терактами в Москве и на транспорте. И конца этому не будет до тех пор, пока мы не изменим свою политику в отношении народов Северного Кавказа. А нам все мало - сейчас нам и Грузия еще не нравится!...

Если в результате нынешних терактов последуют призывы к власти об ужесточении и «закручивании гаек», к увеличению финансирования силовых структур, лично у меня не останется и тени сомнения, что эти взрывы - дело рук самих спецслужб. Движение общества к изменению неэффективной, коррумпированной системы путинской «вертикали власти» нарастает. Требования ухода Путина звучат со всех сторон, из всех слоев общества, даже из его ближайшего окружения. В этих условиях нынешняя власть может решиться на любые провокации и злодеяния, лишь бы остаться у власти...

Доверия к нынешней власти у многих граждан уже не осталось.

http://newsland.ru/News/Detail/id/481250/

кимден: Mahabat каяктан: USA
30.03.2010 06:33
Salam kairadan, kechiresizder men zhana adashyp berip koupturmun web sayttyn daregin www.islam.ru emes, http://www.kavkazcenter.com/russ/ eken ushul zherde orustardyn chechenderge kylgan mamilesi zhonundo surottoru menen maalymat bar.
Iygilikter,

кимден: Азаттыктар!
30.03.2010 04:06
Урматтуу Азаттыктар! Бул коррупция деген ажыдаар эми кыргыз банктарын талкалай баштаптыр.Мына бир мигрант 'Золотая корона' боюнча акча салса,кимдир бироолор жасалма документ жасап,Ошто алып коюптур.Тиги пресс.кжда журот.Ушул окуя тууралуу кенен материал бериниздер! Кантип акча салышты да билбей калдык!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.03.2010 01:21
Мерт болгондордун жакындарынын кайгысын кудай жеңил кылсын. Орустар эми мусулмандарды күнөөлөшү мүмкүн. Себеби апрель айында көчөлордө таз баштар пайда болушат. Эми бул ансайын таздардын кыжырын кайнаты шы мүмкүн. Мен Москва шаарында иштеп жүргөндөргө этият болуу керек деп айткым келет эле!

кимден: argen каяктан: moskva
30.03.2010 00:20
rossianin saiasaty begilyy ele bolup kaldi ushundai ishterdi jasap musulmandardi elge jaman korgozyp jatat bul jardruunu ozdory ele jasagan, echkachan bul jardruunu musulmandar kilgan emes.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)