Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:28

Эркиндик

Орусия: Милицияны сындаган Дымовский куугунтукта

Өткөн жылдын этегинде орусиялык милициянын ишиндеги былыктарды коомчулукка игтернет аркылуу ачыктаган милициянын майору Алексей Дымовский кызматтан четтетилди. Ал өзү жашаган жерден эч жакка кетпестигин билдирип, тил кат жазып берген. Краснодар крайынын Новороссийск райондук соту болсо 23-январда мурдагы милиция майорун камакка алуу тууралуу чечим кылды. Бул маалыматты Орусиянын прокуратурасынын тергөө башкармалыгынан тастыкташты.

Мурдагы орус милиция майору Алексей Дымовский видео тасмада. Анын ары жагында Орусиянын өкмөт башчысы В.Путин сыналгы аркылуу жалпы калкка кайрылууда. 2009-жылдын 3-декабры.
Текст көлөмү - +

Алексей Дымовскийдин үстүнөн кызмат абалынан пайдаланган жана алдамчылыкка барган деген кинелер менен кылмыш иштери козголду.

Кыскача тарыхы

Дымовский мырза былтыр (2009-жылы) YouTube интернет барагында жарыяланган видео тасмасында Новороссийск ички иштер бөлүмүндө милиция кантип мыйзам бузуп, кантип кызмат абалынан пайдаланып жатканын ачык айтып чыккан эле. Кийин аны «ушак таркаткан» деген айып менен тартип сактоо органынан бошотуп ийишкен.

Өткөн жылы ноябрь айынын этегинде ал кездеги милициянын майору Алексей Дымовский Интернеттин YouTube барагынан видео тасмада сүйлөп, өлкөнүн премьер-министри Владимир Путинге жана өз кесиптештерине кайрылган.

Ал жерде орусиялык милиция жааты кантип паракорчулукка барып атышканынын бетин ачкан айрым мисалдарды келтирген.

Ошондой эле милицияны кол толгоо жолу менен жок жердеги кылмыштын жопкерчилигин алуу үчүн карапайым кишилерди мажбарлап атат деген доо камтылган.

Ал калган кебин Путин менен жолукканда айта тургандыгын да кыйыткан.

Маселен, ал жерде Алексей Дымовский мындай деген:

- Ишти аткарууда алдын ала түзүлчү план мени тажатып бүттү. Бизге алдын ала эле мобул кишилерди камоо керек деген көрсөтмө берилет. Кишилерди кармоо үчүн атайылап аларга жалаа ойлоп таап, анан кармайбыз. Ошол да мени тажатып бүттү.

Анын жолун жолдоочулар

Ошондон соң Дымовскийди туурап Интернет аркылуу ич күптүлөрүн айткан башка да орусиялык милиция кызматкерлери көбөйгөн.

А демилгечи Дымовскийди болсо жергиликтүү милиция жетекчилиги «ушак-айың жайылттың» деп күнөөлөп кызматтан айдаган.

Өкүмөт башчы Путин да бул «козголоңчуну” кабыл албай койгон.

Жөн гана кызматтан айдалбастан, былтыр декабрь айынын этегинде Дымовский мырзанын үстүнөн митаамдык кылган, ага кошумча кызмат абалынан пайдаланган деген кылмыш иштери козголгон.

Мурдагы милиционер “акмын” дейт

Бирок Дымовский ал айыптар өзүнө жалган жерден тагылганын белгилеп, доолорду мойнуна алган эмес.

Маселен Рейтер кабар агенттигине берген жообунда ал: «Мен моюнумда кандайдыр бир күнөөм бар экенин сезбейм» - деген.

Дымовскийдин адвокаты Сергей Губарь мырзанын айтканына караганда, мындай жорукту бийлик атайылап жасап атат:

- Бийлик милицияда калган абийири бар кызматкерлерге жыландын башын чыгарып, аларды коркутуп атат. «Эгерде система буюргандай иш аткарбайт экенсиңер, анда силер да Дымовскийдин кейпин кийип каласыңар» деп атат.

Коомчулуктун тынчсыздануусу

Орусия коомчулугу тартип сактоого чакырылган полиция (милиция), тескерисинче, кайра тартип бузуп, карапайым кишилерге ыдык көрсөткөн учурлар үчүн кабатырланууда.
 
20-январда, маселен, Орусиянын Сибирдеги шаары Томскиде журналист Константин Поповду жергиликтүү милиция өкүлдөрү токмоктоп, жарым жан акыбалда таштап койгон экен, ал эсине келе албай атып акыры мерт болду.

«Томская неделя» басылмасынын баш редактору Александр Деев:

- Эң өкүнүчтүүсү, томскилик журналист (Поповду – ММ) мыкаачылык менен милиция кызматкеринин өлтүрүшү – аймакта биринчи жолу болуп аткан жорук эмес.

Жергиликтүү серепчилердин айтымында, Орусиядагы милиция кызматкерлеринин арасынан кылмыш ишине анын мыйзамсыз жорук экенин алдын-алда биле туруп баргандардын катары артып барат.

Анын бир мисалы катары алар жакында эле милициянын мурдагы майору Денис Евсюковдун дүкөнгө кирип барып үч кишини өлтүрө атып, алты кишини жарадар кылышын эскеришет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тыным каяктан: Москва
25.01.2010 03:14
Авторитардык бийлик коррупцияланган чиновниктердин күчү менен сакталып турат. Бечара Дымовский аны түшүнбөй, коррупцияга каршы чыгып жатпайбы. Илгери да Сталин элди күнөөсүз өлтүрүтүп жатканда ага эл кат жазышып чындыкты издеп чыркырашчу экен. А Сталин күлүп, тамекисин тартып отура берчү экен. Азыр да ошондой. Путин
коррупцияга каршы чыккан адамды каматтырып койду.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)