Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:28

Дүйнө

Кара түтүндүн кучагында калган Москва

Москвада аба ырайы буга чейин тарыхта болуп көрбөгөндөй ысып кеткенинен ар кайсы жерде өрт чыгып, набыт болгондордун саны эки эсе өстү. Москва шаарын каптап жаткан түтүн 11-августтан тарта азая турганы күтүлүүдө. Орусия боюнча ала келгенде 500дөн ашуун токой өрттөндү. Аны өчүрүүгө 150 миң киши тартылды.

x
Текст көлөмү - +
Москвада терезени ачууга мүмкүн болбой калды. Себеби үйдүн ичин жыты уу, каалгыган кара түтүн каптап калууда. Аны тазалоо мүмкүн эмес, ошондуктан элдин көбү каалга-терезесин ачпай отурушат. Бирок үйдүн ичи ысып, киши тердеп, айла кетүүдө.

Абанын температурасы болуп көрбөгөн көрсөткүчкө жетип, 40 даражага жетип, абадагы уулуу заттардын аралашмасы демейдегиден 6 эсеге арткан. Орусиялык окумуштуу Александр Гинзбург буларды айтат:

- Циклон жана анын каршысындагы циклонго көз салуу башталгандан бери балким жүз жыл болор, буга окшогон кубаттуу циклонго каршы көрүнүштү Европа жана Орусиянын европалык бөлүгүнөн байкай элек болчубуз.

Орусиялык өрт өчүрүүчүлөрдүн да айтымында, өлкө тарыхында мурда болуп көрбөгөн алаамат менен кармаш жүрүүдө.

Мурдатан айтылып келаткандай, Москванын айланасы саз келгендикен анын жээктери жалаң чым жерлер. Ошол чымдардын эки кулачтай жер астынан түтөп күйүшү уулуу жыт, куду көңдүн жытын эске салган ачуу жыт менен сасык түтүн ордо калаанын арасын каптап атат. Аны айдап кеткидей лып эткен жел болбогондуктан тургундардын айласы кетүүдө. Малчы Михаил Шляпников буларды айтат:

- Короз чакыра албай каркылап калды, тоңкулдактар теректерге коно албай жатат, жолдун таманында өлгөн канаттуулар толуп жатат, балыктар боорун агартып сууда өлүүдө.

Талдоочулардын баамында, токойдогу өрттү өчүрө турган адистер жокко эсе. Ошондуктан анын милдетин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз мойнуна алып, маселен, Орол тоонун тегиндеги Снежинск шаарынын жанында токойдон чыккан өрттү өчүрүүнү ийгиликтүү аткарышкан. Снежинск шаарында өзөктүк куралдарды сактоо борбору жайгашкан.

9-августта Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу эми ордо калаанын жанында күйүп аткан чымдарды өчүрүү керектигин айтты:

- 11 миллион москвалыктар түтүн менен уулуу жыттан аябагандай чарчашты, ошондуктан бирге чогулуп бул алааматтан аларды куткарышыбыз керек.

Ал арада Москва шаарынын көчөлөрүндө баскан адам аз. Көпчүлүгү бет кап тагынып жүрөт. Ал эми шаардын ичин каптап жаткан түтүндүн жыштыгынан кээде терезеден карап, аркы тамды көрүүгө мүмкүн эмес.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өз чөнтөгүнөн 12 миң доллар каражатты өрттөн жабыр таркан жарандарга жөлөк пул катары бере тургандыгын билдирди.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Замир каяктан: Баткен
10.08.2010 16:59
Бул да болсо кудайдын каары Пакистанды,АКШнын туштугун суу каптоосу Маскванын токойлойрун орт каптоо булар баары алланан ошондуктан Кудайдын барына жана анын элчиси Мухаммед С.А.В. ишенуу менен мусулманчылыктын беш парзын аткаруу. Ошондо кудай кырсыктан сактайт. Бул кураанда корсотулгон 18-алааматтын бирлери болуп саналат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)