Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:26

Дүйнө

Орусия: Коммунисттер Сталиндин туулган күнүн белгилешти

21-декабрда Орусиянын бир катар шаарларында коммунисттер Сталиндин туулган күнүнүн 130 жылдыгын белгилешти. Москвада Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов катышкан митинг өттү. Кремлдин дубалынын алдындагы Сталиндин бейитине гүл чамбар коюлду.

Кремлдин дубалынын алдындагы Сталиндин бейитине гүл чамбар коюлду.
x
Кремлдин дубалынын алдындагы Сталиндин бейитине гүл чамбар коюлду.
Текст көлөмү - +
Белгилүү жазуучу Александр Солженицын жана башка бир топ адамдар Сталиндин бийлиги өкүм сүрүп турган маалда курман болгондордун санын териштирүүгө аракет жасаган. Ошол маалыматтарда ачарчылыктан көз жумган жана атылгандардын саны он миллиондоп саналары айтылат.

Бирок коммунисттик жаштар союзу Борбордук комитетинин биринчи катчысы Александр Батовдун айтымында, бул сандар ойдон чыгарылган. Анын белгилешинче, ошол кыйын күндөрү эки миллион киши набыт болгон. “Алардын көпчүлүгү өлкөнү индустриалаштыруу маалында жана Экинчи дүйнөлүк согушта каза тапкан”, деди Александр Батов.

Сталинден кийин бийликке келген Никита Хрущев 1956-жылы Коммунисттер партиясынын жыйынында Советтер союзунун мурдагы жетекчисин катуу сындап чыккан. Ошондо Хрущев Владимир Ленин өлөр алдында Сталинди “орой жана кыйкымчыл” деп сыпаттаганын эскерген.

Кезинде Хрущевдун кеңешчиси болгон Федор Бурлацкий буларды айтат:

- Хрущевдун катасы – Сталин түзгөн системаны сындоонун ордуна анын өзүн сындашы болгон. Андай системанын уландысы Орусияда азыркы күнгө дейре уланууда. Сталин эч күнөөсү жок атуулдардын көзүн гана тазалабастан, алардын ичинен тирүү калгандардын сары изине чөп салып, коркутуп, жүрөктүн үшүн алып жүрүп, акыры муну системага айланткан.

Көчөдө бул тема боюнча пикирлер түрдүү болду. Алардын айрымдарын сунуш кылабыз:

- Согушка карабастан өлкө, мурда түптөлгөн баалуулуктар сакталып калган. Мына ошонусу менен Сталин калк арасында баркталган.

- Менимче, Сталин тар чөйрөдө гана белгилүү. Ал эми жаштар аны дээрлик эскеришпейт.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев сталиндик режимдин миллиондогон курмандыктарын эскерип, буларды айткан:

- Мен өлкө кандай гана мыкты өнүкпөсүн, кандай гана ийгиликтерге жетпесин, бул нерселер адамдын кайгы-муңу жана жоготуулары менен коштолбошу керектигине ишенем.

"Азаттыктын" архивинен: Ата-Бейит: Бабалар салымын урпактар унутпайт

Бишкектин жанындагы Чоң-Таш айлынан анча алыс эмес жерде «Ата-Бейит» көрүстөнү - эскерүү комплекси жайгашкан. Мында 1938-жылы сталинизмдин курмандыгы болгон даңазалуу бабалардын жана чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган. MiT.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Maybach каяктан: London
22.12.2009 11:20
Комунисттер партиясы эч качан бийлике келбейт

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)