Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Москванын метросунда эки жардыруу болду


29-мартта Орусиянын ордо каласы Москва шаарында жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8де “Лубянка”, андан жарым сааттан кийин “Парк культуры” станцияларында жардыруу болду.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, метродогу кош жардыруудан 37 киши өлүп, бери дегенде 70 киши жараат алды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жардырууну жанкечтилер ишке ашырганын билдирди.

Учурда жардыруу болгон станцияларда жабыр тарткандар менен алардын жакындарына тез жардам көрсөтүлүп, Москванын милициясы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө. Ал эми “Спортивная” станциясынан “Комсомольская” станциясына чейин поездер жүрбөй турат.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Владимир Бортников мындай деди:

- Биздин баамыбызда жардыргыч зат – гексоген. Биринчи жолку жардырууда төрт кадак, экинчи жолку жардырууда бир жарымдан эки кадакка чеийн колдонулган.

Орусия прокуратурасынын алдындагы Иликтөө комитетинин өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, жардыруу боюнча кылмыш иштери козголгон.

Жардыруунун күбөсү мындай дейт:

- Качып жөнөдүк, эркек киши бир аялдын жараатын таңып атканын көрдүм, аркасында бир киши өлүп жатты.

Ушул тапта жардыргыч заттар кантип метрого орнотулганы тууралуу кызуу талкуулар жүрүүдө. Мамлекеттик думанын депутаты Виктор Илюхин буларды белгиледи:

- Ошончо көп жардыргыч затты метрого кантип алып киришти? Анысы аз келгенсип бир нече жерде бирдей жардыруу уюштуруу кантип мүмкүн болду?


“Бирдиктүү Орусия” фракциясынан депутат Геннадий Гудков мындай оюн ортого салды:

- Москвада кезектеги кандуу кайгылуу окуя орун алды. Аны, тилекке каршы, биздин атайын кызматтагыларыбыз менен тартип сактоо органдары токтото алышкан эмес.

Москванын метросунда эки жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00

XS
SM
MD
LG