Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 15:21

Эл үнү

Москвада көп кабаттуу үйдөн кыргызстандык кыз кулап өлдү

3-июнда Москвадагы Новомарьинск көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыргызстандык жаран учуп түшүп, каза болгон.

x
Текст көлөмү - +
Ал өз жанын өзү кыйганы айтылууда. “Азаттыктын” кабарчысы Консулдук бөлүмдүн юристи Бакыт Молдожановго буга байланыштуу айрым суроолорду узатты.

“Азаттык”: -
Москвада кыргызстандык кыз өз жанын өзү кыйып, бийик кабаттуу үйдөн секирип кетип көз жумган экен. Ушул чынбы?

Б. Молдожанов: - Ооба, мындай окуя болду. Азыр ошону менен алек болуп атабыз. Бул ишти Новомарьинск ички иштер бөлүмү Люблинск райондор аралык прокуратурага өткөрүп берди. 7-июнда тергөөчү дайындалат.

“Азаттык”: - Набыт болгон кыздын аты-жөнүн айта аласызбы?

Б. Молдожанов: - Ал 1987-жылы туулган Зулпикарова Гузал экен.

“Азаттык”: - Кыргызстандын атуулу бекен?

Б. Молдожанов: - Кантсе да кыргыз го. Зулпукарова деп турат. Бирок аты Гузал экен. Кайсы жерден экени азырынча белгисиз. Тактап атабыз.

“Азаттык”: - Өзү секирип кеткени чын бекен, же кокустук болуппу?

Б. Молдожанов: - Бизде азыр андай маалымат жок. Текшерилип атат. Азыр тактап, сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн туугандарын табууга аракет кылып атабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.06.2010 23:00

кимден: Аида каяктан: Ош сен да келип четин коргонсун да ээ ошн учун озуно контроль бере албай жазгансын да короче каргышын как башына

кимден: тынчтык каяктан: москва
08.06.2010 22:29
Оба Москвадагы кыргыздардын абалы өтө эле оор.2 комнат квартирада 20 адамга чейин жашашат. Кыргызстандын булун бурчунан келген акча таап семя багабыз же иштеп машина алам дегени бар кыскасы баарыбыз жакшы ой тилек менен келебиз бирок тилеке каршы андай болбой жатат.Карасан кыргызымдын жапжаш кыздар бул жактан контроль жок кудай озу берди эч ким билбейт корбойт деген ой менен башка улуттар менен журушот.квартираларда кудай өзу сактасын биринин аяалын бири алып алышат.жаны кыргызстандан келгенде менин кыргызстанда куйоом бала бакырам бар деп келишет анан бир ай өтпөй эле баарын унутуп башка куйөөгөтийип алганы андан көп.Кыскасы каяка баратканыбыз БЕЛГИСИЗ!!!!!!!!!!!!!!

кимден: гульира каяктан: москва
08.06.2010 19:01
Ооба, туугандарын тапкыла. Анткени биздин консулдун колунан эч нерсе келген эмес. Барсан эле, колунду карап турат.

кимден: Roza каяктан: Bishkek
08.06.2010 11:06
ata enesine konul aytabiz! en jaman jurok oorutchu okuya boluptur ustudogu pikirlerdi okup soz kalbadi zeen keyigenden bashka.. Kirgizdar birimduu biri biribizge kuyumduu bololu!

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
08.06.2010 10:59
Эн туура!!!!!!!!!!!!!!!!! Эмне учун Ала-Тоону жердеген Дунган, Корей, Уйгур жана Озбек улутундагы мекендештерибиз жер иштетип жакшы эле жашап, Кыргызстандан кетпей, Кыргызстаныбыздын онугушуно салым кошуп журушот, ал эми Кыргыздарыбыз бир туруп эркектерин, бир туруп кыздарын, бир туруп окмотту, бир туруп ата-энесин куноолоп, ар жакта тентип журушот?????????????? Атин Кыргызым, сага соз жок. Кагылайын Кыргызым, сен оз оюнду эле туура деп туруп аласын, кичине кыйналсан куноолууну издейсин.Куйдай берген мээнди коп иштете бербейсин. Кымбаттуу Кыргызым, сени абдан жакшы коргонум учун, сенин кемчиликтеринди коруп абдан кейиймин.Бар бол, Кыргызым, бар бол, ары бери сузулуп, акыры акылына келерсин.

кимден: Ээх!
08.06.2010 00:10
Ушул шеринени эки качкын Президенттер да бир окуп койсун!!! Мына ушул проблемалар ошол эки качкындын кылган иштеринин натыйжасы!!!

кимден: Конул айтуу каяктан: Алатоодон
07.06.2010 19:34
Он гулунун бири ачыла элек кызыбыздын кумондуу олуму жалпыбыздын арыбызды, намысыбызды ойготуш керек. Куноолууну издештин кереги жок: Заманды, Окмотту, же ата-энелерди.... Куноо бир гана напсибиз: байлык-бийликке кул болуп кеткен ан-сазимибиз. Пулун болсо кулунмун деген идеологиябыз. Турмуш-тиричиликти азыр Кыргызстанда деле жасаса болот. 1 кг. памидор 60сомдон тушпой жатат. 15 сотух жерден кеминде 1500 тонна памидор алууга болот. Эми эсптеп коро бериниз... Калп эле жумуш жок деп наалый бербей ар-намысты, абиийирди, ынсапты деле ойлоп коелу.

кимден: Нурсултан каяктан: а
07.06.2010 16:08
Айка, сенин коз карашын жакты.акылдуу экенсин

кимден: Айка каяктан: аааа
07.06.2010 15:49
Жаткан жери жайлуу болсун, жаннаттан орун алсын.
Абдан окунучтуу окуя болуптур, кудай мындай шумдуктан сактасын. Акыркы убактарда Россия Москва деген кыргыз учун оору болуп калды, мектепти бутуп эле оор жумушка жоноп кетишет, барып эле эркеги улуу аял алат баласы менен, кызы эрге тиет же алданат да ушундай окуяга туш болот, бул корунуш онокот болуп калды. Ата-энеси кыйналган жетпеген турмуштун азабынан жиберет кызында уулунда аларды куноолой бергендин кажети жок, буга окмот да куноолу деп эсептейм, эгерде бизде завод фаврика деген иштеп турса бироонун элинде кул болбой оз элинде иштемек да, мындай урой учурган окуя болмок эмес. Бир мисал айта кетейин, 2010 жылдын январь айында мен иштеген униветситеттен пол жууган эже Москвага кор оокаттын айынан иштегени кетип ал жактан подьезд жууп 6 ай иштеди, 6 ай откондо белинен тура албай грыжа деген оору менен чалдыгып келди тапкан акчасы дарысына каарандабай жетпей калды, эженин айтканы боюнча бир болмодо 12 киши жашап кун корушчу экен, ден соолуктан айрылды эми балдарын кантип багат алар али кичине???? буга ким кунолуу???? окмот деп айтам???? жакшы маяна толоп берсе ооруда олум кордук деген кыргыз учун жоюлмак, айта берсем кагаз бети жетпес силерге айтаарым алыста жургон кыргызым намысты ойлоп чыдамкай болгула! алсыздыкка азгырылбай бекем болгула!!!

кимден: abdullah каяктан: KG
07.06.2010 14:14
Alihan tuura aityptyr, kantse da ozubuz kunoolubuz oshol bolup jatkan baardyk jaman nerselerge, Allah bir koomdu ozgortpoit eger al koom ozun ozgortposo
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу