Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:31

Саясат

Эки коёнду бир ок менен атуу

Конституциялык Сот 21-январда президент сунуштаган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорун карап, жалпысынан аны колдоп берди. Бир гана, президент кызматын аткара албай калган чакта анын милдетин аткаруучуну Президенттик кеңеш тандай албайт, бул жерди оңдоо керек деген корутунду чыгарды. Талдоочулар божомолунда, бул жерде “эки коёнду бир ок менен аткан” саясат жүрүп кетти.

x
Текст көлөмү - +
Учурда иштеп аткан баш мыйзамга ылайык, эгер президент кокустан өз кызматын аткара албай кала турган болсо, анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер ал да аткара албай калса, анда президенттин милдетин премьер-министр аркалап турат. Мындай учурда булар белгиленген мөөнөткө чейин, ыйгарым укуктары чектелүү шартта гана бул кызматта отуруп, президенттик шайлоонун калыс өтүшүн камсыздоосу керек. Ал эми ушундай жагдай түзүлгөн маалда президенттик шайлоо үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүшү шарт.
“Конституциялык Сот принципиалдуу орган экен” дедиртип, ага деле бир аз аброй, имидж берип коюш керек болду да. Бул жерде ошо эки коён бир ок менен атылып атат.
О.Молдалиев


Ал эми президент сунуштаган башмыйзамдын жаңы долбоорунда, мындай жагдай түзүлгөн маалда президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик Кеңеш көпчүлүк добуш менен тандай тургандыгы айтылган. Президенттик Кеңеш ошол эле өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, президенттик институттун жетекчилеринен куралмакчы. Демек анын курамына Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев баш болгон жетекчилер кирмекчи.

Конституциялык Соттун 21-январдагы чечими, президенттин жогорудагы пландарына эч кандай каршы келбейт. Тек гана “Президенттин милдетин аткаруучуну кеңешме орган болгон Президенттик Кеңеш тандай албайт, ал башкача тандалуусу керек” деген корутунду жасалды.

Белгилүү саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Конституциялык соттун чечими техникалык гана кадам болуп, “президент милдетин аткара албай калса, анын милдетин жакындары гана аткарат” деген планга эч тоскоол болгон жок. Тек гана Конституциялык соттун кароосунда сунушталган документтен оркойгон каталар чыгып, аны оңдоо керек болуп калды. Анын үстүнө, Конституциялык соттун аброюн көтөрүп, аны эл алдында калп эле көз карандысыз кылып көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду:

- Бул жерде сунушту талкуулап атканда мүчүлүштүктөр болгонун сезишсе керек. Эми бул жерде оркоюп кала турган иш болуп атат да. Анткени конституцияда мындай нерсе жок. Ал эми жанагыдай өзгөртүүлөрдү киргизгенде ачык эле көрүнүп калат да, ак жип менен тигилгени.

Ошондуктан муну “бир аз жымсалдап жасоо керек” деген ой менен кайра келип аткандагысы. Экинчиден, “Конституциялык сот принципиалдуу орган экен” дедиртип, ага деле бир аз аброй, имидж берип коюш керек болду да. Бул жерде ошо эки коён бир ок менен атылып атат. Болбосо биз Конституциялык соттун ахбалын билебиз да. Эгер шайлоо быйыл өтөт дешсе, быйыл өтөт. Эмки жылы өтөт дешсе, эмки жылы өтөт. Анан “ушундай Конституциялык соттун кереги барбы” деген суроо келип чыгат да. Ошондуктан ушинтип анда-санда принципиалдуулук көрсөтүп туруш керек.


“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, Конституциялык сот туура чечим чыгарды. Депутаттын айтымында, баш мыйзамдын үчүнчү главасынын 52-беренеси ошол бойдон эле калса туура болмок:

- Конституциялык соттун чечими принципиалдуу болду деп эсептейм. Анткени “Президенттик кеңеш чечет” дегендин өзү туура эмес. Конституция боюнча кандай жазылса, ошондой болушу керек. Эгер президент болбой калса, премьер-министр же Жогорку Кеңештин төрагасы, ал да болбосо бийликтин өзүнүн иерархиясы бар да, ошонун негизинде кетиши керек.

Турмуштан сабак алалы деп атпайбызбы. Өткөндөгү революцияда көрдүк го. Президент менен премьер экөө тең качып кеткен. Жогорку Кеңеш да жок болгон ал убакта. Ошондой учурларга, турмуштун бардык шарттарына карата алдын-ала чара көрүп коюшубуз керек.


Эми президенттин мыйзамчы, юристтери баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоордун аталган беренесин кандайча оңдой турганын күтүү керек. Ага ылайык, президент милдетин аткара албай калса анын ыйгарым укуктарын аткаруучу адамды аты гана өзгөртүлгөн ошол эле Президенттик кеңеш тандап калуусу мүмкүн. Талдоочулардын божомолунда, эми кандай болгон күндө да мындай жагдай түзүлүп калса, “парламент төрагасы же премьер-министр президенттин милдетин аткарат” деген аныктамага кайтышпайт өндүү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: bolot каяктан: bishkek
28.01.2010 10:58
iylabaganga emchek jok a kuru soz bok soz. Chyndap ele el tagdyryna kuysonor oy maksatynardy akuydun aldyna el chogultup baryp bildirgile.

кимден: Kesha! каяктан: Borbor
23.01.2010 17:16
Бейшенбек Абдрасаковдун aitkandary bul Bakievdin gana kyzykchylygy. El okuldoru ushunday "KOSHOMATCHY" bolso bashkalar emne kylaly?

кимден: Арген каяктан: Бишкек
23.01.2010 15:32
Айланайындар биз өзүбуздү өзүбүз алдабайлы.Консот-бул бизде формалдуу эле орган да!Качан көз карандысыз иштеди эле-эстегилечи кыкелерим!

кимден: Келдибек каяктан: Россия
23.01.2010 12:06
Бейшенбек мырза, а өткөндө президент менен премьер-министр кимден качып кетти эле, ошону да айта кетпейсизби. Кимдин кишилери Ак үйгө жаалданып кирип барып бийликти басып алды эле. Ошол бийликти басып алгандардын башында ким болгонун да айта кетсеңиз боло, Балыкчы менен Петровканын күнөөсүз балдарын соттоп жаткан кезде.

кимден: Oshol каяктан: Бишкек
23.01.2010 12:02
Ээ замандаштар, жөн эле дүрбөлөңгө түшө бербесеңер. Рахмат дегиле Бакиев Назарбаев, же Каримов, же Түркмөнбашыга окшоп өмүр бою президент болом деп нагло айткан жок. Анда уят бар экен, мына баласын коюп кетүүгө аракет жасап атат. А тиги 3 президент даже бийликти баласына да ыраа көрүшпөйт. Так что сындайт десе эле урдура бербегиле да. Ар бир нерсенин жакшы жагын көргөнгө аракет кылгылачы. Диктатор болгондо ал айтмак билгениңерди кылып алгыла деп. А Бакиев жок дегенде эл менен эсептешип, Сотко жөнөтүп атат. Так что көп эле кыйкыра бербесеңер.

кимден: ыргал каяктан: бишкек
23.01.2010 11:13
Бейшенбек Абдрасаковду кыргыздын чыныгы патриот саясатчысы катары эле билебиз да. Баардык эле саясатчылар ушинтип эле чыныгы оюңарды айтып кое берсеңер. Чындыкка тике эле карасаңар.

кимден: айгуль каяктан: бишкек
23.01.2010 07:01
Бейшенбек Абдрасаков эмне деп айткысы келгенин өзү деле түшүнбөй калса керек. Конституциялык Сот айтпадыбы, президенттик жыйын эмес андан башка структураны түзсөң ошол жарайт деп. Бейшенбек мырза бир аз шашып кетиптир, эми проблема болбосо болду сизге.

кимден: Жалын каяктан: Калифорния
23.01.2010 04:15
Орозбек агай, Кыргызстанда бир ок менен эки коен аткан мергенчилер көбөйүп кетти окшойт. Мергенчилердин колунан Садыркулов, Кыдыралиев ок жеди эле, Павлюк бечарага ок коротпой эле өлтүрүп коюшту. Бу мергенчилерден кантип кутулабыз? Сиз КГБ да көп жыл иштедиңиз эле, айтып койсоңуз бизге жол жобосун.

кимден: Азамат каяктан: Ош университети
22.01.2010 23:24
Эгер Кыргызстанда эн объективдуу саясат серепчиси деген наам болсо
ага Орозбек Молдалиев менен Аскарбек Мамбеталиевди коргозоор элем. Бу кишилердин саясый талдоосу демократиялык баалуулуктарга
негизделген, ошон учун туура жана жугумдуу. Оз ара саясый талкуу болгондо биз ушундай деп чечтик.

кимден: Мерген каяктан: Бишкек
22.01.2010 21:14
Кокус Курманбек Бакиев бирдеке болуп кетсе, кантип Максимди анын ордуна калтыруу керек деп жанталашып жатышат. Орозбек Молдалиев агай аны ачык эле айтып жатпайбы. А биздин Конституциялык сот деген буйлалаган төөгө окшош, кайда тартса ошо жакка кете берет, ляппай деп.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)