Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:28

Кыргызстан

“Ак шумкар” капаска түшүп кала жаздады

23-мартта Ынтымак курултайы болуп аткан Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын алдына келишкен “Ак шумкар” партиясынын айрым мүчөлөрүн милиция кармап кетти. “Ак шумкардын” өкүлдөрү Ынтымак курултайына өз талаптары жазылган кагаздарды таркатууга аракет кылышкан.

"Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрүн кармап кетүү, 23-март.
x
"Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрүн кармап кетүү, 23-март.
Текст көлөмү - +

Бишкектеги Улуттук филармониянын жанына келишкен “Ак шумкар” партиясынын тарапкерлерин саат эртең мененки тогуздарда даяр турган милиция кызматкерлери дароо эле күчтөп автобуска салып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Кармалган жыйырма чакты “Ак шумкарчылардын” арасында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, партия төрагасы Темир Сариев да бар.

Анткен менен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Бекболот Борбиевдин айтымында, чогулгандар мыйзамды бузушканы менен алар менен чогуу эле жүргөн Т.Сариев мыйзамды бузган эмес. Аны милициялар кармабаса деле унаага барып өзү отурган:
 

Кармоо. Филармониянын чыгыш тарабы. Бишкек, 23.03.2010.

- 392-беренени бузгандыктары үчүн алар кармалды. Плакаттарды чыгарып, митинг кылабыз, жүрүш жасайбыз дегендиктери үчүн кармалды. Милиция кызматкерлеринин мыйзам чегиндеги талаптары аткарылган эмес. Ошол себептүү аларды алып келдик. Темир Сариевди эч ким кармаган эмес. Ал өзү эле машинеге отурду. Анын күнөөсү жок.

Кармалгандарды бошотууну талап кылып көп өтпөй 200 чамалуу адам Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына келишти. Ынтымак курултайына келгендер менен жолугуу, аларга талаптары жазылган кагаздарды берүү кылмыш эмес экенин айткандар, электр энергиясы, ысык суу ж.б. кымбаттап, эл турмушу оорлогонун, бирок мамлекет ага көңүл бөлбөй эл байлыгын сатып атканын айтышты.

Укук коргоочулар болсо Темир Сариев көчөгө чыккандарды өзү баштап жүргөнүн, милиция кызматкерлери анын күнөөсү жок экенин, ал эми жанында жүргөндөрү күнөөлүү экенин айтып аткандары таң калтырбай койбосун айтышууда.
 


Акыйкатчынын арачы болуу аракети...

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына чогулгандардын арасынан Чынарбек Сагындыков мындай дейт:

- Буларды бошотуш керек. Жетишет! Ансыз деле баарын сатып бүтүштү. Бизге жер керек, жер. Нарында да жерлерди сатып атышат. Каркыра кетти, Үзөңгү-Куушубуз кетти. Ак сай, Арпа да кетип атат. Бир кесим жер сатылбаш керек эле.

Кармалгандардын абалын көрүү үчүн келишкен Европа коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун Бишкектеги өкүлдөрү ичкери киргизилген жок. Ал эми кармалгандарга кирип чыккан Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, ал ички иштер министри менен сүйлөшкөндө, министр Молдомуса Конгантиев кармалгандарды сотко жеткирбей бошотууга макулдугун берген. Бирок кармалгандар укуктары тебеленгенин айтып, сотко чейин барышарын айтышкан:
 

- Мен Молдомуса Конгантиев менен сүйлөштүм. Мен айттым, “бул балдарды кармаган туура эмес, буларды бошотуп коюш керек” деп министрди көндүрдүм. Ал айтты, “ырас сиз келип аткандан кийин” деп макул болду. Мен кепил болойун деп кайра кирдим. Темир Сариев, Токтайым Үмөталиеваларга түшүндүрүп айттым, “мен кепил болуп атам, бошото турган болушту” деп. Бирок айрымдары макул болгону менен Т.Сариевдер айтып, болбой коюшту. “Бизди кармабашы керек эле. Ушинтип кармагандан кийин сотко чейин барабыз” деп болбой коюшту.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди да кармалгандарга киргизишкен жок. Ө.Текебаев бул кармоолор боюнча БЭК билдирүү жасай турганын айтты:
 
- БЭК бул боюнча билдирүү жасайт. Эми билдирүүдөн башка колубуздан эмне келмек эле. Биз коомдук пикирге таянышыбыз керек. Мындан кийин да ушундай нааразычылык акциялары болуп калса, тилектештикти билдирип туруш керек. Менимче ошол тилектештик, коомдук пикир чечүүчү күчкө айланышы керек.

Кармалгандар 1000 сомдун тегерегинде айыпка жыгылышты


Түш оой “Ак шумкарчыларды” Биринчи май райондук сотуна алып барышты. Кармалгандардын ишин караган сот аларга мыйзамды бузгандыктары үчүн 1000-2000 сомдун тегерегинде айып салып, аларды сот залында бошотту. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиевага карата сот актаган чечим чыгарды.

 “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев милиция кызматкерлеринин иш-аракетин чектен чыккандык, бийликтин элин угууну каалабай калганы катары баалоодо. Ошондой эле ал “акшумкарчылар” соттун чечимине макул эмес экенин, 25-мартта Биринчи май райондук сотунун чечимдерин четке кагуу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдирди. Анын айтымында, “Ак шумкар” партиясы андан кийин түрдүү акцияларды өткөрүшү да мүмкүн.

Булардан тышкары түш ченде “Ак шумкар” партиясынын башка мүчөлөрүн да Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан болчу. Ал эми Ош шаарында бийликке нааразы болгондордун пикети күч менен таркатылып, бир канчасын милиция бөлүмүнө алып кетишкен.
 


“Ак шумкар” партиясы буга чейин эле Ынтымак курултайына өздөрүнүн талаптарын киргизүүнү сунушташарын, ал сунуштарды курултайдын биринчи күнү келип беришерин айтышкан. “Ак шумкар” партиясы бул жаатта беш талапты ортого коюуда: Алар, “сатылып кеткен “Түндүкэлектр” менен “Кыргызтелеком” мамлекетке кайтарылсын, негизсиз көтөрүлгөн тарифтер калыбына келтирилсин, электр энергиясын уурдап, сууну сатып аткандар жоопко тартылсы, президент өз бир туугандарын мамлекеттик чоң кызматтардан кетирсин, Борбордук агенттик сыяктуу мыйзамсыз мекемелер жоюлсун, үй-бүлөлүк башкарууну күчөтчү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам кайра артка чакыртылсын, мыйзамсыз соттолгондор бошотулсун” деген сыяктуу талаптар.




Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kyrgyz каяктан: Chet olko
25.03.2010 03:43
Ali men saga koshulam. Bolbogon akchaga aksakaldy kaisy betiner menen alyp kettiner?
Kaidagy avtobustu da taap algansynar? Turistter uchun avtobus go?
1000 2000 som aiyp salypsynar, kaisy betiner menen?
Baikushtar marionetka bolup kalganynarga zeenim keiit. Militcia degen ilgeri chynygy erkekter ele

кимден: бек каяктан: москва
24.03.2010 23:58
Сөз бийликти кетириште эмес, жеген акчасын туудурушта. Биз силер менен!!!

кимден: Али каяктан: Бишкек
24.03.2010 05:39
Бийлике наалат! Ушул 20 адамдын каеринен коркту,мыйзам бузбаса-кайра өздөрү бузса!!! Бети жоктор десе...Аксакал кишини эмнеге кыйнадыңыздар,урматсыз милиция?Болбогон айлыка ушунчалык берилип иштейсиңерби,милиция?

кимден: Адахан каяктан: Баткен
24.03.2010 03:37
Урматтуу Темир Сариев биз дайым сиз менен бирге,бекем болуңуз,чыныгы эл үчүн күйгөн жан экенсиз!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.03.2010 01:50
Azattyk wep saity, siler gana chyndykty korsosotup turasynar. Elibiz emine bolup kalgan. Militsya bizde jon ele peshka. Jogoru jakta olturgandardy ketirish kerek. Bul bilik bizi kaisyl jaka alyp baratat boldu eken. Men ech nerse kelechekte bul bilikten onugushubuzdu koro albai jatam. Karanygy bir jerde ketip bara jatabyz, bir azdan kiin biz anga tushobuz. Kyrgyz elim oigongula, bugunku kun dep jashabai ertenki jashtar uchun, ertenki karyalar uchun jashaily.

кимден: Кыргыз каяктан: Россия
24.03.2010 00:58
Милициянын ичинен пропаганда жүргүзүш керек, алардын ичинен да аябай көп адам бийликке абдан наарызы болуп турат. Аз калды бул бийликке!!! Иши бүттү.

кимден: Баткен каяктан: фывфыв
24.03.2010 00:48
Т.Сариев элдин кобу сиз менен... бизге маалымат жетпей жатат кайсы жерде чогулуп жатканынардын! Бир эле азаттык таза корсотот экен.. элдин баары чыгат...

кимден: Руслан каяктан: Четжер
23.03.2010 23:12
Азаматсынар, а милицияда интеллигенцияга окшош эле чыныгы адамдар калган эмес. Уйбулонун кызматкерлери баары

кимден: Алтын каяктан: СНГ
23.03.2010 20:36
Бийлике эмне болгон?Закон бузулбаса! Милиция бечара Марионетка болуп бүттү го!!! Ак шумкар туура маселелерди айтып,делегаттарыга жолугайын дешсе,болтурбай...Май басыптыр көздөрдү!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)