Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Басма сөз: Рэкет, Бишкек-Ташкент мамилеси, суу көйгөйү


“Уюшкан кылмыштуулук кыргыз мектептеринде кулач жая баштады” деп жазат Eurasia View интернет баракчасында чыккан макаласында Уиллиям О’Коннор (William O’Connor) аттуу кабарчы.

“Социалдык тартип Бишкектин айрым мектептеринде кадимки түрмөлөрдөгү абалга окшошо баштады. Рэкетчиликтин тизмесиндеги макамына жараша студенттер “братишки”, же “братан” деп аталып, рэкетчилердин мафия үлгүсүндөгү кылмыш топтору менен катышта болгон учурлары катталууда” деп улантат макаласын автор.

Анын жазышына ылайык, мектеп рэкетчилигинин себептери тууралуу көз караштар ар кандай. Атын атабаган бир мектептин жетекчиси Атабаевдин пикиринде, мектеп рэкетчилигинин себеби социалдык жана экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан өлкөдөгү турмуштун бир натыйжасы. “Башкы себеп - экономикалык талам. Балдар бир нерсеге ээ болгусу келет, ата-энелер акча бере алышпаса, алар аны башка жолдор менен табууга аракеттенишет” деп айтат Атабаев. Башкалары болсо, бул жагдайды билим берүү системасынын ыдырашы жана өлкөдөгү коррупция менен түшүндүрүшөт.

“Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжал айрымдар үчүн кычыраган суук, башкалары үчүн кургак жаз дегенди түшүндүрүшү ыктымал” деп жазылат ошол эле баракчада жарыяланган башка бир макалада.

“Орто Азияда табигый газ баалубу, же суубу? Бул суроонун жандырмагын эки жумуруят тез арада билип калышы ажеп эмес” деп улантылган макалада, Өзбекстандын газды бууп салуусу - кыш жакындап келаткан ушу күндөрдө кыргыздарды ойлонтуп жатканы менен, Ташкендин бул жоругу кайра тээп, Кыргызстанды ГЕСтерин өнүктүрүүгө түрткүлөп, Өзбекстанга аккан суунун азайышына алып барышы ыктымал экени белгиленет.

Макалада Өзбекстандын мамлекеттик теле-радио компаниясында иштеген бир кабарчынын “карызыңды убагында төлөшүң керек. Төлөбөсөң газды ала албайсың. Ташкен бул маселеде жөн эле экономиканын мыйзамдарын аткарып жатат” деп айткандары мисалга тартылып, кышкы маал кирип, аба-ырайы сууп бараткан учурда газдын токтотулуп коюлушу, Ташкендин алыста жаткан максаттары тууралуу түкшүмөлдөөлөргө жем таштап жатканын айрым серепчилер Өзбекстандын Кыргызстандын Камбар-Ата ГЕСтерин куруу жана түштүктө өзбек чек арасына туташ аймакта орус аскердик базасын ачуу планына болгон Ташкендин жообу катары баалап жатышат.

The Jamestown Foundation корунун интернеттеги баракчасында Өзбекстандын Борбор Азиядагы бирдиктүү электр системасынан чыгуу жөнүндөгү токтомуна сереп салынып, Ташкендин бул чечими Кыргызстандын ансыз деле баштан кечирип жаткан кыйынчылыктарына жаңы бирин кошо турганын жазат.

Токтогул ГЕСинен иштелип чыккан электр энергиясы Өзбекстан аркылуу Казакстанга барары, Өзбекстан ал электр кубатын кесип салган абалда, Кыргызстандын түштүк жана түндүк аймактарын электр кубаты менен тейлөө мүмкүн болбой калары эске салынган макалада, Ташкендин бул күтүүсүз токтому - Бишкек бийлигин капысынан кармап түйшөлтүп жатканы билдирилет.
XS
SM
MD
LG