Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:23

Кыргызстан

Ынтымак курултайы түркмөндөрдүкүнө окшобойбу?

Президент Курманбек Бакиев 21-январь күнү жалпы элге кайрылуу менен чыкты. Ынтымак курултайынын чакырылышына байланышкан кайрылууда, курултайдын максаттары тууралуу айтылды. Талдоочулар аталган курултай тууралуу түрдүүчө пикирлерди айтышат.

Текст көлөмү - +
Ынтымак курултайы март айында, Нооруз майрамы менен катарлаш өткөрүлөрүн, ага өлкөдөгү баардык жамааттардын өкүлдөрү, абройлуу инсандар топтолорун айткан президент К.Бакиев, аталган жалпы улуттук акыл кеңеши болчу жыйынга баш-аягы 750 делегат кирерин айтты.

Ынтымак курултайына 441 айыл округунан жана 18 шаардан бирден делегат, райондук жана облустук маанидеги 23 шаардын ар биринен үчтөн делегат, Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан жети делегат жергиликтүү курултайлар аркылуу шайланып келишмекчи.
Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес. Бизге жагдайды калыс талдоо жана ар түркүн социалдык, этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусу керек.
К.Бакиев

Андан тышкары Ынтымак курултайына чет жактагы эмгек мигранттарынан 35 делегат, диний конфессиялардан 20 делегат шайланып келмекчи. Ал эми курултайдын 150 делегаты президенттин квотасы аркылуу маданий, коомдук жана илимий ишмерлерден, бизнесмендерден турмакчы.

Ынтымак курултайы тууралуу айтып жатып президент К.Бакиев буларга токтолду:

- Көчүрүп алгыдай даяр чечимдер эч жерде жок. Ошондуктан, элибиздин акыл-ою менен тажрыйбасына гана таянуу керек. Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес. Бизге жагдайды калыс талдоо жана ар түркүн социалдык, этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусу керек.

Т.Акеров: Кийинки президенттик шайлоого даярдык

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, аталган курултайдын түптөлүшү кийинки президенттик мөөнөткө кам көрүүдөн кабар берип турат. Аталган курултай аркылуу жер-жерлердеги уруулардын лидерлерин, таасирлүү адамдарды, акчалуу бизнесмендерди колго алуу максаты жаткандай. Адистин пикиринде, ал гана эмес Ынтымак курултайы убагында Түркмөнстанда түзүлгөн Халк Маслахатындай (Элдик кеңеш) эле роль ойноп калуусу да мүмкүн:

Табылды Акеров
- Карап көргүлө. Буга чейин эмнелер болду? Экономикалык тармактын бардыгы бир түзүмгө, Өнүктүрүү агенттигине баш ийип калды. Банк системасында “АзияУниверсалБанк” негизги ролду ойноп калды. Мына эми Ынтымак курултайы 23-мартта чакырылган турат. Муну кандайдыр бир деңгээлде саясий жактан коомду бир колго алуу аракети десек болот.

Мындайча айтканда, буга чейин болуп көрбөгөндөй коомдук түзүлүштүн түспөлүшү пайда болууда. Ушундай түзүм буга чейин Түркмөнстанда курулган.


Андан тышкары Т.Акеровдун божомолунда, парламенттин бир катар ыйгарым укуктары Ынтымак курултайына берилиши мүмкүн. Кайрылуусунда деле президент ошого кыйытып жаткандай.

Курултайдын мүчөлөрү - айтканды эки кылбаган адамдардан куралары турган иш экендигин айткан Т.Акеров, жаңы президенттик мөөнөт К.Бакиевдин өзүндө же үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринде сакталып калгандан кийин Ынтымак курултайы таркатыларын болжойт.

Ж.Жоробеков: Түпкүлүгүбүзгө кайрылуу, ал жактан жакшы нерселерди алуу...

Ал эми саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун пикиринде, 20 жылга жакын убактан берки жүргүзүлгөн саясат, батыштын өнүгүү моделдерин алуу анчалык натыйжалуу болбостугун көрсөттү. Ошентип ушул мөөнөт кыргыз элинин илгерки тарыхына, түпкүлүгүнө кайрылууга, ал жактан жакшы нерселерди алууга үйрөтүүдө:

- Башкаруу системабыз, ишигылса бардыгы батыштын формасында келатпайбы. Ошондуктан, менин оюмча ушул жыйырма жылдык кичинекей тарыхыбыз - мурдагы тарыхыбызга кайрылып, мурдагы тарыхтагы жакшынакай нерселерди алымча-кошумчасы менен алуу керек деген максат менен, президент ушул Ынтымак курултайын түзүп атат деп ойлойм.

Эми демократия деле ар түрдүү да. Айталы, Малайзия, Индонезия, Сингапур деле өздөрүн демократиялуу мамлекетпиз дешет. Ошол эле учурда батыш өлкөлөрү ошондой дешет.

Мурдагы тарыхтагы жакшынакай нерселерди алымча-кошумчасы менен алуу керек деген максат менен, президент ушул Ынтымак курултайын түзүп атат деп ойлойм.
Ж.Жоробеков

Президент өз кайрылуусунда айткандай, Ынтымак курултайы мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда, тагдыр чечер маселелерди кароодо чогула турчу жалпы улуттук акыл кеңеши болмокчу.

Талдоочулар аталган курултай, убагында түркмөнбашы Сапармурат Ниязов түзгөн Халк Маслахатына окшоп турганын белгилешүүдө.

Айта кетсек, Түрмөнстандын Халк Маслахаты 1992-жылы ошондогу түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун демилгеси менен түзүлүп, элдик бийликтин жогорку органы катары конституциялык орган болуп калган. Халк Маслахатынын жыйындарында кабыл алынган чечимдер түркмөн парламенти менен өкмөтүнүн иштеринин негизин түзүп турган.

Халк Маслахаты С.Ниязовго “түркмөнбашы” деген ат берип, 1999-жылы аны өмүрү өткөнчө президент болуп калары тууралуу чечим кабыл алган. 2006-жылдын 21-декабрында түркмөнбашы жүрөгү кармап каза таап, анын ордуна президент болгон Гурбангулы Бердымухаммедов 2008-жылы Халк Маслахатын жоюп, мажилистин ыйгарым укуктарын кайтарган.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Эсен
24.01.2010 12:06
Жакшы идея экен. Барып, элдин оюн билейли.
Бардыгы эле окшош ойлобосо керек.
Ажо жакшы кадам таштады кыргызча кылып. Жаман эмес, бара-бара жакшы болот туугандар.

кимден: Oshol каяктан: Чуй
23.01.2010 15:23
Сынчы Омор! Эми укмуш айтыпсың! точно сен айткандай болот! Өзгөчө мага "тук" этип уктап алган делегация жакты. Элестетип алып күлүп атам. Анан филармониянын алдында турган автобустарчы... Ужас!

кимден: Марк каяктан: БД
23.01.2010 15:12
Кезектеги "Бакиевди жакшы" деген кампания. Ошондуктан, чакырылуучулардын катарына оппозициянын, БЭКтин өкүлдөрү, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү киргизилбейт. 150 делегатты болсо Президент өзү дайындайт экен. курултайдын төрагасын оргкомитет сунуш кылат. Курултайдын төрагасы, орун басарлары, секретары азыртан белгилүү жана аларга айлык төлөө каралган, ошон үчүн азыр катуу ишке киришишти.
Курултайда болсо даярдалган адамдар "Бакиевдин курсу эң туура, Бакиевди эл колдоп жатат, оппозиция бузукулар, аларды катуу жазалаш керек" маанисинде сүйлөттүрүшүп, чечимдерди кабыл алышат. Бул курултайды өткөрүүгө чыгымдары (делегаттардын жолкиреси, тамагы, жатаканасы, курултайга материалдар ж.б.) деп республикалык бюджеттен 50 млн сом акчаны мойсошот

кимден: MARATIX
23.01.2010 01:30
Ozubekterge kırgız askerin jaradar kilip berip, kazaktarga pansionattardi satip berdiner kim emne dedi. "Urmattuu" Bakiev chininda ele akilduusun birok oshol akilini kirgizstan uchun jumsanaiz jakhsi boloor bele deym da.
"Intimak kurultay" din emne uchun kurulganin baari ele bilet. Bakievderdi jaktagan bir da jorum korbodum. Kayran koshomatchilar bilip turup akchaga satilgansinar go.
"INTIMAK" birdigine oppozisitya da aktivduu ishtep oz adamdarin koshuu kerek antpese baari ele bashin iyip "lappay taksir"dan bashka nersege jarabayt.

кимден: Bek каяктан: Bishkek
23.01.2010 01:26
Ehhhh, Jorobekov baike aman ele bolsun. Emi bular uy-buloluk dinastiyany bekemdoo jolunda baratkany korunup taubayby....

кимден: Nur каяктан: Bishkek
22.01.2010 19:12
Эмнеге эле кошумча бирдемелерди ойлоп таба беришет.
Парламеттегилер эмне кылып жатышат? Деги алардын функциясы эмне?
Эмне үчүн жергиликтүү бийликтегилер ошол 750 киши менен азыр эле кеңешип иштешпейт?
Мисалы 750 киши, 1 жумага курлтайга Бишкекке келсин дейли. Буларга мейманка баасы, 3 маал тамак, ары-берки жол кире, концерт жана шаар кыдыруу деп отуруп бир далай акча кетет. Анын баарын ким төлөйт? Баягыдай эле элдин чөнтөгүнөн төлөнөт да.
Бул акча гана маселеси тууралуу. Ал эми башка маселелерин айтпай эле турайын.





кимден: Омор каяктан: Ош
22.01.2010 18:53
Анда коомдук палатаны эмнеге түздү, бир жыйнтык чыгаргылачы, урматтуу бийликтегилер

кимден: Жакып каяктан: Ош
22.01.2010 18:13
Эми чыныгы курултай болсо элде абройу бар аксакалдар болсо жаштар болсо ай ким билет баягы Акжолдун арзыматтары Акевдин куйруктары Мамакеевке окшогон чалдар келет болуш керек

кимден: Кунболот Бакиев каяктан: Бишкек Ак уй
22.01.2010 17:18
Биз Бакиев мененбиз! Жакшы саясатты баштап жатасыз. Саясатыныз абдан сонун, ушунунуздан жазбаныз, колунуздан келсе жанагы суйлогонун эле баса калып турунуз, курултайды откоруп уулунуз Максимге муруакорчулукту откоруунун этегин чыгарп алыныз. Казактарга жерди сатып койдунуз эле ким не дедиям.
Пансионаттарды бердиниз эле ким баш котордуям. Конуп калды сизге, ыкташып алды баары, кылычыныз колунузда башын ала бериниз.
Курултайда чон маселе, мураскорунузду тоолук аныктаганга шарт бар... Кечиресиз... суйлонузям, сиздики туура....

кимден: synchy omar каяктан: bishkek
22.01.2010 16:50
Talant Myrza, men bul jaka men jonundo syn pikir aitkyla degen jokmun go. Ekinchiden oppositsianu,y koigo tegegen jerim jok "koicho karap tura beret dedim" bul salyshtyrmaluu aitylgan kep. sozumdun arkasyna da turam. byilikti da jaktabaim opposiztsiany da maktabaim.

eki jak ten maga jakpait. oppositsia degen mindai bolboit talant dos. 2 jyldan beri svet ochup jatat eldin atynanan chygyp naarazychylygyn bilidrgen jok. aralarynda keebiroolordun kamalasyna jana jeke kyzykchylgyn korgoogonu kelgende kana achkachylyk jarialap jatyshat bolgonu osho.

oppositasi kuchtu bolboso mamleket kuchtu bolo albait jana byiliktin ishmerdigine ech kim baa bere albait.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)