Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:22

Кыргызстан

К.Бакиевдин башка да аялы жана кичине балдары бар

Кулатылган президент Курманбек Бакиев дүйшөмбүдө үй-бүлөсү менен Минск шаарына барды. Аны Беларус президенти Александр Лукашенко толук колдоорун айтып чыкты. Көптөрү күткөндөй К.Бакиев ал жакка орус улутундагы мыйзамдуу жубайы менен эмес, кийинки аялы жана андан төрөлгөн тогуз жашар кызы, беш жашар уулу менен барды.

Кыргыз эли экс-президенттин бир эле жубайын - Татьяна Бакиеваны эле таанышчу.
Текст көлөмү - +
Мурдагы президенттин ырасмий эмес аялы бар экени мурда эле айтылып жүрчү. Бирок буга чейин ал сыр эч качан ачыкка чыккан эмес эле. Укук коргоочулар мурдагы өлкө башчынын мындай жоругун сынга алышууда.
Үй-бүлөнү биз талаага таштабайбыз. Биз анын балдарын, үй-бүлөсүн дарылайбыз. Эгер жардам керек болсо Курманбек Бакиевдин өзүнө да жардам беребиз.
 А.Лукашенко

7-апрелдеги кандуу окуядан соң качууга аргасыз болгон мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мыйзамдуу бир гана аялы бар. Биринчи жана мыйзамдуу жубайы Татьяна Бакиевадан Марат жана Максим аттуу эки уул көргөн.

К.Бакиев президент кезинде анын мыйзамдуу аялынан төрөлгөн улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп турган. Кичүү уулу Максим Бакиев болсо өлкөнүн Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттигин башкарып, өкмөт башчыдан да чоң күчкө ээ болуп келген.

15-апрелде эл аралык уюмдар, ири өлкөлөр кепил болуп атып Жалал-Абадда бекинип жаткан К.Бакиевди коңшу Казакстанга чыгарып кетишкен эле. Буга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип атып Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, сот жана прокуратура тармагын тейлеген Азимбек Бекназаров, К.Бакиев өлкөдөн кичине балдары жана үчүнчү аялы менен чыгарылганын жарыялаган.

Кечээ Беларус президенти Александр Лукашенко бул маалыматты дагы бир жолу тастыктап, К.Бакиевди жана анын жубайын, алардын тогуз жашар кызы менен беш жашар уулун атайын органдар Минскиге дүйшөмбүдө алып келишкенин айтты:

А.Лукашенко
- Үй-бүлөнү биз талаага таштабайбыз. Биз анын балдарын, үй-бүлөсүн дарылайбыз. Эгер жардам керек болсо Курманбек Бакиевдин өзүнө да жардам беребиз.

Менин оюмча Кыргызстанда абал дагы деле калыбына келе элек. Кимде-ким алакан чаап, К.Бакиев өлкөдө жок деп аткан болсо, жаңылышат. К.Бакиев эч кайда кетпейт. Ал андай адам эмес. К.Бакиев өзүн президент деп эсептейт. Анан дагы эскертип коёюн, ал жактын эли да бүгүн эсине келе түштү.
Мен да бүгүн ушул маалыматты окуп алып төбө чачым тик туруп атат. Эмне үчүн президент тогуз жашар жана беш жашар балдарын ушунча жыл катып жүрдү? Б.Рыскулова
 


Кыргызстандагы укук коргоочулардын айтымында, мурдагы президенттин көп аялы бар экени ачыкка чыкканы, бул маалымат ушул тапта дүйнөгө дүң болуп турганы - Кыргызстандагы аялдардын укугунун али начар абалда экендигин көргөзүп турат.

Аялдардын укуктарын коргогон “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын пикиринде, ансыз да көптөгөн айыптар тагылып аткан К.Бакиевге эми көп аял алуучулук боюнча да кылмыш ишин козгоо керек:

Б.Рыскулова
- Аялдардын укуктары тебеленип атат. Мына, полигамияны мыйзамдан алып салабыз деп атышат. Анда эмне болот Кыргызстанда. Биз анда эмне диний мыйзамдар менен жашап калабызбы. Бирок диний мыйзамдар болгондо да калп айтпаш керек экен да. Биринчи аялынан уруксат сурап, ачык айтып, нике кыйып анан ага барыш керек экен. Бирок ал диний эрежелер биздин баш мыйзамга туура келбейт.

Мен да бүгүн ушул маалыматты окуп алып төбө чачым тик туруп атат. Эмне үчүн президент тогуз жашар жана беш жашар балдарын ушунча жыл катып жүрдү? Эми азыр кетип атканда ушинтип билинип атат. Эми андан кийинкилер эмне кылат?


Көп аял алуу маселесин К.Бакиев президент болуп турган чакта айрым чиновниктер да көтөрүп чыгышкан болчу. Маселен, учурунда Адилет министри болуп турган Марат Кайыпов көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүп ийип, далай кепке калган. “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Б.Рыскулованын айтымында, өлкө башчы болуп турган адам ушундай өрнөк көрсөтүп аткан соң башкаларды айтпай эле койгон оң.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 10 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жодошбек каяктан: Нарын
11.05.2010 15:11
Нарындын Эли менен Алайдын Эли кышы менен митингке чыгып оз талаптарын койушкан Бакиев баш болгон бийлик бул талаптарды уккусу да келген эмес. Оз билгендерин кылып куч менен басабыз дешкек. 7-апрельде толук Элдик которулуш болду

кимден: Эркайым каяктан: Кыргызстан
26.04.2010 15:30
Бакиевдин биринчи аялы барбы экенчи аялы барбы анын уй булолук турмушуна аралашпай, азыр жасап алган курч кырдаалынарды ондобойсунарбы, Ушактарды чубап чыкпай. Эмне азыркы учурда бир аял менен жашайт деп кимди айта аласынар? эч кимди! Баарынын 2-3 аялы бар

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
26.04.2010 11:33
Кыргыздар! Кичине кайсы кылымда жашап жатканынарды ойлосонор? Жалан эмне болсо ошо болсун , аны кылса эмне болот экен деп олтуруп ушу жашоого келдик ко? Американы , Европаны карагылачы Клинтон секретаршасы менен ойноп коем деп авторитети кетип эл алдында , эл оз уй булоосун сыйлабаган адам элин сыйлап жарытпайт деп тактан алып салышты, же башка президентерди деле карасанар эл кандай обсужда тетет... а биз Демократиялык олкобуз деп коюп , ар бир президенттин ишине коз жумуп олтуруп ушул кунго туш болуп олтурабыз! Келгиле анда мейли деп кайра аны алып келели, эч теке болбойт андан деп кыз-карындаштарыбызды кожолорго 2-3 катындыка берели, чогулуп иштеп Бакс менен Макстын катын , балдарын багалы... эмне кыргызга боло берет деп коелу? Биз манкурт буз деп, бизге баары боло берет биз чыдап конуп калганбыз, биздин ишибиз жок эч нерсеге деп коюп жашай берели... ЭХ, кыргыздар качан коебуз кайдыгерлигибизди, тон моюндугубузду? Качан кыргыз патриот болуп элибизди , уй булообузду сылап намыстанып, которулобуз????????? КЭЭ БИРИНЕРДИ ОКУП АЛЫП ИЧ КУЙОТ.

кимден: бай каяктан: ош
25.04.2010 22:17
биз келечекте- тууура, ыйманду, калп суйлобогон, пара албайтурган, салык толочулордун акчасын озунукундой иштететурган, бир аялы бар, адамдарды сайлашыбыз керек. Президенттер, депутаттар, министерлер, мэрлер, акимдер бир моонотдон ашык сайланышы, мумкун эмес.

кимден: Асылбек каяктан: Баткен
24.04.2010 18:09
Президент К.Бакиев сырткы кучтордун курмандыгы болду. Митинг, пикет деген мындай болбойт да. Мурдагы бийликти тактыдан тушуруудо оппозиция айлап-апталап планшеттери менен митингге чыгышып, туш тараптан "Акаев кетсин!" деп жар салышып, ултиматумдарын коюшуп, анан ал окуя онугуп отуруп, 6 ай дегенде Акаевдин качып кетуусу менен аягына чыккан. А азыр кандай болду. Митингчилер Ак уйдун алдына Планшеттин ордуна Куралчан келишти. БТР, аскердик унаалар менен каалганы бузуп кирууго далбас урушту. Бийликтин эскертуу окторуна бир да жалтанып койбой, робот сыяктуу эптеп Ак уйду алууга бет алышты. Акырында Кыргызстанды шерменде кылышты.

кимден: Патриот Кыргыз каяктан: Ош
24.04.2010 11:09
Айран жокто Максым бар - Айдар жокто Максим бар,
Жалалабат(27) жокто Актык бар - Аскар,Курманбек жокто тактык бар,
Ааламда эмне кеп -Өмүрбек,Темир,Алмаз,Роза деген дуу,дуу кеп,
Буларда жесе биздин акыбызды- тарыхтан өчүрөлү кыргыз деген атыбызды.

кимден: Кыргыз каяктан: Ростов
24.04.2010 04:31
К.Бакиевтин балдары барбы жокбу, эки кызы барбы же 5 баласы барбы ага биздин эч кандай тиешебиз жок балдарын ортого кошуунун кажети жок эн негизгиси аны мамлекеттин алдында, элдин алдында жоопко тартуу зарыл. Ал акыркы убакытта иштеген учурдагы кылмыш иштерине жана олкодо болгон кылмыш иштер боюнча толлук турдо корсотмо берип сурака тартылышы керек.

кимден: Арзуу каяктан: Кыргыз
23.04.2010 15:52
Бакиев "ничего" эле симпотный киши болчу башында, кийин эле бир аз толуп обояниесин кичине жоготуп алды. А так симпотичный, богатый, самое главное толковый адам. Анда куноо жок. Баарын кылган Максим менен Жаныш Бакиевдер. Курманбек Салиевич абдан жонокой жана боорукер адам болгон,бирок анын айланасындагы "шакалдар" аны сазга тыгышты. Бакиевдин бир эле туура эмес кылган жери Максим менен ага-инилерин жумушка койгону. Ушундан эн чон ката кетирди. А так ал абдан жакшы, акыйкат жетекчи болчу. генералдарды дагы айланасындагылар бакиевге жамандап, жалган фактыларды алып барып корсотуп анан алар каматышкан. 82 жигиттин өлүмүнө биринчи кезекте Жаныш Бакиев күнөлүү. Ал жооп бериш керек. Ал эми 3-4 аялы болсо ал эч нерсе эмес. Бардык эле бай кыргызда 2-3 катына анан дагы 2 любовницасы бар болот. Эмне Текебаев менен Эркебаев,Сариевдерде бир эле аялы барбы? Аларда да 2ден аялдары 1ден любовницалары бар. Так что аялдар өздөрү каалашса тие беришсин. Аларды эч ким зордоп 2-3-катын бол деген жок. Каждый человек сам выбирает свою судьбу. Кто-то находить своеобразное счастье в свободе,не выходя замуж, а кто-то свое счастье находит как раз таки в гареме. Так что не нам судить.

кимден: Патефон каяктан: Нарын
23.04.2010 15:20
Ушу Бакиев кимдин аялын алып качып кетти экен биз сары аялын эле билчу элек. Балким аялын жоготкондор бардыр аранарда. лукашенко байке сен курманбекке ишенбе калп айтып атат анын аялы татьяна сары чач. бул бирооонун аялы болуш керек балким барымтага алып кетти. кызык а татьяна женебиз кайда?

кимден: zatika каяктан: бишек
23.04.2010 14:41
Бакстын тортунчу аялы, 20 жаштагы, белгилуу жаш ырчы кыз (атасы дагы ырчы) экени,андан бир уулу бар экени чынбы, ким билет, шамал болбосо, чоптун башы кыймылдамак беле?
Жалпы 10 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)