Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:21

Кыргызстан

Т.Какчекеев: Ооганстан тараптан коркунуч бар

“Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегине саясий серепчи Токтогул Какчекеев катышып, Кыргызстандагы коопсуздук маселеси тууралуу айтып берди.

x
Текст көлөмү - +
- Токтогул мырза, Кыргызстандагы соңку кырдаалды кандай баалайт элеңиз? Чочулоолорго, Орозо айы бүткөндө мындай болот экен, тигиндей болот экен деген кеп-сөздөргө негиздер барбы? Деги кай жактардан чочулоолорду күтсө болот? Мурдагы президенттин жакындары тараптанбы? Экстремисттерденби? Маң зат аткезчилерденби?

- Бакиевчилердин бийликке кайра келбестигине көздөрү жетти. Бирок алар эбак маң заттары аткезчилигинин мүчөлөрү болуп калган.

Азыр Кыргызстанды кооптондурган башкы маселе, бул Ооганстан маселеси жана анын кандайча чечиле тургандыгы. Ооганстандан АКШнын жана башка өлкөлөрдүн аскерлери жакын арада кетет. Ал эми Талибандардын негизги максаты Борбор Азияга өзүнүн таасирин жайылтуу. Мурда деле ушул максатта болушчу. Ошол себептүү алар бизге үч жол менен келип атышат. Биринчиси, маң заттары аткезчилиги. Экинчиси, диний үгүттөө жолу. Үчүнчүсү, бул жердеги бийликке өзүнүн өкүлдөрүн киргизүү. Мындай иштерди Ооганстандын диний уюмдары колдоп атат. Керек болсо “Аль Каиданын” көз карашы ушундай.

Дагы бир жагынан алганда арап мамлекеттери өздөрүнө келечектеги конуштарды издеп атышат. Анткени Бириккен арап эмирликтеринин, арап өлкөлөрүнүн күчү мунай заттары түгөнгөндө тайыйт. Алардын мунай заттарынын түгөнүшүнө 15-20 жыл калды. Ошондуктан алар өздөрүнүн диний үгүтчүлөрүнүн аракети менен эртеңки күнү диний коомчулукту, уюмдарды бийликке алып келүүгө аракеттенип, каржылап атышат.

Бул сыяктуу маселелер биздин ички туруксуздугубуздан улам келип чыгып атат. Ушул нерселердин баары бизди бүгүн беймаза кылууда...

- Бүгүнкү кырдаалды так айтыңызчы. Азыркы тапта өлкөдө абал кандай, коопсуздук маселеси кандай болуп турат?

- Жанагы мен айткан күчтөрдүн бардыгы аң уулаган мергенчидей болуп турушат. Эгерде мамлекет өзүнүн алсыздыгын, паракорчулугун, дареги жоктугун көрсөтсө, анда ошол күчтөрдүн ар бири эң биринчилерден болуп бийликке жакындаганга, аны колго алганга аракет кылат.

- Сиз учурдагы өлкөнүн күч структураларынын абалын, бийликтин күч-кубатын кандай баалайсыз? Жана айтылгандай түрдүү коркунучтарга каршы тура алышабы?

- Бул маселе аттын кашкасындай эле баарына көрүнүп турат. Анткени өзүңөр билесиңер 24-мартта жети миң киши, 7-апрелде дагы ошончо киши мамлекеттик төңкөрүшкө катышып, мамлекетти короодо жаткан тепшидей эле тээп салып такка отуруп алышпадыбы. Анан биз кайсы мамлекеттик күч органдарынын, кайсы коргоо министрлигинин же атайын күчтөрдүн жөндөмдүүлүгү тууралуу айта алабыз. 10-15 жылдан бери реформа дегендин баары көмүскө менчиктештирүүгө айланып кеткен.

Биздин күч структураларын реформалоо аракеттери погондорубузду саймалуу кылды дагы, “реформа бүттү” деп туруп погондун учуна түндүктүн сүрөтүн тартып коюшту. Анын ортосунда аскерге барбачулар 12 сомдон берип коюп эле, базар болуп кеткен. Мына аны быйыл алып салышпадыбы. Ошондуктан бүгүнкү күндө баш мыйзамда жазылгандай ата-мекенди коргоочу адамдарыбыз өздөрүнүн жаман кейпин көрсөтүп коюшту.

Мисалы, менин эсебим боюнча Кыргызстандын бийлигин дагы бирөө алам десе, анын баасы 200 миң АКШ доллары жана 12 миң бейбаш балдар болот...

- Дагы бир мындай суроо, кыскараак жооп берип койсоңуз. Сиз жакшы билесиз Грузияда күч органдарын мыкты реформалаган эң жакшы тажрыйба бар. Эгер күзүндө биздин парламент жакшынакай шайланып келсе ошондой реформалар болот дегенге ишеним барбы?

- Грузиянын реформасынын бардыгы тең АКШнын казынасынан келип отурат. АКШ ошол эле Румыния, Польша сыяктуу мамлекеттерди каржылап, элдин көз карандысыздыгын акча менен ушинтип ширеп койгон. Биз эгер АКШнын ушундай жардамын алабыз десек, колу туткак, бузулган адамдарды кетириш керек. Ага дагы көп убакыт кетет.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.08.2010 18:50
Илгери илгери Качикеев жомокчу жомогун жоготуп ийип саясаттан суйлоп калыптыр

кимден: Руся
27.08.2010 11:45
эсимде мындан бир жыл бы же эки жылбы Бишкеке таасирдуу арабтар келип конок болушкан, инвесторлорбу же теологторбу айтор иши буткондо интервью бириштеле. Арапча кийинишкен, акылмандай корунгон адамдар болчу. Анан эле журналистерден бироо суроо узатты бул Орто Азияда исламский халифат орноткон атышат ар кандай кучтор, силер буга кандай карайсынар десе анда алар мыжырайып кулушконун такыр эсимден кетпейт. Алар Ислам динин туура эмес талкуулап анан ага ар кандай маани берип жатканына кулушкон! Какчекеев мырза болсо чынында кулкумуштуу ой айтыптыр. Мен Иранда болгом. Ал жерде кобу бизди киши катары эсетебеерин билем

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.08.2010 08:38
Ха-ха! кулдурбогулочу! арабтар конуштарды издеп атышат дейсинерби?? арабдар озунон башка элди тениде албайт! жер дейсинерби? алар бул жерге олсо да келбейт! кум да эле жашай берет. нефтиси тугондо алар азым кумга конгон алтынды алып чыгып сатышат. 20 жылдын ичинде коп озгоруш болот.

кимден: Максатбек
26.08.2010 11:16
Араптар боюнча оригиналдуу идея, башкалары туфта.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)