Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:20

Саясат

“Төкөр ат” өртү Перм өкмөтүн кызматтан кетирди

Орусиянын Перм шаарындагы “Төкөр ат” (Хромая лошадь) түнкү клубундагы кырсыкка байланыштуу Перм крайлык өкмөтү 9-декабрда өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

"Төкөр ат" түнкү клубундагы өрттө өлгөндөрдү эскерүү. Перм, 2009-жылдын 7-декабры
Текст көлөмү - +
Губернатордун жарлыгына жараша, өкмөт мүчөлөрү тергөө бүткөнчө “милдеттерин убактылуу аткарып” турушат. Жума күнү (4-декабрдан 5-декабрга караган маалда) түнкү

Россия үчүн өкмөт мүчөлөрүнүн өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсү өтө сейрек көрүнүш.

клубда чыккан өрт 124 адамдын өмүрүн жалмаган.

"Төкөр ат" кафеси өрртөн кийин.
Шаршемби күнү (9-декабрда) Перм регионалдык өкмөтү “5-декабрда болгон трагедияга байланыштуу кызматтан кетүүнү чечкенин” билдирди . Ал эми Ишкерчиликти өнүктүрүү жана соода министри М. Биматов, Шаардык курулуш жана инфраструктура министри А. Кудрявцев жана Коомдук коопсуздукту камсыздоо министри И.Орлов иштен айдалды. Мурда өрткө каршы күрөшүү кызматынын бир нече жооптуу кызматкери иштен бошотулуп, төртөө камакка алынган эле.

Соңку маалымат боюнча, “Төкөр ат” түнкү клубундагы өрттүн кесепетинен 124 адам өлдү. Дагы 100дөн ашуун адам ооруканада жатат. Алардын көбү денесинен оор жараат алгандар. Шаршемби күнү клубдун эгелеринин бири Александр Титляновдун көз жумганы кабарланды. Маркумду полиция өрт чыгышы үчүн жооп бере турган адамдардын бири деп жаткан.

Россия үчүн өкмөт мүчөлөрүнүн өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсү өтө сейрек көрүнүш.
Премьер-министр Путин түнкү клубдагы өрттө курман болгондорду эскерип гүл койууда. 8-декабрь.


Перм регионалдык өкмөтү кызматтан кетерден бир күн илгери премьер-министр Владимир Путин шаарга келип, кандуу окуя үчүн ишкерлер гана эмес, аткаминерлер -  чиновниктер да жооптуу экенин көзгө сая айткан.

Крайдын өкмөтүнүн кызматтан чегинишин саясый партиялар “туура кадам” катары баалашты. Либералдык “Яблоко” партиясынын Перм облустук бөлүмүнүн башчысы Ольга Колоколованын сөзүнчө:

- Албетте регионалдык өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтан кеткени же губернатордун аларды бошоткону туура болду. Бул башка жетекчилерге сабак болот жана алар өз жоопкерчилигин түшүнүшөт деп ойлойм.

Перм шаардык администрациясынын башчысы Аркадий Кац жүздөн ашуун адамдын тагдырына балта чапкан окуядан соң кызматта калууга моралдык укугу жок экенин айтып, шаршемби күнү шаардык кеңештен өзүн кызматтан бошотууну сурады.

Коммунисттердин жергиликтүү лидери Владимир Корсун 5-декабрдагы өрттөн кийин крайдын жетекчилиги бири калбай алмашуусу керек дейт:

- Өкмөт бүтүндөй жаңыланууга тийиш. Мындай боло берсе, жалпы Перм крайы (“Төкөр ат” түнкү клубу сыяктуу) “аксак” аталып калмак.

Өрткө байланыштуу Перм крайлык өкмөтү толук алмашабы же жокпу - тергөө бүткөндөн кийин белгилүү болот.

Деген менен, серепчилердин айтымында, регионалдык өкмөттүн өзүнө жоопкерчилик алып кызматтан кетүүсү Россия үчүн жаңы жышаан.

Тасмада: Орусия эли 7-декабрда Пермь шаарындагы «Аксак ат» деп аталган түнкү клубда чыккан өрттөн каза тапкандарды эскерди. Тилсиз жоо 117 адамдын өмүрүн жалмаган.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Адилет Айтикеев каяктан: Бишкек
10.12.2009 15:11
Тилсиз жоо үчүн өздөрүнүн жоопкерчиликти сезип жатканы колдоого аларлык көрүнүш, кудайсактасын, эгер бир нерсе болсо биздикилер баарын пожарниктерге же строителдерге шылтап беттерин табактай кылышып отура беришмек. Бул нерсе биздин аткаминерлерге дагы сабак болсо дейм!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине