Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Мелис Мырзакматов мэр бойдон калды


Оштун мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат. Анын жанында вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров (солдо).
Оштун мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат. Анын жанында вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров (солдо).

Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров Ош шаарында борбордук аянтта чогулгандардын алдында Мелисбек Мырзакматовдун мэр кызматында кала берерин жарыя кылды. Ошто эки күндөн бери шаар башчысы кызматынан алынары тууралуу кабар тарап, ошол себептүү мэрдин миңдеген жактоочулары каршылык акциясын өткөрүп жатышкан.

Мен М.Мырзакматовду колдойм. Ал кыйын учурда мэрдик кызматты аркалап келди. Өзү бул ишти аягына чыгарам деп башка кызматтардан баш тартты. Аны кызматтан эч ким алган жок. Мен ушуну айтып коеюн деп келдим”, - деди А.Бекназаров. Ал дале болсо элди бөлгөн ар кандай ушактар, жалган сөздөр таратылып жаткан белгиледи.

Ал эми чогулгандар алдында сүйлөгөн М.Мырзакматов эч жакка кетпей турганын, мэр кызматын аткарууну улантарын айтып, кадрларды мурдагы-азыркы деп, Курманбек Бакиев учурунда иштегендерди бөлүү туура эместигин белгиледи.

Колдогу маалыматтарга караганда Мелисбек Мырзакматовго Бишкекте Материалдык резерв, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчилиги кызматы сунуштулган.

Кечээтен бери Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун кызматынан алынары тууралуу кабар тарап, ошол себептүү анын тарапкерлери Оштун борбордук аянтында каршылык акциясын өткөрүп жатышкан.

Мелисбек Мырзакматовду коргоо комитетинин төрагасы Токтобай Төрөгелдиев кабарлашынча, нааразычылык акциянын катышуучулары азырынча мэрди ордунда калтыруу жана ЕККУнун полиция кеңешчи тобун Кыргызстанга жолотпоо талаптарын гаан коюп жатышат, булар аягына чейин аткарылбаса, аргасыз кадамдарды жасашы ыктымал.

- Анча-мынча нерсеге алдандайбыз. Эгерде талаптарыбыз толук түрдө аткарылбаса, анда Ош шаарынын жана облусунун эли алдыдагы парламенттик шайлоого бойкот жарыялайбыз. Мындан тышкары президент Роза Отунбаева баш болгон бүтүндөй Өкмөттүн отставкасын талап кылабыз! – деген Токтобай Төрөгелдиев.

Мелис Мырзакматов апрель окуясынан кийин таасирдүү кызмат ордун ээлеп калган экс-президент Курманбек Бакиевдин бирден-бир кадрларынан. “Ак Жол” партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болгон бул саясатчы Ошко мэр болуп былтыр февралда барган. Ал ушул күнгө чейин Ош аймагындагы эң эле таасирдүү адамдардын бири катары саналат. Ар кандай нааразылык акциялардын, анын ичинде Курманбек Бакиевдин тарапкерлеринин майдагы акцияларынын артында тургандардын бири да дал ушул адам экендиги тууралуу жоромолдор буга чейин арбын айтылып келген.

М. Мырзакматовдун жактоочуларынын арасында атчандар тобу да жүрдү
Июнь окуяларынан кийин эл ичинде ага улутчул деген жардык да көбүрөөк тагыла баштады. Айрыкча ЕККУнун полиция кеңешчилерине каршы аракеттердин артында дал ушул М. Мырзакматов турат дегендер аз эмес. Полиция кеңешчилерин киргизбөө жөнүндөгү Ош шаардык кеңешинин чечими буга айкын далил катары айтылат.

Ал эми шаар кеңешинин депутаты Асамидин Аттокуров М. Мырзакматовго каршы айтылган сындарга ынабайт:

- Мелис күндө өзүнүн үстүнөн өзү иштейт. Акыркы учурларда дүйнөлүк экономика жөнүндө көп адабияттарды, айрым тарыхый чоң романдарды окуганы менин эсимбе калды. Бир эле шаардын проблемасын эмес, Кыргызстандын проблемасын да терең ойлонгон жигиттердин бири.

Мырзакматовдун тарапкерлери болсо аны кызматтан алуу аракетин эл аралык уюмдардын кысымы деп, ага жол берген бийликтин кетишин каалашат.

Жергиликтүү калктын пикирлерине таянган бир катар эл аралык уюмдар, чет элдик таасирдүү саясатчылар Мелис Мырзакматовго терс пикирин ачык эле айтып келатышат. Өзүнүн улутчул экендигин “Коммерсант” гезитине берген интервьюсунда шаар башчы өзү да тастыктаган.

Айрым байкоочулар Мырзакматовду элдин улуттук сезимин өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат деп айыпташууда. Мындай пикирин “Азаттыкка” талдоочу Бакыт Аманбаев билдирди:

-Мелис Мырзакматов бүгүнкү күнгө чейин өз бийлигин карапайым элге жамынып, өзүнүн акчасы менен коргоп келе жаткан мурдагы Курманбек Бакиев түзгөн коррупциялык, үй-бүлөлүк, криминалдык бийликтин бүгүнкү күнгө чейин жашап жаткан өкүлү.

Президент Роза Отунбаева менен мэр Мелис Мырзакматов Оштун калкы менен жолугушууда. 30-июль 2010-жыл
Мырзакматовду колдобогон саясий күчтөр азыр анын жумушка кайра кайтарылышын азыркы бийликтин алсыздыгына жорушууда. Президент Роза Отунбаева Батыштын маалымат каражаттарына берген интервьюсунда Мырзакматовду кызматтан алыш жеңил эмес экендигин мойнуна алган.

Акыркы жагдай боюнча президент жана анын маалымат кызматы эч кандай маалымат таратышкан жок. Ош шаар башчысы менен ымалалаш деп айтылып жүргөн вице-премьер министр Азимбек Бекназаров Ошто сүйлөгөн сөзүндө мэрди кызматтан алуу тууралуу сөз болбогондугун айтып тим болду.

Айрым байкоочулар кызматына кайтып келген Мырзакматов менен азыркы бийлик ортосундагы мамиле эми огобетер татаалдап, айрыкча парламенттик шайлоо учурунда кыйла кыйчалыш учурлар болорун болжоп жатышат. М. Мырзакматов “Коммерсантка” берген интервьюсунда өкмөттүн мыйзамдары түштүктө юридикалык күчкө ээ эмес деп билдирген.

Ишенимдүү булактардын маалыматтарына караганда ал Кара-Суудагы “Оомат”, Оштогу “Ош-Таатан” базарларына ээлик кылат.

"Азаттык" видео: Оштун мэри Мелис Мырзакматов ордунда калды


Оштун мэри Мелис Мырзакматов ордунда калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

XS
SM
MD
LG