Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:15

Дүйнө

Бин Ладендин бала-чакасы Ирандан табылды

Иран Усама бин Ладендин кызы Сауд Аравиянын Тегерандагы элчилигинде турганын жана өлкөдөн кетүүгө уруксат сурап жатканын ырастады. “Ал-Кайида” лидеринин үй-бүлө мүчөлөрү Ирандын аймагында жашайт деген маалыматтарды расмий Тегеран буга чейин такай төгүндөп келген эле.

Усама бин Ладендин дареги 2001 -жылдын соңунан бери табылбай келүүдө.
Текст көлөмү - +
“Ал-Кайида” терррорчул тармагынын лидеринин (анын ысымын Осама бен Ладен деп да жазышат)  бала-чакасы Иранда жашаары тууралуу адегенде ушул шаршемби күнкү (23-декабрдагы) сандарында Британияда чыгуучу гезиттер кабарлашкан эле. “The Times” басылмасынын маалыматы боюнча Усама бин Ладендин жакын туугандары, атап айтканда, анын аялдарынын бири, алты баласы жана он бир небереси соңку сегиз жылдан бери Тегерандын чет жакасында, катуу кайтарылган жайда өмүр өткөрүп келген. 
Бир туугандары Ирандан үн катканы тууралуу адегенде бин Ладендин улуу балдарынын бири Омар айтып чыкты.


Омар бин Ладен эмне дейт?

Усама бин Ладендин улуу балдарынын бири Омар бин Ладен “The Times” басылмасына Иман ысымдуу 17 жаштагы карындашы сакчылардан качып чыкканга жетишкен соң Сауд Аравиянын Тегерандагы элчилигине келип, ноябрь айында телефон чалганга чейин бир туугандары, алардын өлүү-тирүүсү жөнүндө эч нерсе билбегенин айткан.

Омардын сөздөрүнө караганда, Ирандан табылган туугандары ага Иран чек арасына 2001-жылдын 11-сентябрында, АКШда жасалган террордук чабуулдардын алдында келишкенин айтышкан. Төрт эркек жана эки кыз бир тууганы ал жерде жашоосун кадимкидей эле өткөрүшкөн, бирок кээде гана дүкөнгө барышпаса, дубал менен курчалган жайдан өз коопсуздуктары үчүн чыгарылган эмес.

Тегеран бул маалыматтын аныктыгын мойнуна алды

Расмий Тегеран бин Ладендин бала-чакасы Ирандын аймагында жашайт деген маалыматтарды буга чейин такай төгүндөп келген эле.

Эми Иран тышкы иштер министри Манучер Мотакки бин Ладендин кыздарынын бири Саудиянын Тегерандагы элчилигинде турганын британ гезитине чыккан макаладан кийин ырастап олтурат.

Мотаккинин бейшемби күнү (24-декабрда) сыналгыда айткан сөздөрүнө караганда, Саудиянын элчилиги аларга ушундай кабарды бир аз мурда берген.

Элчиликте баш калкалап отурган айым чын эле бин Ладендин кызы экендиги же ага тийешеси жоктугу Иран тарап үчүн анык эмес, дегеле ал Саудиянын элчилигине, ага чейин Ирандын аймагына кантип киргени белгисиз.
 
“Ким экендиги такталган соң, ал Ирандан кетүүсү үчүн талаптагыдай уруксат алат”, - деди Манучер Мотакки.

Бирок Иран тышкы иштер министри “ал-Каида” лидеринин Иранда жашаган башка туугандары жөнүндө айткан жок.

Сауд Арабстандын өкүлүнүн маалыматы

Ал эми Сауд Аравиянын Тегерандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Лондондо араб тилинде чыгуучу “Аш-шарк ал-Авсат” басылмасына Иман бин Ладен элчиликтин коногу экенин жана Ирандан кетүүнү көздөп жатканын маалымдаган.

Британдык “The Times” гезитине бир туугандары Ирандан табылганы тууралуу кабарлаган Омар бин Ладен өзү Катар өлкөсүндө жашайт.

Анын айтымында, энеси, бир бир тууганы жана эки карындашы Сирияда турушат. Ал иран бийликтери туугандарына өлкөдөн кетүүгө уруксат берет деген үмүттө экенин да айтты.

Бир нече аялы жана он тогуз баласы бар делип жүргөн бин Ладен жогорудагы маалыматтарга караганда, кеминде бир аялын жана бир нече баласын 1990-жылдардын соңунда Ооганстанга алып баргандай.

Ийне жоголду, Усама бин Ладен жоголду...

“Ал-Кайида” лидеринин өзүнүн дайын-дареги болсо 2001-жылдын соңунан бери чыкпай келүүдө.

АКШ жана ооган күчтөрү анда Ооганстандагы Тора Бора тоолорунда жүргүзүлгөн аскердик өнөктүк  учурунда аны кармай албай калышкан. Усама бин Ладен ошондон бери Ооганстан менен Пакистан чектешкен тоолуу аймактарда жашырынып жүрөт деп эсептелинет. Бирок табыла элек.

Анын 1967-жылы каза болгон атасы Мохаммад кезинде “Бин Ладен Груп” деген курулуш компаниясын уюштурган.

Бир туугандар саны 50дөн ашкан бин Ладендер үй-бүлөсү Сауд Арабстандагы эң бай кландардын бири деп саналат.

Усама бин Ладен өзү Саудиянын жарандыгынан 1994-жылы эле кол жууган. Буга анын террорчул-согушчул аракеттери жана үй-бүлөсү андан баш тарткандыгы себеп болгон.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
28.12.2009 21:50
Spy, men senin oyuna 100 payiz koshulam. Keche kunu ushul temaga ozumdun jeke komentariyimdi jazsam Azattyktyn redaktorloru negedir jaryialabai koyushuptur. Urmattuu Azattykchylar sizderden suranychym keche kunu jazgan komentariyimdi achyk bolgondoi kylyp jaryialap koyushunuzdardy suranam. myndai bolushunu men tehnikalyk katachylyk dep tushunom. Eger bashka sebepter menen jariyalanbai kalgan bolso, munu men demokratiyanyn prinsipterini buzuu, soz erkindigine karata kylyngan bir toskoolduk dep tushunom.

кимден: spy каяктан: Geneva
26.12.2009 10:32
Usama Ben Laden kim ozu? Al jok adam, kalpele Islam dinin duynogo jaman korsotuu ucun uyuwturulgan bir ysym. Kim iwenent aga? Anday adam bolgon bolso azyrky en onukkon Amerika Evropa olkoloru aldynky chalgyndoo tehnologialary menen kantip ele taba albayt uwul kungo cheyin?
Kosmoston adamdyn kletkasyna cheyin korso bolot dewet anda emnege Duynodo ele jurgon bir adamdy taba alywpayt? Bolbogon suu kechpegen jalaa bul nerse! Men tan kalam uwul Amerika,Europa olkoloru onnukonu menen bawka adamdardy akylsyz, oysuz, oy jugurtuusu jok dep elestetiwet chamasy. Bul politikal oyundaryn toktotuwsa jakshy bolmok...!!! :)

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине