Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:12

Кыргызстан

Медет Садыркуловдун өлүмүнө бир жыл

Мындан туптуура бир жыл мурда, былтыр 13-марттын таңында президенттик администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркулов жол кырсыгынан каза тапканы кабарланган. Табышмактуу жагдайдагы бул кырсык боюнча "Азаттыктын" архивинен, былтыр жыл соңунда даярдалган макаланы сунуштайбыз.

Текст көлөмү - +
“Азаттыктын” интернет баракчасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо окурмандардын көпчүлүгү 2009-жылдын башкы окуясы катары Медет Садыркуловдун өлүмүн эсептешерин билдиришкен. Ырасмий түрдө жол кырсыгынан өлүмгө дуушар болду делген М.Садыркуловдун табышмактуу өлүмү көптөгөн күдүк ойлорду жараткан эле.


Туура бир жыл мурда, 2009-жылдын 8-январында президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен ошондогу президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркулов кызматынан бошотулган. Өз каалоосу менен арыз жазып, “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген негизде бошотулуп, ага Тышкы иштер министри кызматы сунушталары айтылган. Бирок М.Садыркулов эмнегедир оппозиция өкүлдөрү менен жолугуша баштаган болчу.

Ошол эле жылдын 13-мартына караган түнү Бишкектин четинде өрттөнгөн “Lexus LX 570” маркасындагы авто унаа табылып, ичинен күйгөн үч дене чыккан. Кийин ал күйгөн денелер мурдагы президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов, мурдагы эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору Сергей Слепченко жана М.Садыркуловдун айдоочусу Кубат Сулаймоновго таандык экендиги аныкталган.

Болуп өткөн окуя боюнча Ички иштер министрлиги “жол кырсыгы” деген негизде иликтөө иштерин баштаган. Ал эми оппозиция өкүлдөрү, ал гана эмес айрым бийлик өкүлдөрү да М.Садыркулов менен болгон кандуу окуяны адам өлтүрүү катары баалашкан. Дал ошол окуяны “Азаттыктын” интернет баракчасындагы сурамжылоого катышкандардын көбү 2009-жылдын башкы окуясы катары көрсөтүшкөн.

Ырасмий версия: Жол кырсыгы

Ырасмий версия боюнча окуя болгон күндөн тартып эле “жол кырсыгы” деген негизге басым жасалган. Ага ылайык Өмүрбек Осмонов аттуу “Аudi-100” маркасындагы авто унаанын айдоочусу Бишкек - Жылуу-Суу авто жолунда, Кой-Таш айылына жакын жерде уктап кетип, М.Садыркуловдор отурган “Lexus LX 570” маркасындагы унааны сүзүп алган. Натыйжада өрт чыгып, “Lexus LX 570” унаасында отургандардын үчөө тең күйүп кетишкен. Ал эми “Audiнин” айдоочусу Ө.Осмонов азыноолак жаракат алып, аман калган.

Ырасмий маалыматтар боюнча окуя болгон түнү М.Садыркулов түшкөн унаа Алматы шаарынан келаткан. Бирок эмнегедир алар үйлөрүнө түз барбай Бишкектин жогору жагына, Кой-Таш айылы трапка чыгып кетишип, жолдо кырсыкташкан.

Бир катар бийлик өкүлдөрү болсо бул окуяны саясатташтырбоо керектигин, авто кырсыктары көп эле болчу көрүнүш экенин айтып чыгышкан. Маселен “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип атып мындай деген:

Ажыбай Калмаматов
- Анын тегерегиндеги болуп аткан сөздөргө келсек, аны биз саясий заказ же башка бир криминалдык иштерге байланыштыра албайбыз менин оюмча. Менимче бул кокустук болсо керек. Мындай кокустуктар коп эле болот. Ал саясатчы болуп, мурда президенттин администрациясынын жетекчиси болуп турганы үчүн көңүл бурулуп атат.

Тергөө жыйынтыгы “Audiнин” айдоочусун айыптуу деп таап, Аламүдүн райондук соту 2009-жылдын 5-июнунда Ө.Осмоновду 12 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Жабырланган тарап чечимге макул болбой жогорку инстанцияларга кайрылган. Чүй облустук соту, андан кийин 2009-жылдын 4-декабрында Жогорку Сот дагы Аламүдүн райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Мындай кокустуктар коп эле болот. Ал саясатчы болуп, мурда президенттин администрациясынын жетекчиси болуп турганы үчүн көңүл бурулуп атат.

Ажыбай Калмаматов

Ошентип ырасмий версия боюнча белдүү саясатчы, К.Бакиевдин командасында далай долбоорлорду ишке ашырып, соңку кездери бийликке таарынычын жашырбай калган М.Садыркуловдун өлүмү “жол кырсыгы” деген аныктамадан аша албай калды.

Ырасмий версияга ишенбегендер көп

Кырсык болгондун эртеси эле оппозиция өкүлдөрү М.Садыркулов мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айта башташкан.

Маселен, “Улуу Биримдик” партиясынын лидери, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаевдин пикиринде, М.Садыркуловго каршы террордук чабуул уюштурулганы көрүнүп турат. Анын ырасташынча, Алматыга кетердин алдында М.Садыркулов аны менен жолугуп, соңку кездери президент менен тил табыша албай калганын, К.Бакиевдин жеке бийлигин чыңдоого жардам берип ката кетиргенин, эми аларды оңдоого ниеттенип калганын, жакын арада бардык конструктивдүү күчтөрдү бириктирүүгө аракет кыларын айткан:

- Ал киши мага “өлкөдө конструктивдүү күчтөрдүн жалпы биригүүсү алдында турабыз. Бир-эки күндөн кийин көрөсүң кандай чоң саясий процесстер башталарын. Биз азыр чоң саясий кыймылдын астында турабыз” деп айткан. Өзүнүн сөзү бул. Мисалы, Алматыга барып жолуккан кишилерин, бияктагы жолуккан кишилерин, ошол жасайын деп аткан иштеринин түбүн, тамырын карап көрсө эле ошонун себептери чыгат. Менин оюмча бийликке абдан коркунуч туулган. Алар Садыркуловдун уюштуруу дараметинен, саясий аброюнан коркушкан. Ошонун негизинде эле ушундай кырсык өзүнөн-өзү чыгып калды деп ойлойм.

Ушундай эле маанайда жолугушуулар болгонун “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылар да айтып чыгышкан.

М.Садыркулов былтыр 8-январда кызматтан кеткенден кийин “Ак жол” партиясынын төрага орун басары, андан соң вице-премьер-министр болуп турган Элмира Ибраимова дагы кызматтан кеткен. М.Садыркулов кейиштүү абалда кайтыш болгондон кийин дал ушул Э.Ибраимова анын жөн гана жол кырсыгына кабылганына ишенбей турганын айткан эле:

- Бир жумадай болду го, Медет Чоканович айткан, “Тиякта, үйдүн жанында бирөөлөр туруп атат. Мени өлтүргөн атышат” деп айтты...
Менин оюмча бийликке абдан коркунуч туулган. Алар Садыркуловдун уюштуруу дараметинен, саясий аброюнан коркушкан.

Эмил Каптагаев

Саясий серепчилер “Ак жол” партиясын дал ошол М.Садыркулов түптөгөнүн, Жогорку Кеңешке “Ак жол” аркылуу өзүнүн кадрларын да алып келгенин, алардын арасында Элмира Ибраимова, Зайнидин Курманов, Эрик Асалиев, Эрнест Акрамов сыяктуулар болгонун айтып келатышат. Бирок М.Садыркуловдун өлүмү жөн кырсыкка окшобой турганын Э.Ибраимова менен Э.Акрамов гана айтышкан болчу. Ал эми башкалары унчуга албай, ал тургай З.Курманов жакында эле президенттин колдоосу менен парламент төрагасы болуп калды.

М.Садыркуловду коркутуулар мурда эле болуп келген

2008-жылы Медет Садыркуловдун үйүнө белгисиз бирөөлөр жаңы жылдык белек катары кесилген кулак менен манжа таштап кетишкени да көп айтылган. Кийин аны М.Садыркулов менен акыркылардан болуп көрүшкөн журналист Аркадий Дубнов да айтып, бул окуя тууралуу аны менен соңку жолугушууда кеңири сөз болгонун билдирген.

Президенттик администрацияны башкарып, экинин бири болуп турган адамга мындай коркунучтуу эскертүүнү кимдер даап жасаганы табышмак. Бирок коомчулукта мындай ишти М.Садыркуловдун бийликтеги өтө таасирлүү атаандашы уюштурган деген кеп тараган. Маселен, Э.Каптагаевдин айтымында, ошол убакта манжа менен кулакты М.Садыркуловдун үйүнө милиция кызматкерлери алып барганы тууралуу маалыматтар пайда болгон:

- Сөөмөй менен кулак берилгенде, “ошону жасаган милиция кызматкерлери кармалды, сурак болуп атат” деген маалымат прессада болгон. “Төрт милиция кармалды, сурак берип атышат, ошолор машинесинин номерин талаага алып барып таштап атканда жергиликтүү эл көрүптүр” деп чыккан да. Андан кийин эле ың-жыңы билинбей кетти. Ал милициялар эмне болду? Сот жообуна тартылдыбы..?

М.Садыркуловду абдан таланттуу уюштургуч катары баалаган серепчилер, К.Бакиевдин жеке бийлигин чыңоого, оппозицияны алсыратууга дал ушул фигуранын салымы чоң болгон дешет. Андыктан аны көптөгөн оппозиция өкүлдөрү деле жактырбай, “серый кардинал”, ордо оюндарын усталык менен жүргүзгөн адам катары сыпатташчу.
Медет Чоканович айткан, “Тиякта, үйдүн жанында бирөөлөр туруп атат. Мени өлтүргөн атышат” деп айтты...

Э.Ибраимова

Бийликтин бийик сересинде ошол кездеги парламент төрагасы Адахан Мадумаров менен М.Садыркуловдун тиреши ачыкка чыгып кеткени деле маалым. “Жаңгак уюлу” чатагы негизинде 2008-жылдын май айында А.Мадумаров төрагалыктан кетүүгө аргасыз болуп, ал өзү чатактын чыгышына М.Садыркуловду күнөөлөгөн. Бирок ошол эле жылдын октябрында А.Мадумаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалып, президент өткөргөн жыйындарда М.Садыркулов менен маңдай-тескей отуруп калган.

Талдоочулар мындай көрүнүштү “таасири артып кеткен М.Садыркуловго атаандаш болсун үчүн жасалган атайын дайындоо” катары баалашкан эле. Ошол дайындоодон эки ай өткөндөн кийин М.Садыркулов өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Бирок кандай болгон күндө да М.Садыркуловдун анча-мынча А.Мадумаров сыяктуу атаандаштары ага олуттуу коркунуч жарата алмак эмес дешет.

Алматы сапары, “Кандуу жол”...

М.Садыркулов менен акыркылардан болуп Алматы шаарында журналист Аркадий Дубнов маектешкен. “Немис толкунуна” интервью берип атып ал М.Садыркулов менен көпкө сүйлөшкөнүн, ага коркутуп-үркүтүүлөрдөн кабары бар экенин, анын башкы каршылашы президенттин жакын тууганы болгон өтө таасирлүү генерал болгону баарыга маалым экенин айткан.

Алматыга М.Садыркулов бир катар белдүү адамдар менен жолугуп, тыштан да колдоо табууга, баштап аткан иштери үчүн каражат издөөгө барган дешет. Бирок Алматыга сапарынан кайтып келатып жоболоңдуу окуяга кабылды.

М.Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Эдил Кожошизи деген ылакап ысым менен “Кандуу жол” аттуу чыгарма да жазылып кетти. Чыгармада сүрөттөлгөн окуянын жылы, күнү, саатынан бери М.Садыркуловдун өлүмүнүкүнө дал келип турат. Тек гана андагы каармандардын аттары өзгөртүлгөн. Маселен, чыгармадагы баш каармандын аты-жөнү Медер Садырбеков, өлкө президентинин фамилиясы Кибаев, анын иниси жана жан сакчыларынын аты-жөнү Жакен Кибаев, коопсуздук кеңеш катчысы Хамадаев, ички иштер министри Конкаргаев ж.б.

Чыгармада президент жана анын үй-бүлөсү менен келише албай президенттик администрация башчысы кызматын таштап кеткен Медер Садырбековдун өлүмү кеңири сүрөттөлөт. Анда Медер Садырбековду президенттин бир тууган иниси, генерал Жакен Кибаев Алматыдан келаткан жолдо карматып, желдеттери менен бирге кыйнап өлтүрөт да өрттөтүп жиберет. Интернет айдыңында пайда болгон бул чыгарма көптөгөн суроолорду да жаратты. Ошентип табышмактуу, көптөгөн суроолорду жараткан М.Садыркуловдун өлүмү көркөм чыгармага да айланып кетти.

Азаттыктын архивинен: Капчыгайдагы каргашалуу окуя

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Х5
13.03.2010 20:09
Бул ишти кылгандар кимдер экенин акылдуу адамдар билип эле турушат!

кимден: Суами каяктан: Чили
13.03.2010 18:42
Бул ишти кылгандар белгилүү эле.Алар жакында баарын жазып айтып чыгышат.

кимден: Москвадан саясий аналитик каяктан: Эн Ыйык Кыргызстаныбызга
13.03.2010 17:57
Уюштуруу иштеринен мыкты чебер, маркум М.Садыркуловдун атайын тапшырма менен киши колдуу болгону көрүнүп эле турат.Бирок бул кандуу окуянын артында ким турарын азырынча так айтуу кыйын.Билгендер убагы келгенде айтышар.Бирок тиги "конституциянын кепили" күнөөлүүлөрдүү таап, жазалай албагандыктан, дал ошол кишинин бул ишке тиешеси барбы деген ойго келет экенсиң.

кимден: ЭРМЕК каяктан: МОСКВА
10.01.2010 03:45
КЫРГЫЗДАР качанкыга чейин бири-бирибизди жейбиз, же бул биздин илгертен келаткан ич ара кыйды-бычак бийлик талашкан кыргыздардын бийлик оюнунун уландысыбы? Адамдын каны куткарбайт, элдин назары узатпайт. Канчалаган корунуктуу инсандар жер кучактап жыгылды, коомчулукка маалым. Эртенки келечекке кан ченгелдеп кирип барабызбы? Деги бир ынтымакка келтирип элдин башын кошкон МАНАС туулбаса болбой калды

кимден: Kemel каяктан: Bishkek
09.01.2010 16:38
Ushul 2005 jyldan beri ushunday buyurtmalar kop boldu. Alardyn en ele korkunuchtuusu MCHStin orttolushu boldu okshoit.

кимден: Bek каяктан: Bishkek
08.01.2010 14:03
Бул, биздин коомубуз эн терен тушуп бараткандын белгилеринин бири деп божомолдой алам. Кыргыз деген калктын каны бузулгандыгында кеп болуп жатат. Себеби: Бай-манап, болуш болгон учурдан тарта уланып кележаткан бир сызыктуу корунуш, ошол эле учурда "мен-мен" дегендерди козун тазалоо болчу. Ал эми азыркы коомубуз ушул сызыкты закондоштуруп, терен чокондон-чогуп бара жаткан кезибиз.

кимден: Исраилов
08.01.2010 13:51
Чет жерде жургондор атын ачык айтып койсо жакшы болот эле. Атын айтканда деле баары бир кыргыздар эч нерсе кыла албайт. Кыргыздар алсыздарды баса калып, алдуу акмактарга кул болгон эл экенбиз.

кимден: кубан каяктан: бишкек
08.01.2010 00:10
Talastik Shomgo aitpasan dele elge belgiluu kandaicha bolgonu.
Ubakit otso anan chindik chigat. Bul ishke kop kishi katishi bar. Biroo bolboso biri aityp chigat.

кимден: У каяктан: СССР
07.01.2010 23:14
Мына ушундай кандуу, уруп-сокмой, коркутмайда бироо супер карьера жасап отурат. Бироолор айтышат, аябай акылдуу, европалыктарча ой жугуртот экен деп (ал кандай ой жугуртуу, билбейт экенмин). Бироолор айтууда коздор деп. Бироосу айтат, озун мыкты ишкер катары корсотту деп. Эми ошол кантип эле маркумдун эмнеге кырсыка кабылганын билбесине (экоо бири-бири менен аябай жакшы тааныш болушса) шегим бар?! Экс-ЦИК башчы эмне деп качты эле. ал да эсинерден чыктыбы? Суперкарьерачы откондо айтты эле - Олкодо бийлик, байлык, ресурс учун курош журуп жатат деп (иа 24). Ушуну айткан адам (колдо мамлекеттик ресурс турса) озу чекеде карап, байкап турганына шегим бар?!

кимден: Shom каяктан: Talas
07.01.2010 21:56
Медет Садыркуловдун олуму мага эмнегедир атайлап жазалган окуядай сезилет. Анткени ошол Лексус маркасындагы адамдар бироо дагы чыкканга аракет кыла албай баардыгы кайтып кетишкен. А эмнегедир коопсуздугу начарырак Ауди маркасындагы машиненин шопуру аман калып жатпайбы? Менин угушумча аман калган бала спортсмен деп уктум эле. Эгер ушул окуя атайлап жазалган болсо анда спортсмен баланы жонунон Аудинин шопуру катары койгон жок. Меникине окшогон суроолор болсо шопуру спортсмен экен, шамдагай ошон учун чыгып кеткен деп айтканга. Анан азыркы Жогорку кенештин спикерин Медет Садыркулов Жогорку кенешке алып келген деген маалыматтарды уктум эле, эгер ушул чын болсо а киши эмне учун билмексен болуп турат? Негизинен башка айтаар созум жок кандай гана болбосун кудай баарын коруп турат. Кан кое бербейт деп коет го. Бунун баары эртеби кечпи чындыка чыгат го.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)