Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:10

Дүйнө

Обаманын бийликтеги бир жылы

АКШда президент Барак Обаманын бийликке келгенине бир жыл толду. Анын ишине коомдук пикир ала-кула өңүттөн карай баштады. Акыркы изилдөөлөрдө Обамага оң баа бергендер 48 процентти түздү, былтыр ушул маалда бул көрсөткүч 63 процентке жеткен эле.

Президент Барак Обама шайлоочуларга берген убадаларын акырындап аткара баштаганын айтып, алар толук жүзөгө ашканда өлкөдө олуттуу өзгөрүштөр болоруна ишендирди.
x
Президент Барак Обама шайлоочуларга берген убадаларын акырындап аткара баштаганын айтып, алар толук жүзөгө ашканда өлкөдө олуттуу өзгөрүштөр болоруна ишендирди.
Текст көлөмү - +
Жетимиш эки жаштагы Карлос Кэмпбелл республикалык партиянын үч өкмөтүндө иштеген, ушул партиянын мүчөсү. Мурдагы жылы ноябрдагы шайлоодо ал Обаманын активдүү колдоочуларынан болгон. Жакында аны "Азаттыктын" кабарчысы кайрадан кепке тартты.

"Обаманын жаңы милдеттерге кандайча ыңтайлашып, бийликтин коңулдарына, коен жатактарына кантип көнүккөнү мени толук алымсындырат, -деп айтты Кемпбелл. – Муну мен үч өкмөттө иштеген адам катары айтып жатам. Менимче, Обама болуп көрбөгөндөй проблемалардын, атүгүл болжой алгыс каршылыктардын шартында көп нерсеге жатыгып, көп нерсени оңдоп-түздөй алды".

Кемпбелл өзгөчө АКШнын аброюн көтөрүү жагынан Обама көрүнүктүү иш жасады, атүгүл көрөгөчтүк кылды деп эсептейт. "Мунун өзү, менимче, АКШ үчүн чоң артыкчылык болду, ал көп чөйрөнү жаңылап жатат, күч-жигери да күр деп ойлойм. Айрыкча тынчтык демилгелери көптөрдүн көңүлүнө толду, менимче, алдыда дагы жакшы көп иштер болот".

Деген менен мындай ойго баары эле кошула бербейт. Daily Telegraph гезити, маселен, Обама шайлоо өнөктүгү маалында берген убадаларын өткөн бир жыл ичинде толук аткара албаганын белгилеп, ошол эле учурда анын пландары ойрон болду деп айтканга да негиз жоктугун көрсөттү. Басылма афроамерикалыктардын өкүлү катары Обаманын президент болуп шайланышы АКШнын тарыхында эле эмес, эл аралык масштабда деле шарапаттуу жышаан болгонун, буга кошо мурдагы президент ага эки бирдей согушту, капсалаң каптаган экономиканы мураска калтырып кеткенин эске салды.

Обама бир жылда эмнеге жетишти? Анын салык тармагындагы демилгелери аласалып, чабалактап жаткан экономиканы "эсине келтирген иле" болду. Азырынча президенттин көп пландары толугу менен жүзөгө аша элек, анын үстүнө америкалыктардын көбү өлкөнү "экинчи улуу депрессияга" алып келген банкирлер кайра эле суудан кургак чыгып кетти деген кыязда калышты.

Жумушсуздук он процентке жетти, анын арааны тыйыла элек. Ушундай шарттарда Обамага элдин ишеничи төмөндөбөсө жогорулашы, арийне, кыйын. Гуантанамодогу түрмө да али жабылган жок. Ал эми Обаманын Ооганстанга кошумча аскер киргизүү чечимине анын өз партиясындагы ишмерлердин деле ичи жылыбады. Нобел комитетинин Обамага тынчтык сыйлыгын ыйгарган бүтүмүн болсо көпчүлүк насыя урмат катары кабылдашты.

Жаңы жыл алдындагы окуя коопсуздук системасы жылчыксыз бекемделе электигин көрсөттү. Ирандын, Түндүк Кореянын атом программаларына байланыштуу маселелерде жылыштар боло элек. Обаманын мусулман дүйнөсү менен жаңы мамилелерге өтүү сунушу эл аралык коомчулукта кеңири колдоо тапканы менен анын реалдуу натыйжалары көрүнө элек. Байкоочулар мындан тышкары Обама былтыр Пекинден жана Копенгагенден кур кол кайтканын да көз жаздымда калтырышкан жок.

Саясий өңүттөн алганда Обамага азыр "коргоно турган" жагдай түзүлдү. Республикалык партия кайрадан чыңдала баштады, көз карандысыз шайлоочулар арасында олку-солку маанай күч алып баратат.

Обама өзү айткан убадаларынын көбү акырындап аткарыла баштаганын, алар толугу менен ишке ашканда өлкөдө бир катар тармактарда, айрыкча медицина, энергетика, билим берүү жана финансы чөйрөсүндө "түпнегиздүү өзгөрүүлөр" болоруна бекем ишендирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)