Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:10

Дүйнө

Обаманын биринчи отчету

АКШда ар бир президент жыл сайын өлкөдөгү абал жөнүндө калкка кайрылып, артта калган он эки айдын жыйынтыктарын чыгарып, алдыдагы милдеттерди аныктап турат. Шаршемби күнү америкалыктар Барак Обаманын биринчи отчетун угушту.

Президент Барак Обама конгресстин кошмо жыйынында өлкөдөгү абал тууралуу жылдык отчет менен чыгып сүйлөдү.
x
Президент Барак Обама конгресстин кошмо жыйынында өлкөдөгү абал тууралуу жылдык отчет менен чыгып сүйлөдү.
Текст көлөмү - +
 Обама бийликке келгенде америкалыктардын көбү Ирактагы жана Ооганстандагы согуш соңуна чыгат деп үмүт кылышкан эле.

"Шайлоо алдында мен согушту аяктоого сөз бергем, эми президент болгон соң бул сөзүмдү иш менен бекемдегенге аракеттенем", - деп ишендирди Обама. Быйыл августтун этегине барып Ирактан бардык аскерлер чыгарылат. Бирок Ирак өкмөтүнө колдоо көрсөтүү иши улантылат.

"Ооганстанда аскерлердин санын көбөйтүп, жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн даярдоону тездеткенге аракет кылабыз, өлкөдөгү  кырдаалды көзөмөлдөө милдетин 2011-жылы июнда аларга өткөрүп беребиз жана аскерлерди чыгара баштайбыз",-деп айтты Обама.

 Обаманын конгресстеги кайрылуу-отчетунун басымдуу бөлүгү экономикадагы абалга арналды.

"Ар бир он адамдын бири азыр жумуш таба элек. Көптөгөн ишканалар жабылды.Чакан шаарлар менен айыл жери айрыкча жапа тартты. Ансыз деле жакырлыктын азарын тартып жүргөндөрдүн абалы андан бетер кыйындады",-деп айтты Обама.

Обама өлкөнү бул абалдан чыгаруу үчүн жаңы максатын жарыялады: жакынкы беш жыл ичинде экспорттун көлөмү эки эсе көбөйтүлөт. Мунун аркасында эки миллион жумушчу орун түзүлөт. Мындан тышкары эмгек чөйрөсүндө жаңы мыйзам кабыл алынат. Анын долбоору конгресстин өкүлдөр палатасынан өттү. Эми аны сенат караш керек.

"Жумушчу орундар маселеси 2010-жылдагы биздин биринчи кезектеги максатыбыз болушу керек",- деп көрсөттү Обама.

Талаш-тартыштарды, сын пикирлерди пайда кылган экономикалык айрым чараларга токтолуп, мындай кадамдардын зарылдыгын жана алардын акыбети кайтарын Обама кайрадан белгилеп өттү. Президенттин пландарына ылайык быйыл бүжет тартыштыгы бир кыйла  кыскартылат, өкмөттүн чыгымдарына үч жылга "кемээч" салынат.

Нью-Йорк штатындагы университеттин саясий илимдер боюнча профессору Роберт Спитцер "америкалыктар арасында экономика биринчи орундагы маселе экенин иликтөөлөр көрсөткөнүн", Обама бул ишке жетерлик көңүл бурган жок деген да пикирлер бар экенин ырастап, докладда экономикага өзгөчө басым жасалганын ушул жүйөө менен түшүндүрдү. "Жумушсуздар саны он процентке жетти, экономикадагы иштер чын эле илээлеп илгерилеп жатат",-дейт профессор.

Эксперттер да техникалык мааниде төмөндөө процесси аяктады, бизнес акырындап тириле баштады, бирок ишкана ээлери дале жумушчуларды жалдап алгандан жалтайлап турушат деп эсептешет.

Обаманын бир жылдык ишин оң жана терс мааниде баалагандар саны калк арасында теңме-тең абалга жетти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: beka каяктан: bishkek
29.01.2010 13:47
anglischeden başka jazganga soz tappay kaldinarbi

кимден: Mahabat каяктан: USA
28.01.2010 21:16

Obama also told Democrats to buck up in the wake of the stinging defeat in Massachusetts. “I would remind you that we still have the largest majority in decades, and the people expect us to solve some problems, not run for the hills,” he said.


While Obama devoted the bulk of his remarks to jobs, he insisted he wasn’t giving up on health care reform and he urged Congress to press forward.


“Do not walk away from reform. Not now. Not when we are so close. Let us find a way to come together and finish the job for the American people,” the president said. “Let’s get it done. Let’s get it done.”


Obama said Americans were disturbed by “lobbying and horse-trading” on the bill, but he failed to offer suggestions he had promised on how the process could be improved going forward. He declined to weigh in publicly in a running battle between House and Senate Democrats about how to pass broad legislation now that Democrats no longer have a filibuster-proof majority in the Senate. And his call to “get it done” seemed somewhat at odds with suggestions from various quarters, including House Speaker Nancy Pelosi, that Congress might move first on piecemeal legislation encompassing the least controversial reforms.


“By now it should be clear that I didn’t take on health care because it’s good politics,” he joked. “I take my share of the blame for not explaining it more clearly to the American people.”


In another closely-watched portion of his speech, the president called on Congress to work in the coming months repeal the “Don’t Ask Don’t Tell” policy, but his remarks offered no details on how such a result would be achieved.


“This year, I will work with Congress and our military to finally repeal the law that denies gay Americans the right to serve the country they love because of who they are. It’s the right thing to do.”



Read more: http://www.politico.com/news/stories/0110/32125_Page3.html#ixzz0dv80FRKz

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)