Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:09

Саясат

Б.Обама жоопкерчиликти бөлүшөт

Б.Обама АКШнын президенти катары чалгын кызматынын тартар жоокерчилигин кошо бөлүшө турганын айтты. Ал "Ал-Каида" менен согуш болуп атат деди.

"Ал-Каидага алдырбайбыз", 2010-жыл, 5-январь
Текст көлөмү - +
Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама саналуу сааттар мурда Америка элине кайра кайрылуу менен чыкты.

«Жоопкерчиликти бөлүшөм»

Президент 5-январда коопсуздук боюнча жыйын курган
Анда ал АКШнын чалгын кызматтары кетирген кемчиликтерди кошо тартышарын билдирди.

- Акыр-аягы жоопкерчилик менде. Президент катары менин нация алдында жана биздин элдин алдында алган жоопкерчилигим бар. Системада кемчилик кетсе – бул менин дагы кемчилигим, - деди ал.

Президент ошондой эле террорго тийиштиги бар делип шектелгендердин тизмези менен иштөө мындан ары катаалдатыла турганын, ал эми коопсуздук чаралары күчөтүлө турганын билдирди.

Акыркы үч күндүн ичинде Барак Обама 25-декабрдагы окуя боюнча ушуну менен экинчи ирет билдирүү жасап отурат. Ал Крисмаст күнү түбү нигериялык 23 жаштагы Умар Фарух Абдулмуталлаб Амстердам-Детройт багытындагы америкалык учакты жардырмакчы болгондо кармалган болчу. Ага АКШнын Мичиган соту тарабынан 289 адамды өлтүрмөк болгон, массалык кыргын салуучу куралды колдонууга аракет жасаган деген сыяктуу алты пункттан турган айыптар тагылды. 
 
Президент Обама бул ирет да АКШөкмөтүнүн колунда бул кутумдун бетин ачууга зарыл баардык маалыматтар болгону менен, чалгын кызматтары аны жалпылап иштеп чыккан эмес, ошону менен алдыдагы коркунучтун деңгээлин түшүнө алган эмес, деп билдирди. Ал ушуну менен экинчи ирет коопсуздук кызматтарын ачык сынга алып отурат. 

Чалгын кызматы күнөөсүн мойнуна алды

Өз кезегинде чалгын кызматы президенттин сынын туура деп мойнуна алды. АКШнын улуттук коопсуздук министри Джанет Наполитанонун айтымында, быйыл 2010-жылы АКШдагы аэропорттордо адамды алаканга салгандай көрсөтө турган кошумча 300 сканер орнотулмакчы. 

Президент Б.Обама ошондой эле Кошмо Штаттары «Ал-Каида» менен согуш абалында турганын, муну дүйнөнүн мусулмандары туура кабыл алышы
Учакты жардырмакчы болгон Умар Фарух Абдулмуталлаб
зарыл экенин айтты.

- Биз согуш абалындабыз. Биз жек көрүү менен мыкаачылыктын торун жайып, 11-сентябрда бейкүнөө 3000 адамды өлтүргөн жана бул кутум менен кайра бизге сокку ургусу келген «Ал-Каида» менен согуш абалындабыз. Биз аларды жеңиш үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз, - деди ал.

АКШнын мамлекет башчысы ошондой эле өлкөдө коопсуздукту күчөтүп, муну менен ачык коомдун идеалдары болгон эркиндик сыяктуу баалуулуктарды сактоо багытында иш жасалаарын, ал президент болуп турганда «Ал-Каидага» эч качан алдырбай турганын да айтты.
 
"Инвестиция салабыз"

Ал максаттын бири катары Кошмо Штаттарында кыйма-чийме учуп аткан каттамдардын коопсуздугун жакшыртуу керектигин, ал үчүн өкмөт колдон келгенди жасап жатканын айтты. Алсак, президент Обаманын маалыматы боюнча, Крисмасттын алдында эле АКШнын аэропортторундагы жаңы технологияларга өкмөт 1 миллиард доллар инвестиция салган.

25-декабрда ишке ашпай калган терракт тууралу АКШнын күч кызматтарынын отчету жакын арада жарыяланмакчы.

Абдулмуталлаб жана "Ал-Каида"

Ал арада америкалык учакты жардырмакчы болгон Умар Фарух Абдулмуталлаб «Ал-Каиданын» катарына кабыл алынгандан кийин, Йемендеги радикал Анвар ал-Авлаки менен жолукканы белгилүү болду. Бул тууралу Йемендин коргоо жана коопсуздук кызматы билдирди. Бул уюмудун жетекчи орун басарынын айтымында, Йемендеги радикал Анвар ал-Авлаки болсо Крисмаст күндүн алдында абадан жасалган чабуул маалында каза тапкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
08.01.2010 22:51
Al-Kaidan`yn arkasynda kimder bar ozu? degen suroonun joobun jakshy izildeshibiz kerek. Duinogo terrorizmdin urugun kimder sebip jatkanyn bilgibiz kelse sogush chygaryp asker kirgizip sogushkusu kelgender, kural jarak satyp baiygysy kelgender ekenin bilebiz. Al emi sogush bolup bashalamandyk bolgon regiondordogu elderdin ekonomikalyk, madaniy jana sayasiy jaktan onukpoi, jakyr bolup bash kotorboi, erkkin oi jugurtpoi juro berishin kaalagandar bolso kerek

кимден: Аске
08.01.2010 14:00
Дуйного президент болгонго шансы бар демагог экен.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)