Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Обама идеясын коргоо үчүн Конгресске келди


Президент Обама Конгрессте саламаттык сактоону реформалоо боюнча он жылда 900 миллиард доллар турган планын коргоп, сөз сүйлөдү.

47 миллион америкалыктын же 65 жашка чейинки элдин дээрлик 20 процентинин өмүрү камсыздалган эмес.

Көпчүлүк талдоочулардын пикиринче, Барак Обама АКШ Конгрессинин эки палатасынын мүчөлөрү алдындагы өткөн түнкү сөзү өтө
Президент Барак Обама Конгресстин кошмо сессиясында саламатыкты сактоо тармагын реформалоо планы боюнча сөз сүйлөөдө.
ишенимдүү жана чечкиндүү болду. АКШ президенти чү дегенде эле сөздү коюп, ишке өтчү мезгил келгенин баса айтты:

-Кызыл чеке болуп талашчу мезгил өттү. Оюндардын убагы өттү. Аракеттенчү кез келди. Азыр эки партия мыкты идеяларын ортого салып, Америка элине алардын ишенимин актай аларыбызды көрсөтүүбүз керек. Азыр саламаттык жөнүндө кам көрчү убакыт.

Ырасмий маалымат боюнча, 47 миллион америкалыктын же 65 жашка чейинки элдин дээрлик 20 процентинин өмүрү камсыздалбаган. Обама президенттик шайлоо өнөктүгүндө биринчи кезекте саламаттык сактоо тармагын реформалайм деп убада кылган. Бул, серепчилердин айтышынча, анын жеңишине чоң огожо болгон.

Обаманын планы бекитилсе, АКШ жарандары тегиз камсыздалат

Обама сунуш кылган долбоор боюнча, бардык букаралардын саламаттыгы камсыздалууга тийиш. Өзүн камсыздоого каржысы жетпегендерге өкмөт жардамга келет же арзан камсыздоочу өкмөттүк камсыздоо компаниялары түзүлөт. Ишкана-мекемелер өз жумушчу-кызматчыларынын ден соолугун камсыздайт же ал үчүн белгилүү өлчөмдө акча чегерет. Камсыздоо компаниялары
Cаламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча жыйындын катышуучусу президент Обама менен Адоль Гитлердин сүрөтү бар плакатты кармап турат. 25-август. Рестон, Виржиния штаты.
медициналык камсыздоого берилчү акчанын өлчөмүн чектөөсүн токтотушу абзел.

Мындай план өкмөттүн атаандаштыгын каалабаган консервативдүү саясатчылар менен камсыздоо компанияларына жакпай, алар сунуш улгайган адамдарды доктурлардын кароосуз калтырат деп чыгышты. Айрым республикачылар демократтарды ченемсиз акча сарпталчу “социалистик” планды сунуш кылууда деп күнөөлөгөнгө чейин барышты. Алардын чабуулунан улам соңку жумада Обаманын мыяткерлеринин саны 6 процентке ылдыйлап кеткен.

Профессор Спитцер Обаманын сөзүнө элдин пикирин күтөт

Нью-Йорктогу мамлекеттик университеттин профессору Роберт Спитцердин сөзүнчө, президент Обама конгрессмендер алдына өз идеясын тайманбай жана ишенимдүү коргоду:

–Обама саясый жактан өтө активдүү болду, өзүн татыктуу кармады. Бирок Обаманын жактоочулары ага каршы жасалган чабуулдарга дагы чечкиндүү жана таамай жооптун берилишин каалашты деп ойлойм.

Обама Конгресстеги сөзүндө саламаттык тармагын оболу 1943-жылы президент Теодор Рузвелт реформалаганын эске салып, ал өз планын ишке чечкиндүү ашырам деди жана демократтар реформага байланыштуу ар кандай сунуштарга ачык экенин белгилей кетти. Ал реформанын баасына да токтолду:

-Мен сунуш кылган план үчүн келерки он жылда 900 миллиард доллар жумшалат. Бул биз Ирак жана Ооганстандагы согушка чапкан акчадан аз. Бул бир ууч эң бай америкалыктар үчүн берилген салык жеңилдигинен да аз. Ал үчүн Конгресс мурдакы администрация эми ишке киришкенде добуш берген.

Обама каршылаштарын өз планына ишендире алдыбы? Аны коомчулуктун реакциясына жараша билебиз дейт, профессор Спитцер:

-Менин оюмча, Обама “оюндун ичинде” да “сыртында” да аракеттенди. Ал “оюн сыртында” коомчулуктун колдоосун алууга жана алардын ишенимин бекемдөөгө умтулса, “оюн ичинде” өзүнүн саламаттыкты сактоону реформалоо боюнча планын алга жылдырыш үчүн конгресстин лидерлерлерине катуу кысым жасаганга аракет кылды.

Президент Обаманын саламаттык тармагын реформалоо планын Конгресстин эки палатасы бекитип берсе, бул ага Ирактагы жана Ооганстандагы АКШлык аскерлерди каржылоону улантуусуна, финансы секторун реформалоого жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу мыйзамды өткөрүүсүнө жакшы кыртыш даярдамак.

XS
SM
MD
LG