Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:00

Кыргызстан

Оппозицияга өткөндөрдүн жүз күндүк программасы

Шаршемби күнү Бишкекте “Ар-намыс” партиясы бир катар партияларды, коомдук уюмдарды чогултуп, бийликке алдыдагы жүз күн ичинде жасала турчу негизги иштер тууралуу сунуштарды жасашты.

"Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов.
Текст көлөмү - +
Жыйынга чакырылган ири партиялардын айрымдары гана келсе, бийлик өкүлдөрүнөн бирөө да келген жок.

100 күндүк иш план тууралуу сунуштарды талкуулаган 14-июлдагы иш чараны “Ар-намыс” партиясы уюштурган. Алар түзгөн адистер тобу коопсуздук жана тартип, түштүктү калыбына кетирүү, экономикалык чаралар, күз жана кышка даярдык жаатында 45 пункттан турган сунушту ортого коюшту.

Ага ылайык, коопсуздук жаатында тез арада Ош жана Жалал-Абад облустарында баш аламандыктарды уюштургандарды кармоо, коогалаң боюнча эл аралык коомчулук ишене тургандай иликтөө иштерин жүргүзүү, кырдаал курчуп кетүүсүн алдын алуу чараларын уюштуруу, маселен Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУнун аскерий машыгуусун өткөрүү, түрдүү укук бузууларга жол бербөө сыяктуу маселелер белгиленген.

Ал эми экономикалык чаралар боюнча, жеке мүлктөрдү тартып алуу фактыларын токтотуу үчүн президенттин алдында комиссия түзүү, ишкерлерди жөнү жок текшерүүлөрдү чектөө, начарлап кеткен инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жаатында чараларды көрүү керектиги айтылган. Андан тышкары Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү, кышка даярдык боюнча кечиктирилгис чаралар керектиги баса белгиленген.

Ошентсе да аталган талкууга чакырылган жыйырмадан ашык таанымал партиялардан “Эл арманы”, Комунисттер партиясынын лидерлери гана жүрдү. Жыйынга келет делген “Ата Журт”, “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын лидерлери болгон жок. Бийлик өкүлдөрү жана 7-апрелден кийин бийликке келген партиялар аталган жыйынга катышкан жок.

Жыйындын алып баруучусу мурдагы вице-премьер-министр, “Ар-намыс” партиясына жаңы эле кирген Акылбек Жапаровдун айтымында, эгер бийлик алар сунуштап аткан 100 күндүк планды кабыл алса, анда алдыдагы кризистерди болтурбоого мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү:
- Мурунку өкмөттө биз 13 миллард сом дефицит бар деп бекиткенбиз. Тилекке каршы Убактылуу өкмөттүн учурунда бюджеттин дефецити дагы ошончо өсүп кетти. Биздин эсептөөлөр боюнча 20 миллиард сомдун тегерегинде болуп атат. Ошонун 10 миллиард сомунун булактары жок.

Ушул коркунучтарды биз канткенде азайта алабыз? Мына биз бүгүнкү иш-чаранын негизинде сунуштап аткан 100 күндүк иш-планды өкмөт кабыл алып, аткара турган болсо, ушл сыяктуу кризистерди болтурбоого мүмкүнчүлүктөр бар.

“Ар-намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов жыйын ачылышында сөз сүйлөп
, аталган иш-чара партиянын жарнамасы же PR акциясы эместигин айтып, андан соң дароо эле “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кечээки сөздөрүнө карата жооп берүүгө үлгүрдү.

Анын айтымында, Ө.Текебаевдин Бакиевчилер беш партия аркылуу шайлоого баратышат деген сөзү жана ага “Ар намыс” партиясын да кошкону туура эмес.

“Элдерди минтип бөлүү акылдуу жүрүш эмес. Мурдагы бийлик тушунда деле көп адамдар таза иштешкен”,  - дейт Ф.Кулов.

Айта кетсек, кечээ “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Ө.Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдө стабилдүүлүктү бузууну каалаган күчтөр бар экенин, алар учурда беш колонна болуп бийликке келүүгө камынып атышканын, алар атап айтканда “Республика”, “Ата журт”, “Ар намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялар экендигин айткан:

О.Текебаев
- Кээ бир саясий күчтөр чын эле өлкөдө кырдаалдын татаалданышын, чатактар болушун каалап атышат. Алар ошондой экстремисттик, радикалдык маанайларды пайдаланып, өздөрүнө электорат алганга аракет кылып атышат. Алар баарыбызга белгилүү.

Булар регионализмдин, реваншизмдин туусун жамынгандар. Негизинен булардын бардыгы эле “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү же аларды колдоп жүргөн адамдар. Бүгүн алар беш партияга бөлүнүп, беш колонна менен реванш алганга аракет кылып атышат.

“Эл арманы” партиясынын төрагасы Мирослав Ниязов менен Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдердин айтымында, алар “Ар намыс” уюштурган жыйынга жөн гана конок катары, өз пикирлерин айтуу максатында келишкен жана ушул тапта Ф.Куловдун тегерегинде биригүү маселеси турган жок.

И.Масалиев

Коммунисттердин лидери Исхак Масалиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип
, Коммунисттер партиясы шайлоого өз алдынча бара турганын, башка бир дагы партияга кошулбасын билдирди.

Ал эми М.Ниязовдин пикиринде, президенттик башкарууну колдоп аткан партиялар жакын арада биригип калуулары ыктымал:

Мирослав Ниязов
- Бизде президенттик бийликти колдогон бир топ партиялар бар. Аларды билесиңер, булар “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эл арманы” андан тышкары дагы майда партиялар бар. Бирок колдогондор көп болуп атат.

Мына ошол партиялардын тегерегинде биригүүлөр болушу мүмкүн. Бирок бүт баары бириге алат дегенден мен алысмын. Бирок максаттар бир болгондон кийин биригишибиз мүмкүн.


Ошентсе да жыйынга катышкандар арасында өлкөдө кырдаал абдан оор экенин, ага карабай бийлик талашмай, саясий оюндар токтобой атканын айткандар болду.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, ушул тапта саясий упай топтоо максатында өткөрүлгөн иш-чаралар көп болуп атат. Ал өз сөзүндө өлкөдө жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу турганын айтып, отургандарды шайлоо, папке талашуу оюндарына берилбөөгө, мамлекетти сактап калууга чакырды.

Ал эми “Ар-намыс” партиясынын демилгеси менен сунушталып аткан 100 күндүк иш план президент Роза Отунбаевага жана ал жетектеген өкмөткө айрым оңдоп-түзөтүүлөр кирген соң жөнөтүлмөй болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
21.07.2010 11:23
ел журтка баш болом дегендер үчүн ел журт өтө улуу. ел журт сүйбөгөндү кудайда сүйбөстүгү мүмкүн.еми силер бул жактан жакшылык күтбөй тиги жактан күтүп беш парызды карманып кудай деп мечитке киргилечи. аллагым мундан мурунку кылмыш етмишиңерди кечирип салса ажеп емес.

кимден: мекенчил каяктан: Кыргызстан
19.07.2010 11:08
100 кундук программанар бар экен мурда бийликте турганда эмне иштебединер ошондой эле чынчыл экенсинер. премер, вице, экон.онуктуруу минст. болдунар эмне кылып лотурдунар ошондо.

кимден: Жумабай каяктан: Кыргызстан
17.07.2010 18:00
Акылбек Жапаров Кыргызстанды 24 жыл башкарган Калугул овлуянын чебереси Турдуахун Усубалиевдин назарынан калган озу айтмакчы кудайдан жакшылык сурап намаз окусун элге кукула болбой.
Искак Масалиев Компартия атасынан калгансып менчиктирип алыптыр жакында чыныгы коммунистер чогулуп башка лидер шайлайбыз.
Адахандын созу эле бар экен колунан эчнерсе башка келбейт экен.
Так что урматуу бывший чиновниктер жон эле жургулочу элдин назаринан калбай.

кимден: debi каяктан: bishkek
16.07.2010 18:03
Феликс менен Акылбек берки Мирослав, Адахан, Омурбек (Субаналиев)терге кошулбаса керек. Феликске шанс берилген. бирок өзү колдон чыгарып жиберди. эми үндөбөй эле иштеп, өзүн көрсөтө берсе болмок.

кимден: Садыр каяктан: Бишкек
16.07.2010 15:47
Партиялар "ит куугандай" арыш менен жарыша башташты. "Республика" деген партия кечээ каттоодон отпой жатып, бугун ар бир районго жетээрлик партбилеттерин таратып чандатып кирди. "Бутун (Бирдиктуу десе туура болмок) Кыргызстан" деген партия мурдакуну каттоодон отуп-отпой бугун шаардын ичин жайнатып жарнак-корнокторун козу-карын кылып жиберди. Республика партиясы го, капчыктуу жигиттер, таратса таратып жаткандыр, а бу Бутун Кыргызстан (Адахам) иштебей бош журду эле, же убагында басып алып койгонбу,алды-артын карай турган туру жок. Илгери "кайран жигит" депутаттыкка чыкканда айылды велосипед менен кыдырып, мен силерге "Ат" болуп берейин деп журуп депутат болгон эле. Бирок байлык менен бийлигин кимди болсо дагы бузабы, бул жигитти таптакыр башка "азамат" кылып салды. Азыр бул "азамат" президенттик бийликти орнотуп, карууну казык кылып, окендердин колдоосун алганбы, опурулуп жатат. Урматтуу калайык, эки бороонду башыбыздан откордук, эки ханды (1 -чиси аялы менен баласынын айынан), (2-чиси баласы менен бир туугандарынын айынан) кубалап тынчыттык. Жуздогон жигиттер кыргыздын гулдогон келечеги учун деп жандарын сайып отушту. Эми ушундайда дагы аракка, акчага, айлыкка, кызматка, дос-тууганчылдык, жердешчиликке алданабызбы. Жок туугандар козунорду ачкыла, эч качан силерди сатып ала тургандарга алданбагыла, журогунор кимге ишенич берсе ошону шайлагыла. Кыргыздын келечегин сатпагыла. Бугун силерди сатып алгандар, эртен олкону сатып жоготот, беш-он сомго алданбайлы туугандар. Партия керек болгондо тузо калгандар-алар элди алдайтурган партиялар, аларга эл кереги жок, аларга бийлик, байлык керек, ошону элди алдап акча менен алыш керек. Ал эми 10-15 жылдан бери келе жаткан партиялар бар,коздогон максаттары, программалары бар мына ошолор элге кызмат кылайын дегендер. Алардын арасынан озунузго ишеним арткандарга добуш бериниз. Ал кечээ каттодон отуп, бугун акча тараткандарга ишенбей эле койсонуздар болот, дагы бир жолу айтам.

кимден: Осконбай каяктан: ОШ
16.07.2010 10:00
Ниязов деген "азамат" элдин тагдыры менен ойноп жатат. Бул киши Бакиевдин убагында ун дебестен, дайны жок отурду эле. Мына азыр кыргыздын баатыр жигиттери тошун окко тосуп, Ниязов корккон бийликти талкалагандан кийин, башын секин которуп, Орусияга чапкылап ошолордун максатын ишке ашырайын деп жатат. Кыргыз элинин тагдыры кылдын учунда турганда, урматтуу Ниязов "от" менен ойногонду токтотуш керек. Кыргыз элинин алдында чон мумкунчулук турат, кыргыздар оз келечегин аныктаганы турат. Коррупциядан, дос-тууганчылыктан, жердешчиликтен арылайын деген чон максатта турат. Кыргызстан деген Борбордук Азияда гулдогон олкону куралы деп турат. Мына ушундай учурда бул "азаматтын" тизгинди башка жакка бургусу келип жатканы - чыккынчылыкка тете болуп эсептелет. Мындай "азаматтарга" кыргыз эли оз баасын берет.

кимден: Улан каяктан: Нарын
16.07.2010 02:18
Кагылайын Кыргыз калкым башыбыздан коп оор кундор отуп атат,бир жагынан кендирди кескен кедейлик,бир жагынан элди,элдин тагдырын,жашоосун ойлобогон саясатчылар кыйнап бутту го бизди.Акаевди кууганда мына эми жакшы жашоого багыт алдык дедик эле,ал оюбузду да таш капты,тескерисинче ушул жогорудагы Кулов, Жапаров,Мадумаров,Масалиев,Данияр Усонов жана (конечно) "Улуу Урматтуу Курманбек Салиевич балдары жана туугандары менен" элибизди кедейликтин сазына белчесине чейин тыгып туруп качканы качып, качпаганы мына минтип актана суйлоп(таза иштегендер да бар болчуарабызда деп),100 кундук план деп шылтоолоп эл козуно шайлоо астында чыгып атышат,("умный" соз суйлошуп).Айтаарым ушуларга ишенбегилечи,корбодукпу иштегенин же калппы. Акылбек Жапаров малга паспорт,малга страховка деп закон чыгарды го,элди ойлогону ушулбу(бир койго-17 сомдон,бодого-100 сомдон жылына деп,эсептеп коргулочу канча акчанар кетээр экен, ансыз да аран турган уй-булолук бюджеттен),Данияр Усенов болсо телефонго "за соединение" деп 60 тыйындан кошту го жок жерден чыгарып,эсептесенер кунуно 5 жолудан чалганда ар бир абонент 3 сом кетирет, бизде 4 млн. абонент бар , 15 млн.сомго чейин жон тушот экен аны да жейбиз деп ойлогон.Кулов болсо 2007 жылдагы ноябрь айындагы митингде Ала-Тоо аянтында 50 миндей киши турса мен 5 мин кишини ээрчибейм деп чыкпай койгон,эгерде ошондо чыгып эл менен болгонундо анда Бакиев тандемдин келишими боюнча закондуу турдо кетмек(балким ким билет ошондо деле аттырмак болуш керк элди).Мадумаров менен Масалиев болсо олтурду го Жогорку Кенеште ар турдуу законду кабыл алышып,Макс менен Бакска жол ачып берип,болгон Республиканын бюджетинин акчасын колуна салып,анда эмне унчугушпайт ооздоруна талкан салып алгансып,эми карасан "умный" создорду суйлоп олтурганын. президенттик бийликти кордук го бир эмес эки жолу,биз шорун каткырларга жакшы Президент буйрубады го, жыйырма жыл эзди го элди ар кандай законду кабыл алып,жердин баарын сатттынар,алчунарды алдынар,ьерчунорду бердинер. эми кантип уялбай суйлош турасынар "агалар",Силерди коройун деген козум жок кеткилечи пенсияга.

кимден: Жаштар
15.07.2010 15:01
Бул кайран митаамдарды тушунсо болот,жакын арада люстрация мыйзамы чыкса.Булардын шоору катат саясатан туболуко кетет.Ошону учун алдар косолор ,бирикпеген кайнасада каны кошулбагандар оздорун ойлоп оппазиция имиш боло калышпадыбы?Бирдеме болсо оппазицияны кугунтуктап атат бийлик дешетда!!! Тушундугорбу аферистерди? Булар элди ойлобой оз максатын кара жанын жаман максатарын ойлоп алдылай коргонуп атканы.Кандай ыкмага барбасын, кантип кана алдай дебесин? ушуларды биринчи кылып люстрация мыйзамына бекитип ,саясий зомбилерди туболук пенсияга кетиришибиз керек!!!!!!!

кимден: дияр каяктан: москва
15.07.2010 13:33
мен ойлойт элем элди тынчтыкка чакырып бийликке жаштарды алып келсек биздин жаштарыбыз иштей тургандардын бардыгы россияда карт карышкырлар спортсмен балдарга жолду берсе бизге элди ойлогон адам керек мамлекетти жеп элди атып жок кылган эмес динди тушунгон ыйманду жаштар жаман улут жок жаман адам коп акчалуу бийлик талашкан адам коп эч ким элди ойлогон жок аалах сиздерге ынсап берсин

кимден: Жази каяктан: Ош
15.07.2010 12:19
100 күндүк иш планды иш жүзүндө көрсөтүп, анан башыңарды көтөрүп чыксаңар жакшы болот эле, куру бекер сөздү токтотуп, ансыз деле эл силерден тажап бүттү
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)