Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 02:00

Дүйнө

Москва аза күтүүдө

Россиянын борбору аза күтүүдө. Москва метросундагы террор балааматынан набыт кеткендер саны отуз тогузга жетти. Жарадар болгондор саны 70тен ашат, жоон тобунун абалы оор. Бийликтер бул ишти уюштургандар сөзсүз табылат жана жазасын алат деп ишендиришүүдө.

Москва -- Шаар тургундары метродо бомба жарылган эки станцияда гүлдестелер коюп, шам жагып жатышат.
x
Москва -- Шаар тургундары метродо бомба жарылган эки станцияда гүлдестелер коюп, шам жагып жатышат.
Текст көлөмү - +
Бардык жерде желектер түшүрүлдү, оюн-зоок иштери токтотулду, бир катар телеканалдар көңүл ачар программаларын көрсөткөндөн баш тартышты. Бейжазык кишилер мерт болгон жерлерге шаар тургундары шам жагып, гүлдестелер коюп жатышат.

Москвада коопсуздук иштери күчөтүлдү. Өкмөт балааматтан опот кеткендер менен жабыр тарткандарга, алардын үй-бөлүлөрүнө материалдык жардам көрсөтмөй болду.

Президент Дмитрий Медведев менен премьер Владимир Путин коопсуздук органдарына террорчуларды таап, алардын баскан изин кетмендеп салганга көрсөтмө беришти.

"Бул кишилер, аларды киши деп айтканга да болбойт, тек гана жыркычтар, кандай жүйөөгө таянганын айтпаганда да ар кандай мыйзамга, дегеле ар кандай моралга сыйбаган кылмыш жасагандар. Менин кенедей күмөнүм жок: биз аларды табабыз жана баарын тыйпыл кылабыз", - деп айтты орус президенти.

Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников айрым таныктарга таянып, метродогу эки кыянатты Түндүк Кавказдагы козголоңчул күчтөр жасаганынан кадик санаган жок. Акыркы кабарларда ФСБ муну чечен козголоңчусу Доку Умаровдун тобунан көрүп жатканы айтылат. Аларга, кыязы, тышкы иштер министри Сергей Лавровдун болжолунда, ооган-пакистан чек арасындагы "ээн жерлерди" сыйынт кылып алышкан террорчулар көмөктөшкөн шекилденет.

Жосмол-жоромолдордо жанкечти эки аялга славян уркундагы дагы эки аял көмөктөшкөнү айтылууда. Алардын түкшөмөл түспөлү түзүлүп, издөө иштери жүрүп жатат.

Москва метросундагы кыянатты эл аралык коомчулук, алардын ичинде АКШ президенти Барак Обама, Евросоюз лидерлери, Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, "чоң сегиздин" Канадада өтүп жаткан жыйыны жана башкалар кескин айыпташты. Немец канцлери Ангела Меркел Германиянын атынан орус бийликтерине көңүл айтты. "Биз Россияны күчүбүз канчага жетсе, ошончо өлчөмдө колдойбуз. Россиянын досондо элине каршы буга окшогон террордук кыянат таптакыр жол берилгис иш", - деп билдирди ал.

Россиядагы бийлик оппоненттери күнөөнүн көп бөлүгүн коопсуздук органдарына жүктөштү. "Бул окуядан кийин Медведев премьер Путинди кызматтан алышы керек, анткени ал он бир жыл мурда эле орус шаарларында террордук аракеттерди тыптыйыл тыйганга убада берген. Бул үчүн ал биздин жарандык жана саясий укуктарыбызды тартып алды,бирок коопсуздугубузду камсыз кыла алган жок", - деп жазды өзүнүн "Жандуу журналында" оппозициядагы "Тилектештик" кыймылынын лидери Илья Яшин.

"Ведомости" гезити кечээги окуя биринчи жана акыркы кыянат эместигин эске салып, "өлкөдө коопсуздук системасы иштебей калганын, бирок ФСБнын бюджети жыл сайын өсүп жатканын" белгиледи.

Москванын метросу аркылуу күн сайын алты миллионго чукул эл каттайт. 2004-жылы февралда да метрополитенде бомба жарылып, 41 кишинин өмүрү кыйылган. Андан сегиз ай өткөн соң ушундай дагы бир окуядан он киши мерт болгон.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ажыбек ИСМАИЛОВ каяктан: Базар-Коргон р-н
31.03.2010 01:24
Метродо болгон окуя бардык өлкөнүн тынчын алды. Биз да келген туристтерден, альпинсттерден этият болуп көзгө илмексен болбой туулган жерди көздүн карегиндей сактоо керек.
Москва өкмөтү азыр терең кайгыда экени жалпыга маалым. Бирок кылмышка шектүү делгендерди тезирек издесе, тапса жакшы болмок. Себеби ал жакта эмгек мигранттар бар да. Ошолордун мойнуна түшүү коркунчу да бар. Анткени апрель айында тазалоо сыяктуу көчөлөрдө таздар пайда болот. Азыр шектүү делген топту сүрүштүрсө жакшы болмок. Кайгылуу окуядан кийин жер-жерлерде күчөтүлгөн тартипте менттер, омондор тартипти көзөмөлдөп жүрүшөт.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.03.2010 01:07
Мен РУДНде окуйм саат 9.00 английский языка барышым керек эле, (лубянкадан, парк культурадан өтүп, юго-западга бармакмын) ырас барбай калыптырмын деп сүйүнп жатам.
Кудай сактады, кудай сактасын иншаллах!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)