Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Менчиктештирүүнүн кыргызча формуласы


Кыргызстандын каржы-экономикалык тармагына бекем отуруп алган чет элдик жарандардын жарасы ачыла баштады. Жакында эле италиялык соттун чечиминен кийин “MGN group” жетекчиси Евгений Гуревич бардык ээлеген кызматтарын тапшырып берди.

Ага чейин анын жакын өнөктөшү, “АзияУниверсалБанктын” кожоюну Михаил Наделди Орусиянын тиешелүү органдары каржылык махинациялары үчүн айыптап келгени айтылган.

Евгений Гуревич
- Кыргызстандагы “MGN group” баш болгон көптөгөн каржылык жана саясий долбоорлордун автору катары сыпатталып жүрөт. “MGN group” 2008-жылы гана өлкөнүн каржы рыногуна киргени менен бир жыл өтпөй Кыргызстандагы алдыңкы ишканаларды тейлөөгө алды. Ал түзгөн ишкана “Электр станциялары”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Кыргызтелеком”, “Кыргызгаз”, “Түндүкэлектр” сыяктуу гиганттардын активдерин башкарууга жетишип, Е.Гуревич өзү аталган ишканалардын директорлор кеңешине кирип турду. Натыйжада жакында эле “Түндүкэлектр” үч миллион, “Кыргызтелеком” 40 миллион доллардан ашуун каражатка жеке колго сатылып кетти.

Жакында эле Римдик судья Альдо Моргини (Aldo Morgigni) Евгений Гуревичти кармоо тууралуу чечим чыгарып, аны италиялык кылмыштуу топ менен бирге мыйзамсыз каржылык операцияларды жасаганы үчүн айыптады. Е.Гуревич мындай айыптоолорду четке какканы менен активдерин башкарууга берген Өнүктүрүү фонду “MGN group” менен байланышын үзгөнүн шаша-буша жарыялай калды.

“АзияУниверсалБанктын” кожоюну Михаил Надель Е.Гуревичтин жакын өнөктөшү. БЭКтин мүчөлөрү кыйладан бери дал ушул “АзияУниверсалБанк” менен “Манас” банкы аркылуу Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевди курчаган топ өлкөдөн кыйладан бери эле миллиондогон каражаттарды чыгарып кетип атышканын айтып келишет. Ал эми “Манас” банктын ээси Валерий Белоконь менен М.Бакиев чогуу ишкерлик кылышканы белгилүү.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов болсо “Кыргызтелеком” менен “Түндүкэлектрди” сатып алган компанияларга “MGN groupтун” тиешеси жоктугун, ал эми өз кезегинде өкмөттүн “MGN group” компаниясына тиешеси жоктугун билдирди:

- “MGN” боюнча. Бул компания жанагы “Кыргызтелеком” боюнча жеңген компанияларга тиешеси жок. “MGN group” толук жеке менчик компания. Өкмөттүн аларга эч кандай тиешеси жок. Ал эми “MGN groupтун” көрсөткөн кызматтары тууралуу айтсак, алар негизинен Игорь Чудинов башкарган Өнүктүрүү фондуна кызмат көрсөтүшкөн...

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү, “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаевдин пикиринде, өкмөт башчынын “MGN groupка тиешебиз жок” деген сөзү чындыкка дал келбейт. Анткени дал ушул “MGN group” жетекчилери дирижердук кылып мамлекеттик ишканаларды сатыкка чыгартып, кайра эле өздөрү сатып алышкан:

- Өкмөт да бул жерде саясий куйтулук кылып атат. Тиешебиз жок, тааныбайбыз деп. Тааныйт, билет. Ошол Е.Гуревич баштаган топтун айтып берген, жасап берген схемасы менен “Кыргызтелекомду”, “Түндүкэлектрди” сатып атышат. Саткан да өзүлөрү, алган да өзүлөрү...

Орусиялык маалымат каражаттары былтыр эле президенттин кичүү уулу бир катар чет элдик жарандар менен бириге Кыргызcтандын каржы рыногун басып алышканын жазышып чыгышкан. Орусия болсо 1,7 миллиарддык насыя маселесин созуп, мурда берген 300 миллион долларынын дарегин сурай баштаган.

Ал арада М.Бакиевдин орун басары Алексей Елисеев маалымат каражаттарына интервью берип, орус кредитин пайызы менен кайтарууну башташканын, Өнүктүрүү фонду активдерин тышкы рынокто жана ички рынокто жайгаштырып, пайда таап атышканын айтты. А.Елисеевдин айтымында, тышкы рынокто Өнүктүрүү фонду орусиялык компаниялардын акцияларын сатып алса, ички рынокто коммерциялык банктарга акча салган.

“Ата-мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин
айтымында, учурда өлкөдөгү капиталдын, бар байлыктын баары сыртка ташылууда. Мамлекеттик ири ишканаларды сатууну, элдин акыркы тыйынына чейин таланып-тоноону уюштургандардын аркасында да үй-бүлөнүн кулагы көрүнүп турат. Андыктан, саясатчынын баамында өлкөнүн каржы тармагындагы азыркы абал чиеленишкен кылмыштуу топтун схемасын, спрутту элестетет.



Саясий серепчи Марс Сариевдин ырасташынча
, чындап эле Е.Гуревичтин “Италия мафиясына тиешеси бар” делип айыпталышы кыргыз бийлигине көө жабууда. “Эми мамлекеттин каржы тармагындагы негизги өнөктөшү болуп келген “MGN groupту” катуу иликтеп, текшерип чыкпаса бийликтин биротоло аброю кетет”,- дейт талдоочу.

XS
SM
MD
LG