Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:58

Саясат

О. Молдалиев: Эл аралык уюмдар бир беткей сүйлөп жатат

Саясат таанучу Орозбек Молдалиев Кыргызстанда ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун келишине эле эмес жалпы эле эл аралык уюмдарга каршылык күчөп баратканын белгилейт. Анын баамында, буга негизги себеп - эл аралык уюмдардын Ош окуяларына бир беткей, туура эмес баа берип жатканында.

Текст көлөмү - +

- Мына Кыргызстанга ЕККУнун полициялык кеңешчи тобу келгени жатат. Учурда коомчулукта бул топтун киргизилишине каршы акциялар болуп жатат. Сиздин көз карашыңызда бул акциялардын себеби эмнеде болуп жатат, же аларга толук маалыматтын жетпей жатканынан ушундай акциялар чыгып жатабы?

- Толук маалымат жетпей атат деген башында туура болчу. Бирок маалыматты толук жеткирип, атайын иш жүргүзгөнүнө карабай эле акциялардын масштабы көбөйүп баратат. Бул жерде ар кандай себептер бар. Бул жерде патриоттук топтор бар атайын иштеген. Жалаң эле ЕККУнун полицияларына эле эмес, бүт эле эл аралык уюмдарга каршы протест пайда болду. Анткени өзүңүздөр билесиздер, БУУнун миссиясы, Чек арасыз дарыгерлердин уюму, «Хюман райтс вотч» уюму баш болуп эле түштүктөгү окуяларга бир беткей баа берип ташташпадыбы. Туура эмес, калыс эмес баасын бергенине байланыштуу ошого нааразылыктар көп болуп атат. Булар туура эмес чечим чыгарат экен, бир беткей күнөөлөп Кыргызстанды жаман атты кылып атат деп. Чынында маселе ошондо болуп атат.

- Өткөн жумада Тышкы иштер министрлиги дагы бул келе турган топтун аталышы да туура эмес болгондугу тескери таасир жаратып жатат деген өзүнүн оюн билдирди. Мисалы эл аралык тынчтык орнотуу күчтөрү, эл аралык полиция күчтөрү деген ат дагы эл арасында туура эмес кабылданып жатат деген. Сиздин көз карашыңызда бул кандай?

- Полициянын аттарынан болуп атат деген сөз бул Тышкы иштер министрлигинин божомолу болсо керек. Маселенин негизи башка жакта жатат. Экинчи себептер бар, патриот жаштардан башка дагы кандайдыр бир полиция күчтөрү келсе, мониторинг жүргүзсө, кандайдыр бир туура эмес иштерибиз чыгып калат деген топтор да бар. Албетте, биздин укук коргоо органдарынын ичинде коррупция бар, арызданып аткан бир топ маселелерде чындык жакка ооп калышы мүмкүн деп кооптонгондор да жок эмес.

- Полициялык кеңешчи тобу булар кеңеш берет, мониторинг жүргүзөт, жардам берет деп атышат. Негизи эле азыр биздин күч органдары ушундай жардамдарга муктажбы, булар чын эле туруктуулукту орнотууга салым кошо алабы?

- Көп нааразылык болгондугуна байланыштуу мониторингди алып салса деле болмок. Консультативдик жардамга тренинг жүргүзгөнгө муктаждыктар бар. Анткени биздин укук коргоо орагандарыбыздын ар кандай себептер менен профессионалдык деңгээли төмөн экени айкын көрүнүп калбадыбы.

- Азыркы күндө биздин күч структуралары ошол полиция күчтөрүнүнүн кеңешчи топтун коопсуздугун камсыз кылалабы?

- Ал топтун коопсуздугуна эч ким деле кол салып коркутпайт болуш керек. Бирок бул жерде маселе бар да, эгерде кооптонууга негиз бар боло турган болсо тренингди Бишкектен деле өткөрсө болот да. Дагы бир маселе бар, ошол 52 кишини бул Жака алып келгенден көрө, Кыргызстанда эмес, биздин укук коргоо органдарына Европадагы тренинг өткөрүү борборлорго чакырып алып деле окутса деле болот. мындан чыга турганга жол тапса болот.

- Сиздин көз карашыңызда бул топ Кыргызстан канча убакыт жүрүш керек?

-  Булардын мөөнөтүн 4 ай деп белгилеп атат. бирок эгерде мониторинг жүргүзүүнү алып салса, тренинг жүргүзгөнгө эки ай деле жетет.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Руслан каяктан: Ош
22.08.2010 16:56
Бар болунуз Орозбек аке!
Сиз сыяктуу акылман аксакалдарыбыз кобуроок болсо! Анча мынча министр, депутат агаларыбызга, керек болсо премьер министрлерге караганда коп нерсеге салмактуу баа бересиз. Ушунунуздан жазбаныз.

кимден: Венера
17.08.2010 19:07
Уруш чыкканда жардам бергиле десе унчукпай коюшуп,эми тынчыганда кайра кокутуп,чукулашпасын эл аралык уюмдар.

кимден: KG bala каяктан: Korea
16.08.2010 20:57
Bul negizinen KGnin ozunun ichki iwi bolup sanalat, buga ech kanday sirttan kelip kiyligiwuugo ech bir mamlekettin ukugu jok bolchu. Birok, bizdin okmot bul iwke kaydiger karagandiktan b.a alsiz bolgonduktan bul iw kandaydir bir uyumdardin bir taraptuu baa beriwi m.n ayaktap kalip atat... Mina 2005-j Andjandagi kotoruluwtu Karimov owol ele jerde basip saldi, jada kalsa sirttan kelgen jurnalisterdi da kirgizgen emes! Bizdikilerda uwunday kilsa bolot bele?-albette bolot ele... A birok bizdi Akaev obwiy dom kilip ketkenden beri, uwul ubakitka cheyin obwiy dom!!!

кимден: РАТКУМ каяктан: МОСКВА
16.08.2010 17:50
Азаматсыз,менимче эн туура ой жугуртконсуз.Эмне,туура эмес маалымат берген уюмдарга биз далилдей албайбызбы же алар баары бир бизди укпайбы?Эмне учун андай уюмдарга чара корулбойт,алардын Кыргызстанга болгон жолун бууп коюш керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)