Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Орусия: кор мигранттын оор турмушу


Орусияда өткөн аптада Төмөнкү Новгород шаарында кыргызстандык жигитке кол салынды. «Сова» укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, көчөдө бараткан кыргыз жаранына эки жактан белгисиз адамдар бычак урушкан. Оор жарадар болгон жигит ооруканага жеткирилгенден көп өтпөй көз жумган.

Окуя өткөн аптада, 13-мартта Төмөнкү Новгород шаарында кечке жуук болгон. Эки кылмышкер (азыркы тапта аты-жөнү тактала элек) 19 жаштагы уланды бычактап кетишкен. Күбөлөрдүн айтымында, бычак уландын күрөө тамырларын кыйган. «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилсе да, ал ошол күнү көз жумган.

Маркумдун ким экенин билүү максатында “Азаттык” үналгысы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров менен байланышканда, элчи буларды айтты:

- Азырынча дайынсыз, Кыргызстандагы туугандарын таппай атабыз. Алар да кайрыла элек. Биздин Түндүк Новгороддо ардактуу консулубуз бар. Ал иштеп атат, азырынча толук маалымат жок. Маалымат болгондо беребиз го.

Орусиялык журналист Андрей Лощактын айтымында, мигранттар азыркы учурга дейре курулуштарда эмгектенишүүдө. Бир айырмасы – бекер иштешүүдө. Жумуш аяктары менен мигранттар өлкөдөн чыгарылып жатканын белгилейт Лощак. Журналист кийинки учурда орусиялык басма сөз каражаттары мигранттарды кылмышкер катары көрсөтүп жатканын да кошумчалады:

- Тажиктер бизде көчө шыпыруучу болуп иштеп атышат. Останкинодо кыргыз кыздар кеңсе жыйнап жүрүшөт. Мен булардын кылмыш ишине барарына ишенбейм.

Орусиядагы эмгек мигранттардын абалын билүү үчүн Москвадагы «Русь-партнер» уюмунун башчысы Руслан Эшимовду кепке тарттык.
“Азаттык”: Орусияга келген мигранттардын саны азайдыбы, же тескерисинче, көбөйүүдөбү?

Руслан Эшимов: Кыргызстанга кеткендер көбүрөөк. Келгени деле бар, бирок алардын бири да иш таба элек. Мага келгендерди алсак, былтыр күнүнө 20-25 киши кайрылчу. Азыр орточо эсептен алганда 15 киши келүүдө.

“Азаттык”: Алар сиздер берген жардамдан пайдаланып, ишке орношчу кагаз алышат экен. Кийин алар менен байланышыңыздар болобу?

Руслан Эшимов: Негизинен бизден каттоодон өтүп, документтерин жасатып алгандан кийин өздөрүнүн күнүн өздөрү көрүшөт.

“Азаттык”: Азыр мигранттардын кайрылуусу, даттануусу көбөйгөндүр?

Руслан Эшимов: Мурда арыз-арманын айтып келген жокко эсе болчу. Аптасына бир же эки жолу болор эле. Ошолор да милицияга түшкөндөр, “өлкөдөн чыгарган жатат, жумуш таба албай калдым” дегендер болчу. Азыр күнүгө ушинтип 2-3 жолу телефон чалышат. Москвага келгендердин баары жакшы жумуш табат экенбиз деп ойлошот. Мурун 12 миң рублдик ишке орношушчу. Кийин ал өйдөлөп, 20 миңден ылдый жумушка эч ким иштебей калган. Азыр болсо 12 миң рублга бааланган жумуш таппай атышат. Ишке орноштуруп бериңиз дегендерге кол кабыш кылабыз. Орусиянын атуулун алгандар керек дешет. Атуулдук алгандар мына десек, туруктуу катталган жери жок дешет.

“Азаттык”: Орусиянын атуулдугун алса да жумуш табуу кыйынбы?

Руслан Эшимов: Атуулдук алгандан соң туруктуу жашаган жери болушу керек. Кээ бир учурда туруктуу жашаган жери болсо да жумушка алышпайт. Ишке алабыз дегендерге жиберсек, «жок, бизге славян түстүүлөр керек» деп кайра ишке албай коюушууда.

“Азаттык”: Эмгек мигранттарга акы төлөбөй, бекер иштеткен учурлар көп кездешет. Акы талап кылгандарын ошол замат өлкөдөн чыгарып жатышат дешүүдө. Ушундай арыз доо менен кайрылган кыргыз мигранттары барбы?

Руслан Эшимов: Мага кечээ эле даттанып келишти. Алтымышка жакын көчө шыпырган уландар өкмөттүк эле мекемеде иштешкен экен, алардын баарына акыркы айлыгын, феврал айыныкын да бербей эле жумуштан кеткиле деп кууп жиберишиптир.

XS
SM
MD
LG