Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Швейцария-Кыргызстан: Тоо-суу империялар алакасы


Швейцариянын Тышкы иштер министри Мишлин Кальми-Рей Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде басма сөз жыйынын өткөрдү
Швейцариянын Тышкы иштер министри Мишлин Кальми-Рей Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде басма сөз жыйынын өткөрдү

Европанын эң тоолуу өлкөсү болгон Швейцариянын Кыргызстандагы долбоорлорунун негизги бөлүгүн суу-энергетикалык тармагын өнүктүрүү түзөт.

Швейцариянын Тышкы иштер министри Мишлин Кальми-Рей Кыргызстанга иш сапары менен келди. Табияты, тоо-суусу жагынан Кыргызстанга окшош келген бул өнүккөн мамлекет нейтралдуулук принцибин кармануу менен башка мамлекеттердин ички саясатына кийлигишпейт. Ошол эле учурда Швейцария бир канча жылдан бери Кыргызстанда социалдык-экономикалык багыттагы бир катар ири долбоорлорун ишке ашырып келет.

Учурунда мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанды Борбор Азиянын Швейцариясына айлантуу идеясын көп айтып, ага жараша бир катар программалар да колго алынган болчу. Ал иш-чаралардын алкагында Швейцария менен алакалар түзүлүп, Кыргызстанда бир катар швейцариялык долбоорлор иштей баштаган.

Кыргызстанга иш-сапары менен келген Швейцариянын Тышкы иштер министри Мишлин Кальми-Рей менен өлкөнүн ырасмий адамдары жолугушуп, дал ошол долбоорлорду өнүктүрүү, экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Европанын эң тоолуу өлкөсү болгон Швейцария өзүндөгү суу запастарын да абдан ырааттуу пайдаланууну мыкты өздөштүргөн. Алардын Кыргызстандагы долбоорлорунун негизги бөлүгүн да суу-энергетикалык тармагын өнүктүрүү түзөт.

Мишлин Кальми-Рейдин айтымында, Борбор Азиядагы мамлекеттерге суу-энергетикалык ресурстарды туура колдонуу жаатында Швейцария көмөкчү болууга даяр:

- Суу көйгөйү Борбор Азияда регионалдык маселе. Бул жерде Швейцария өзүнүн Кызматташтык бюросу аркылуу ага салымын кошуп келатат. Бул чөлкөмдө сууну дагы да эффективдүү пайдалануу үчүн аймактагы өлкөлөрдүн ар бирине өз-өзүнчө программалар иштелүүдө. Алар Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын регионалдык программалары. Биз ошол программаларды улантууга ниеттенип жатабыз. Ал аракетибиз бул аймактагы сууну туура пайдаланууга жардамчы болот деп ойлойм.

Ушул тапта Кыргызстанда Швейцария өкмөтү каржылаган 20 чакты долбоор иштейт. Андан тышкары Борбор Азиядагы мамлекеттерге багытталган он чакты долбоорлор бар. Швейцария каржылаган Кыргызстандагы долбоорлордун бир жылдык бюджети 15 миллион доллардын тегерегинде.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Бактыгүл Каламбекованын айтымында, ушул тапта эки тарап соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо багытында да иш алып барышууда. Буга байланыштуу кийинки жылдын башында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын жолугушуусу пландалган:

- Биз сүйлөшүүлөрүбүздө соода-экономикалык багыттагы кызматташтыгыбызды, инвестициялык алакаларды жакынкы жана узак мөөнөттүү негизде өнүктүрүүгө чоң көңүл бөлдүк.

Дүйнөлүк саясатта өзүнүн нейтарлдуулугу менен да таанымал Швейцария башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишпейт. Андыктан алардын өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү долбоорлору арасында саясий багыттагылары жок. Кыргызстанда алардын суу-энергетикалык долбоорлорунан тышкары, ишкердикти, соода-экономиканы өнүктүрүүгө, айыл-чарба тармагын, саламаттыкты сактоону жакшыртууга, социалдык маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлору бар.

Гүлайым Ашакеева Швейцариянын технологиялык университетиндеги “Борбор Азиядагы чек ара сууларын башкаруу” атуу долбоордун изилдөөчүсү. Анын айтымында, суу ресурстарын башкаруу жаатында Кыргызстан бул өлкөдөн көп нерселерди үйрөнсө болот:

- Биринчиден бул эки өлкөнүн табигый шарттары окшош. Швейцария дагы Еропанын борборундагы мөнгү запастарына, бай суу ресурстарына ээ, ошолорду кармаган өлкө катары белгилүү. Швейцариялык окумуштуулар азыр, айрыкча суу-энергетикалык жаатында Борбор Азиядагы мамлекеттердин өз ара кандай алакарды түзүшү керектиги, суу чатагын болтурбоо, Борбор Азияда келечекте сууну пайдалануу, бөлүштүрүүдө жаңжалдар чыгып кетпөөсү үчүн “Суу дипломатиясы” деген чоң долбоорду баштоонун алдында турушат.


Швейцария мамлекети Кыргызстанга он беш жылдан бери өнүгүү жаатында көмөк көрсөтүп келатат. Алгачкы жолу бул өлкөнүн өнүктүрүү долбоорлору 1993-жылдан тарта келе баштаган. 1995-жылы Швейцария Кыргызстанды өнүгүү жаатында жардам бериш керек болгон негизги мамлекеттердин катарына киргизген. 1997-жылы Бишкекте Швейцариянын кызматташтык бюросу ачылып, ошондон бери бул уюм Кыргызстандагы долбоорлорду тескеп келет.

XS
SM
MD
LG