Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:54

Кыргызстан

Апта окуясы: Ош мэрин бошотуу операциясы...

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан алуу аракети ишке ашпай, шаар башчы ордунда калды. Анын көптөгөн тарапкерлери Ош шаарында митинг өткөрүүгө да үлгүрүштү. Бир катар серепчилер муну борбордук бийликтин алсыздыгы катары баалашууда.

x
Текст көлөмү - +
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кызматынан алуу керектигин бир катар жергиликтүүлөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү буга чейин билдирип келишкен болчу. Президент Роза Отунбаева болсо бул азырынча абдан татаал маселе экенин айтып, так кесе жооп бере алган эмес.

М.Мырзакматовдун айланасындагы кеп-сөздөр күчөп отуруп ушул аптада аны башка кызматка жылдыруу же кызматтан алуу чаралары көрүлгөнү менен кызматынан кеткиси келбеген мэрди ордунан эч ким жылдыра алган жок.

М.Мырзакматовдун бийликке келиши

Учурдагы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 40 жашта. Ош технологиялык университетинде экономикалык багытта билим алган. Өзүнүн эмгек жолун мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда салык инспекциясында баштаган. Кийинчерээк жеке иштер менен алектенип, Кара-Суу районундагы ири базарда “Оомат” аттуу базарды түптөгөн. Андан кийин Ош шаарында “Таатан” аттуу соода комплексин ачкан. М.Мырзакматовду жакшы тааныган Ош мамлекеттик университетинин доценти, Ош шаардык кеңештин депутаты Асамидин Аттокуровдун айтымында, ишкердикти өздөштүрүп алган Оштун мэри учурунда бир катар бизнестерди ачып койгон.

М.Мырзакматов 2007-жылы саясатка аралашып, мурдагы президент Курманбек Бакиев түптөгөн “Ак жол” партиясынын курамында парламентке депутат болуп келген. Көп өтпөй К.Бакиев аны Ош шаарынын мэрлигине дайындаган. 7-апрелдеги окуядан кийин Бакиевдердин кадрлары кызмат орундарынан айрылганына карабай М.Мырзакматов өз ордунда кала берди. Өзгөчө июндагы окуялардан кийин ал Кыргызстандын түштүгүндөгү эң эле таасирдүү саясий фигурага айланды.

Өкүмдар

Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовду кызматынан алуу керектигин бир катар жергиликтүүлөр жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү айтып келишкен. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аны өзбек тектүүлөрдү куугунтукка алууда деп айыпташса, мэрди жактырбаган жергиликтүүлөр “ал ансыз да кыйын кырдаалды оорлотуп атат, криминалдык жол аркылуу башкарууну жүргүзүп келатат, коррупцияга батып кетти” дешүүдө.

Кантсе да президент Роза Отунбаева баштаган бийликке ачык эле моюн толгоп, борбордук бийликтин саясатын четке кагып, кабыл алынган токтом, жарлык, директиваларга баш ийбей өз алдынча аракет кылып аткан Оштун мэри бул жолу от менен ойноп алгандай таасир калтырды.

Жума башында М.Мырзакматов Бишкекке чакыртылып, ага сунушталган түрдүү кызматтардан баш тартып, учурдагы ээлеген кызматынан кетпесин айтып туруп алды. Бишкектеги 2-3 күнгө созулган сүйлөшүүлөрдө борбордук бийликке ачык конфронтацияга барып, “Бишкекте кабыл алынган директивалар Ошто иштебейт” деген сыяктуу интервьюларды берип ийди. Абдан катуу кайтаруудагы, тишине чейин куралданган көптөгөн жан сакчыларынын коштоосундагы мэрди кармоого күч органдары аракет деле кылган жок.

Бишкекте М.Мырзакматовду жок дегенде башка ишке которуу аракети жүрүп аткан маалда Ош шаарында анын тарапкерлери чогулуп, 19-август күнү үч-төрт миң чамалуу адам М.Мырзакматовго тийбөө талабы менен митинг өткөрүштү. 20-август күнү аны вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров Ош шаарына коштоп келип, ал өзүнүн кызматында калганын жарыялады. Чогулгандардын алдында ал өзүн Оштун бирден-бир өкүмдары катары көрсөтүп, аны кетирүүгө аракет кылган президент Роза Отунбаева качып кетишкен мурдагы эки президенттин аркасынан барып калышы да мүмкүн экенин анекдот кыла балп этип салды. Ошондой эле ал түндүк-түштүк маселесин козгоп, борбордук бийлик түштүктүктөрдү куугунтуктап атат деген кине койду:

- Урматтуу калкым! Урматтуу Оштуктар! Мени Бишкекте үч күндөн бери кармашып, “Токой чарбасына барасың, элчи болосуң” деп, мен макулдугумду бербей, Азимбек аке (Бекназаров) өзү жанына алып мени түз сиздердин жаныңыздарга алып келип отурат.

Урматтуу туугандарым, кудай буюрса Ош биздики. Борборду Ошко көчүрүп келебиз. Мен дайыма айтып келгем. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү Чүйдө эмес, Нарында эмес, Таласта эмес так ушул Ошто. Эмне биз бардыгыбыз эле акмак, бардыгыбыз эле Бакиевчи болуп, алар “ангел” болуп калыппы. Кыргызды түндүк-түштүккө бөлгөн Акаевди кетирдик, түндүк-түштүккө бөлгөн Бакиевди кетирдик. Акыры элди бириктирет экен деген үмүт бар эле бул бийликте.


Албетте мэр М.Мырзакматовдун ушундай кыйчалыш маалда түндүк-түштүк маселесин козгоп, кызматынан айрылуу коркунучу пайда болгондо буга жамына калышы ага аброй деле алып келбейт. Анын үстүнө “куугунтукталып атат” деп ал санап өткөн адамдардын дээрлик бардыгы К.Бакиевдин тушунда ири чиновниктер болчу жана азыр да күздө өтчү парламенттик шайлоого башкалар сыяктуу эле даярдык көрүп отурушкан. Андыктан Ош шаарынын тентек мэри К.Бакиевдин тушундагы ири чиновниктерге кошулуп, аны кызматтан алууга чамасы жетпей койгон ырасмий Бишкекке келишкис оппозиция болуп алгандай түр калтырууда.

Мэрди колдогондор бийликте да бар

Килейген мамлекеттик машинанын жалгыз М.Мырзакматовду кызматтан алууга батына албай атканы да түшүнүктүү.

Биринчиден, Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал дале болсо курч бойдон кала берүүдө. Ал эми июндагы коогалаң маалында М.Мырзакматов өзүн жергиликтүү кыргыздардын коргоочусу катары көрсөтүп, түштүктө кыйла аброй топтоп алган. Анын үстүнө жанына көп сандагы куралчан адамдарды чогултууга да жетишкен.

Экинчиден, жогорку бийликтин Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев сыяктуу өкүлдөрү Оштун мэрин колдошору айкын болду.
Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров кечээ М.Мырзакматовду Ош шаарына өзү коштоп келип, аны колдоорун билдирди:

- Ал жерде дагы (Бишкек) Мелистин тарапкерлери толтура. Мелистин колдоочулары бар. Мына Мелисти кызматтан алабыз деп революциядан кийин маселе көтөрүп келишкенде, Орозо күнү жашырбай айтайын, биринчи күндөн мен колдоп келгем. Азыр да колдоп атам. Мына ушул жерде кан төгүлүп атканда Мелистин жанында жүрдүк. Ошондон кийин да Мелисти алуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Ошондо да мен үч күн бою “Мелис калат, Мелис иштеш керек” деп турган кишимин.

Президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев да М.Мырзакматовдун мэрлик ордунда калганы жакшы болду деп эсептээрин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, М.Мырзакматов борбордук бийликке эле баш ийип иштей бермекчи. Ал эми анын айрым сөздөрүн кызуу кандуулук катары кечирип койгон оң:

- Мелис борбордук бийликке баш ийбей коё албайт. Жанагыларды кызуулук менен айтып жибергендир. Экинчи жагы, М.Мырзакматовдун калганы жакшы болду. Себеби бул жактагы абдан катуу кагылышууларда эки тарапты тынчтандырып, жарандык согушка жеткирбей алып калууда М.Мырзакматовдун салымы чоң. “Аны алыш керек” деп талап кылгандардын ичинде карапайым өзбектерди көкүткөндөр бар. “Бул улутчул экен, мындай экен, тигиндей экен” дешип...

Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун” жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин пикиринде, М.Мырзакматовдун качып кеткен президент К.Бакиевдин кадрларын колдоп сүйлөгөнү көп нерседен кабар берип турат. Андыктан анын аркасында ошол эле күчтөр турушу да мүмкүн:

- М.Мырзакматовду азыр бийликтен алып койсо көбүрөөк кубанычта болмокмун. Бирок андай боло турган болсо алардын алдын-ала даярдап койгон сценарийлери ишке ашып кетиши мүмкүн эле.

Мисалы бүгүнкү Мырзакматовдун сүйлөп атканын угуп көрсөк, ал жалаң гана Бакиевдин саясатчыларынын бардыгынын аттарын атап, ошолорду куугунтуктап атат деп айтып атат. Демек ал өзүнүн алардан да чоң колдоо алып турганын көргөздү. Ошондуктан азыр чечкиндүүлүк болбой атса, ушундай чагымдардан коркуп аткан болсок, анда парламенттик шайлоолорго чейин күтүп туруш керек.


Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Бакыт Аманбаевдин айтымында, азыркы бийлик М.Мырзакматовду кызматтан алууга эрки жетпей, алсыз экенин көрсөтүп койду:

- М.Мырзакматов бүгүнкү күнгө чейин өз бийлигин карапайым элге жамынып бийлигин акчасы менен коргоп келаткан, мурдагы президент К.Бакиев түзгөн коррупциялык, криминалдык, үй-бүлөлүк бийликтин бүгүнкү күнгө чейин жашап аткан өкүлү. Мелис - бүгүнкү күндөгү мурдагы бийликтин калдыктарынын бири. Аны бийликтен ала албай жатышканынын себеби, азыркы убактылуу бийликтигин алсыздыгынын белгиси. М.Мырзакматовду жанагы кандуу окуядан кийин дароо эле кызматтан алып салса болот эле. Ал өзү деле дароо кызматынан кетиши керек эле. Чын-чынына келгенде Оштун эле М.Мырзакматовдой болгон криминалдык бийликтин өкүлдөрүн колдобойт. Анын учурдагы күчү – бул, улуттук идеяны жамынып алганында. Мунун кыргыздардын коргоочусу болуп өзүн көрсөтүп атканында. Бирок чынында андай эмес экенин билимдүүлөр түшүнүп турат.

Кандай болгон күндө да кырдаалды курчутуп жиберүүдөн чочулаган бийлик азырынча М.Мырзакматовду ордунда калтырды. Ошентсе да абал бир аз турукташып, күзүндө парламенттик шайлоо өткөн соң М.Мырзакматовдун да кезеги келерин айткандар бар. Бирок ал парламентке кандай күчтөр келеринен көз каранды. Маселен, М.Мырзакматов колдоп аткан Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев сыяктуу К.Бакиев тушундагы мурдагы чиновниктер парламентке келе турган болушса иш башкача болору бышык.

Эске салып койчу нерсе, Ош шаарынын мэри менен борбордук бийликтин тирешин колдонуп, жөнөкөй жарандарды кайраштырып калууну көздөгөн күчтөр да чыгып калышы ыктымал. Бул жерде өзбек тектүүлөр арасында М.Мырзакматовго тишин кайрагандар көп экенин эске албай коюуга болбойт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: jama каяктан: osh
27.08.2010 01:53
азаматсын иелис сендей адамдар коп болсун элибизде.ал эми сени жамандаган адамдар булар коро албагандар.эмне учун мелисти кетире албай жатышат анткени мелис элдин адамы.элге жакпаган иш жасабайт ал.мына азыркы бийлик жиберген губернатор эч бир ишини дайыны жок .иштегенин же иштебегени билинбейт.алэми согуш мезгилин уйунон чыкпай камалып отурду.аны эч ким коргон жок элге жардам бергенин .жана баяыг эле мелис.эки жак чуркап кантип токтотуштун айласын таппй журду.ошол мезгтлде окмоттон бир адам келген жокко.ош менен иштери да болгон жок

кимден: janka каяктан: osh
27.08.2010 01:42
э алайбек кантип. кайсы бетин менен айтып жатасын мелисти колдоп чыккан аялдар мас болчу деп. орозо куну антип куноонду кобойтпо жалган айтып.элдин баары оз калоолору менен чыгышкан болчу ал митингге.анткени мер элдин адамы.эл мер менен.мер эл менен.озун ойлончу ошто андан башка ким бар ошту ойлогон.мына 2005ж ошко жанторо сатыбалдиев губернатор болуп келгенде кокуй марафон кылыш керек сулайман тоонун айланасын кооздоп жомоктогудай кылабыз деп убадаларды берип чогулган акчаны жок кылган. ал эми аны кантип ошту онуктурот деп шайлап койгон билбейм.

кимден: Кайратбек каяктан: Ош
26.08.2010 20:16
Негизи бул бийлик деле жарытпай турган болуп калды себеби Мырзакматовду 7-апрелден кийин эле кетириш керек болчу эми аны кетирген маалда да оштуктар кетирбейт. Себеби азыр ошто копчулук эл ошол эле алайлыктар АТа-журт партиясына ооп кетишти себеби тополон учурунда элди озуно тартып кетишти Эми Мырзакматовду баары эле улутчул деп жаман коруп атышат. А оштуктар эмне учун аны колдошот себеби дал ушул улутчулдугун кодошот. Дал ошол Атамбаев Сариевдер согуш маалында бир басып келип койгон жок бир бекназаровдор келип кабар алып Текебаев вертолеттен тушпой бекинип жургон маалда дал ушул Мырзакматов менен Исаковдор кан кечип журуду. Эми шайлоодон кийин Бир эле Мырзакматовду эмес бакиевчилердин баарын кетирип камаганын камашкерек

кимден: Назира каяктан: Ыссык-Колдон
24.08.2010 18:35
Элдер патриот болсонор биринчи озунорду ондогула анан туугандарынарды пикеттерге элди экиге болгондордун катарына жибербегиле анан мамалекет озу эле онолот. МЕН ТАЗА БОЛСОМ СЕН ТАЗА БОЛСОН АНАН КООМ ТАЗА БОЛОТ.

кимден: Назира каяктан: Ыссык-Колдон
24.08.2010 18:05
Баарынар эле эл чогултуп акчага бакылдайсынар эле какылдайсынар тынч жаткан элди козгоп. нечендеген пенделер откон бул жалганда бир мамлекетти гана эмес буткул дуйнону багындырам кул гылам деген а бирок ТУШУНГУЛОЧУ "АЛЛА ТААЛА кааласа коз ачып жумганча буткул ДУЙНОНУ МУСУЛМАН КЫЛАТ ЭЛЕ. ошондой эле КУДАЙ тобобуздо КАРАП ТУРАТ КААЛАГАНЫАРДЫ КЫЛА АЛБАЙСЫНАР эгер КУДАЙ БУЮРБАСА. ТУШУНСОНОРЧУ?!?!?! кеч болуп кала электе БИЙЛИК деп журуп бут ЭЛИНЕРДИ кырып жок кылып салмай болдунар КЫРГЫЗДЫН баарын КЫРЫП жок кылсанар кимге ЧИНОВНИК болосунар???????????? Эл журт эч кимди колдоп пикетке чыкпай эле койгулачы элим деген жерим деген адам кунумдук 500 сомду бербейт. ВЫБОРго берген акчасын эл жерине керектуу нерселерди куруп коюп баарына жумуш берип коймок. Эч бир пртиянын кооз создоруно ишенбей эле койгулачы?????????

кимден: Назира каяктан: Ыссык-Колдон
24.08.2010 17:51
Чындыгында билими жетишсиз экени суйлогон созунон билинип турат. Бирок билими жетиштуу адамдарыбыз андан жаман нерселерди кылып жатканын коруп эле турабыз. Эми бизге кыргызга билими аз болсо да патриот журогу таза адамдар керек. Тилдин кирин кетирсе болот а журок кири эч качан кетпейт да. Ал эми журогу таза адам эч качан жаман жолго оз элин баштап барбайт.

кимден: кален каяктан: бишкек
24.08.2010 13:21
биз мерди толугу менен колдойбуз. ал кыргыз деген адам. мен мисалы анын иштен кетишине каршымын. оштун эли мер менен бирге. оштогу деструктивдуу абалды колдогондор гана мырзакматовдун кетишине каршыю бул нерсени эл да тушунуп бутту

кимден: Виктория каяктан: Ош
23.08.2010 22:02
Видимо мои земляки понятия не имеют какой должна быть столица Республики. С двумя большими улицами, с маленьким аэропортом и населением всего полмиллиона людей? Если бы они заботились о городе они бы думали об ее экологии, столица это бальшая головная боль с огромным количеством мусора и выхлопных газов и столько же людей которые в большой Бишкек не вмешаются. Да этот Мелис до того боится что из Оша не хочет выезжать и видит себя президентом Республики со столицей Ош.

кимден: Абай каяктан: КГ
23.08.2010 20:04
Мыйзамга баш ийбей ойдо-томон суйлогон, компетентсиз, маданияты төмөн адамдын бийликте калуусун колдоп, жанында жургон Бекназаров, озунун денгээли Мырзакматовдукунан жогору эмес экенин дагы бир жолу корсотту.
Анан Бекназаров кантип мыйзамдуулук тууралуу кеп кылат??
Аттинг!

кимден: Красноярскийдеги кыргыз каяктан: россия
23.08.2010 15:49
Мелисти колдойбуз, ага дагы бир аз убакыт керек, Ош өнүгөт.
Бишкекте эмне бар Мелиске, ушуга окшогон таланттар Бишкекке барып эле жок болуп кетет. Ош борбор болбосо дагы аны чыныгы кыргыз жерине айландыр. Россияда кыргызча реклама же бир сөз эле жазып көр камап таштайт. Ошто бардыгы кыргызча суйлөп кыргызча окушсун. Азаматсың Мелис.
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)