Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:54

Кыргызстан

Максим Бакиевдин Бээжин сапары

Президенттин кенже уулу, өлкөнүн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев Бээжинге иш сапары менен барып келди. Ал коңшу Кытайдан ири инвестиция тартуу аракетин көрүүдө.

x
Текст көлөмү - +
Кытайдан издеген пайда

Бээжин сапарындагы Максим Бакиевдин натыйжалуу иштеринин бири, “Датка-Кемин 500 киловаттык электр өткөрүү линиясынын курулушу” долбоору боюнча документке кол коюлушу болду. Аталган долбоордун наркы 342 миллион долларды түзүп, курулушту 2011-жылы баштоо пландалды.

Андан тышкары Камбар-Ата ГЭСтерин куруу, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун салуу сыяктуу бир катар ири долбоорлор боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү. М. Бакиев Шанхай фондулук биржасы жана Кытайдын Өнүктүрүү банкы менен кызматташуу боюнча да жолугушууларды өткөрдү.

Талдоочулар баса белгилешкендей, ушул тапта Кыргызстанга ири инвестициялар абдан зарыл экени айкын. Ал эми Орусия бермекчи болгон 1,7 миллиард долларлык кредит келбей калган өңдүү.

Былтыр жазда Кыргызстанга Орусиядан 300 миллон доллар өлчөмүндө кредит келген эле. Ал кредиттин азыраак бөлүгү колдонулганы менен Өнүктүрүү фонду калган акча Улуттук банкта жатканын айткан. Бирок серепчилер мындай чоң суммадагы акчалар жөн эле жата бербесин, болду-болбоду алар коммерциялык банктарда айланып атышы мүмкүн экенин айтышууда.

Ошондой эле былтыр жазда Камбар-Ата ГЭСтерин курууга Орусия дагы 1,7 миллиард доллар өлчөмүндө каражат салууга даярдыгын билдирген болчу. Соңку кездери Кыргызстан Орусия менен мамилесин салкындатып алганы, ал жактан ГЭСтерге деген каражат келбей калганы, эми бийликтер башка булактарды издей башташканы айтыла баштаган.

Ошол башка булактарды оболу Кыргызстан Кытайдан издөөдө. Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М. Бакиев дал ушул максатта өзүнүн алгачкы чет элдик иш сапарын Бээжинден баштады.

Кыргызстан Кытайдан эмне үйрөнөт?

“НСК” камсыздоочу компаниясынын адиси Талант Кемеловдун пикиринде, эгерде М.Бакиев Кытай тарап менен сүйлөшүп аткан долбоорлор ишке ашып кете турган болсо Кыргызстандын экономикасы үчүн эле пайда болмок. Кытай менен тыгыз иштешүүдөн коркпоо керектигин, Кыргызстандай аз элдүү өлкө үчүн оболу экономиканы бутка тургузуу зарылдыгын, андан кийин бай өлкөдө жашап калган жарандар өздөрү эле эркиндик, адам укуктары сыяктуу баалуулуктарды орнотуп алышарын айткан экономист, өтө ылдам өнүгүп аткан Кытайдан пайда таап калуу керектигин баса белгиледи:

- Айтылган сөздөрдүн бардыгы аткарылса жакшы эле болмок. Бирок эми аны убакыт көрсөтөт. Бирок чочулоолор да бар. Эми Кытай деле бара-бара катуу өнүккөн сайын демократиялашат болушу керек. Азыр алар ар бир адамына эсептегенде анча деле өнүккөн мамлекет эмес. Ошентсе да аларда бизге сала турган каражаттар бар.

Саясий серепчи Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, калкы 1,5 миллиардга чамалаш Кытай менен тыгыз кызматташууларда улуттук кызыкчылыктарга да көңүл бурулушу керек. Ысык ымала натыйжасында кытайлыктарды өлкөдө толтуруп жиберүүгө да болбойт:

- Кытай-кыргыз мамилесинин келечеги жакшы. Биринчиден, Кытай биздин жакынкы кошунабыз. Экинчиден, алар абдан тездик менен өнүгүп аткан мамлекет. Келишсин, иштешсин, өздөрү да пайда тапсын. Бирок чет элдиктерге жер сатуу, жарандык берүү жактарына чек коюш керек. Антпесе миллиарддан ашкан эли бар өлкө бизди жөн эле сиңирип алышы мүмкүн.

Айта кетсек, М.Бакиев Кытайдын Коммерция министринин орун басары Чэнь Цзян менен жолугушуу учурунда, Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү багытында кытайлыктардын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин айтып, Кытайдан бул жаатта жардам сураган. Кыргызстандык айрым серепчилер болсо, авторитардык багытын улам сайын кеңейтип бараткан Кыргызстан, Кытайдын репрессивдүү методдорун кошо үйрөнүп, адам укуктары, саясий жана жарандык эркиндиктерин биротоло жок кылышпайбы деп чочулашууда.

Канткен күндө да коррупциялык иштери, экономикалык кылмыштары үчүн чоң даражалуу чиновниктерге чейин өлүм жазасына тартылчу Кытайдын катаал системасы Кыргызстанга төп келбесин айткандар бар. Т. Кемеловдун пикиринде, андай катаал шарттар болгондо Кыргызстандагы чиновниктердин дээрлик басымдуу бөлүгү жогорку жазага берилмек окшойт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Пансат каяктан: Ордо
29.01.2010 13:09
Биздин өлкө жардамды кайдан аларын да унуткан өңдүү. Эгерде туугандар Россия менен малилени үзчү болсок өлдүк дей бергиле. Анткени, биз эмес жан багам деп Оруссияда жүргөндөр кайтып келбей калышы ыктымал. Мага ишене бергиле себеби саясатчы эмесмин.

кимден: Акетай каяктан: Бишкек
17.01.2010 15:47
Максим Кытайга туристтик саякат катары эле барып келди, айтылып жаткан суйлошуулор буга чейин деле далай жолу айтылып келе жаткан дежур темалар, "Датка" подстансиясынын курулушу мурда эле чечилген, ишенбесенер мурдагы жылдардагы Кыргыз-Кытай мамилеси боюнча маалыматтарды карап коргуло.
Бул жакта эле чуулдап жатышат, Кытайда анын барганына конул бурган деле киши жок, бир дагы официалдуу маалымат берилген жок, келди кетти деп жазышкан жок. Калп эле чурулдап, маанилуу окуя болгонсуй бергенде эмне?

кимден: Мелис каяктан: Бишкек
16.01.2010 08:35
Баарыбыз европалыктарча ой жүгүртүшүбүз керек!Ошондо ийгилик болот.

кимден: Мамбет
16.01.2010 08:31
Көздөр менен эми баарын арбайт окшойт!...

кимден: Жаныш каяктан: Ош
15.01.2010 18:48
Ушулар Кыргызстанды жок кылып жатат муногу жерде бироо Макс Молодец деп койуптур сымыктанып Макстар элди сууну жерди колду сатып жок кылып жатат бизге кереги жок кытай мытайынын жардамы ошолор жон жардам берчи беле дагы жер суу сурап жатса керек кытайлар басып алат жакында тундукту кытайлар туштукту озбектер бермейдин алмайы бар туугандар

кимден: Satyvaldy Saipidin uulu каяктан: Russian Federation
15.01.2010 18:09
Макс, ты знаешь есть такая мудрая фраза: "Бойтесь данайцев, дары приносящих", а китайцы ещё хуже. Если понимаешь по кыргызски про китайцев есть такая народная фраза: "Кытай кебез менен мууздайт". Так что, лучше дяди Володи и Димы ( Путина и Медведева) проси. Он все равно чуть ближе и роднее нам, чем эти китайцы.

кимден: Жакып каяктан: Туркия
15.01.2010 17:56
Мен ойлойм Максим Кытайга жон барган Кыргызстандын дагы бир байлыгын берип ордуна акча алат азыр дуйнолук дагдарыс держава болсо дагы биринчи алар оз кызыкчылыгын коздошот мунун аркасында бир нерсе бар Кытай бийлиги какбаш болуп буткон, Максим аларга эчким эмес жон эле акча бергендей убакыт когозот

кимден: Эрмек каяктан: Чуй
15.01.2010 17:36
Кытай бизге жон акча береби биринчи алар оздорун ойлойт анан,мен ойлойм РФ акча бербей койуп анан булар акча издеп жатат максимдин ордуна башканы койсон деле кытай бийликтери жолга берет керек болсо акча дагы берет анткени кытай акырындап кыргызстанга кобойуп жатат буларды кайта чыгарыш кыйын болот, менимче максим бир КР байлыктарын берем силерге деп келди болуш керек мумкун АРПА жайлоосу же АК-Сай ким билет буларга ишенип болбой калды

кимден: ASAN каяктан: OSH
15.01.2010 13:07
БИЗ КЫРГЫЗДАР УШУНЧАЛЫК ЭЛЕ КУЛ ЭЛ ЭКЕНБИЗ МАКС МЫНЧА ЭЛЕ КУЛДУК УРУП ЖАТАСЫНАР АТАСЫН УШУЛ БАЛАСЫ ТЕЙЛЕЙТ КОКОН ХАНДЫГЫНДА МУНДАЙ ИШТЕР БОЛГОН ЭМЕС ОРУСТАРДЫ АЛДАП ЭМИ КЫТАЙГА ОТО КАЧЫП КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ НАКТА ЖУЗУН КОРСОТУП ЖАТАТ. МЫНДАЙ БИЙЛИК ТЕЗ КЕТИШ КЕРЕК. ОЙГОН КЫРГЫЗ!!!!!!!!!

кимден: Баки каяктан: Баткен
15.01.2010 13:07
МАКС, глава ЦААРИ, это означает что он начал царить всем Кыргызстаном, он будучий Президент. Да он ездил в Китай и что от этого, в скором будущем китайцы заполонить кыргызстан, для них мы будем трудится и работать. Не дай бог такое, вы все от МАКСа ждете что-то новое, нет он получит кредиты и положить в коммерческие банки и получать от них проценты, а мы будем потом расплачиваться, те деньги которые дал Россияне сейчас в европейских банках крутится, посчитайте сколько он имеет, каждый месяц по 3 млн. долларов. А Правительство не может получить даже кредит с процентами, нет гарантий, а фонд развития править балом, все под них работает.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)