Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

М.Намазалиев: Реформа үчүн Грузиядан өрнөк алуу керек


“Азаттыктын” таңкы түз обосунда экономикалык ишмердүүлүктөрдү текшерүүчү органдарды реформалоо маселесине кайрылдык. Кабарчыбыздын суроолоруна “Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун” жетекчиси Мирсулжан Намазалиев жооп берди.

- Ушул тапта Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктөрдү жүргүзүү канчалык эркин, ачык жана таза? Мурдагы экономикалык ишмердүүлүктөрдү текшерүүчү органдардын ишинде өзгөрүш байкалабы?

- Биринчиден, тилекке каршы экономикалык эркиндиктерге байланышкан процесстер туура эмес өтүп аткандыктан, көптөгөн ишкерлер, инвесторлор азыркы тапта бизнести баштоодон коркуп турушат. Себеби рынок экономикасынын эң башкы элементи болгон жеке менчик бизде жакшы сакталбай атат. Бир тараптан коррупцияланган мамлекет жолтоо болсо, экинчи тараптан ар кыл окуялар болуп кеткен учурда көптөгөн бизнестер уурдалып, талкаланып же тартып алынышы мүмкүн.

Ошондуктан азыркы тапта ар кыл көйгөйлөрдүн аркасынан чечилбей турган проблемалар пайда болуп атат.

- Олуттуу реформаларды жүргүзүүгө эмнелер тоскоол болуп атат? Маселен Грузиянын мисалын толук албасак да, андагы элементтерди колдонуу менен ИИМди, Каржы полициясын реформалоого болбойт беле?

- Менин оюмча бул жерде эң негизгиси – саясий эрк. Себеби Грузиянын мисалын карап көрсөк, М.Саакашвили өзүнүн командасы менен кандайдыр бир идеяны ортого сала турган болушса, аны дароо эле аткарып коюп атышты. Мисалы алар айтышкан, “Келгиле бир катар өлкөлөр үчүн визалык режимди алып салалы” деп. Ошентип алар атайын тизмеге кирген өнүккөн мамлекеттер үчүн визалык режимди дароо эле жок кылып салышты. Андан башка көптөгөн иштерди тез жасап атышты.

Ал эми бизде болсо баягы советтик системадагыдай бардыгы бири-бири менен макулдашууга аргасыз болуп, талаш-тартыш болуп эле чечилбей атат. Эгер президент Р.Отунбаеванын бир министри жакшы идея көтөрүп, бирок Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирөө эле макул болбой койсо, ошол бойдон ал жакшы идея токтоп калып атат. Р.Отунбаева болобу же башкасы болобу чоңураак эрктүүлүк көрсөтүп, өз министрине сын айтып, өз министрине ошол чечимди кабыл алдыртчу күч жок болуп атат.

- Мирсулжан, балким реформалар үчүн иш башаты катары күч структураларынан баштап, эрктүүлүк кылып ИИМди толук реформалоо керектир. Ошол эле Грузияда ИИМ кызматкерлеринин 90 пайызы толук алмаштырылган болчу. Натыйжада таптакыр жаңы полиция башка тармактардагы коррупцияны да токтоткон эле. Биз да бул практиканы алсак болоттур?

- Менин оюмча, азыркы учурда адамдарга эң керектүү нерсе – бул коопсуздук. Эгерде көптөгөн ишкерлер, инвесторлор бул жактагы кырдаалды карап көрүп, анан бул жактан аларды көчөдөн бирөөлөр сабап кете турганын же бизнесин жөнү жок тартып ала турганын көрүшсө, анда алар Кыргызстанга келбей коёт. Бул эң негизги маанилүү маселе. Биздин өзүбүзгө да керек. Ошондуктан биринчи кезекте милицияны реформалоо керек. Бул жерде биз Грузиянын тажрыйбасын карабай коё албайбыз. Менин оюмча ошолордон эле өрнөк алыш керек. Анткени эч бир жерде мынчалык революциялык реформалар болгон эмес.

Эгерде мурда Грузияда милиция кызматкерлерине болгон ишеним 10-20 пайыз гана болсо, азыр аларга болгон адамдардын ишеними 80 пайызга жетти. Бул Грузиядагы эң чоң ишеним. Ал тургай чиркөөгө болгон ишеним алардан кийинки орунда турат.

- Рахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG