Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:52

Дүйнө

Либерман жаңы Иран жараларына ишенет

Америкалык эки сенатор – Жон Маккейн менен Жозеф Либерман авторлошуп конгресске жаңы мыйзам долбоорун киргизишти. Документте Иранда адам укуктарынын бузулуп жаткандыгына байланыштуу АКШ өкмөтүнө жазаналар практикасына өтүү сунуш кылынат.

Сенатор Жозеф Либерман.
x
Сенатор Жозеф Либерман.
Текст көлөмү - +
Мыйзам долбоорунда баарыдан мурда иран өкмөтүндөгү ырасмий кызмат адамдарын жазалоо жагы каралган.

Атап айтканда, долбоор президент Барак Обамага ирандыктардын укуктарын ким бузуп жатса, ошолордун тизмесин түзүү, аны утур-утур жаңылап туруу жана күнөөлүү адамдарга адресттүү санкцияларды жарыялоо сунуш кылынат. Мисалы, тизмеге киргендерди АКШга виза алуу укугунан ажыратуу, алардын банк эсептерине, Вашингтон өкмөтүнүн амирине караган менчик мүлктөрүнө камал салуу каралган.

Мындан тышкары дүйнөдөгү башка өкмөттөр, карапайым адамдар, анын ичинде ирандыктар да адам укуктарын кимдер бузуп, басып-жанчып жатканын билгидей кылып тизмени коомчулук үчүн жарыялап, шардана кылып туруу зарылдыгы көрсөтүлгөн.

Либермандын айтымында, долбоорго жоон топ сенаторлор кошулушту, алардын ичинде демократтары да, республикачылары да, либералдары менен консерваторлору, көз карандысыз, байистүү делингендери да бар. Муну сенатор америка элинин атынан адам укуктарын бузуп жаткан иран өкмөтүнө нааразылык, ал эми эркиндикке умтулуп жаткан ирандыктарга тилектештик билдирүү, алардын үнү, талаптары АКШда угулуп жатканын ырастоо ишаарасы болот деп эсептейт.

Эмне үчүн мындай мыйзам АКШда кабыл алынышы керек дегенге токтолуп, Либерман, биринчиден, жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык келишимдердин мүчөсү катары АКШнын бул чөйрөдө принциптүү жоопкерчилиги бар деп эсептейт. Аталган келишимдерге кол коюп, бирок аны аткарбай жаткан башка өлкөлөргө да АКШ өзүнүн мамилесин билдирип келген. Муну менен эл аралык келишимдердин аброю жана мыйзамдуулугу сакталган.

Экинчиден, мунун баары АКШнын 1776-жылдагы уюштуруу документтеринде аныкталган. Алардын баарында эркин өмүр кечирүү, азат болуу, бактылуу жашоо укугу ар бир адамга жараткан жазмыштан, Кудайдан атаа болуп берилери айтылган. Тышкы саясатта АКШ өзүнүн ушул түпнегиздүү принциптерине таянганы абзел. Бул Иранга калганда андан бетер маанилүү.

Либерман президент Обама Иранга кол сунуп, алакаларды оңдоп-түзүүнү сунуш кылып, туура иш кылган деп эсептейт. Тегеран бийликтери буга тетириленип, кол эмес, муштумун көрсөтүп жатат. Ошондуктан Обаманын чыдамы бүтүп баратат. Ирандагы режимди эсине келтирүү үчүн аны абдан талуу жерден алуу керек.

Сенатор Либерман ирандыктар арасында тааныш-билиш адамдары көп экенин белгилеп, америкалыктар менен ирандыктардын ортосун бөлгөн эч нерсе жок, болгону аларды иран өкмөтү гана бөлүп жатканын айтып, бул абал жакында өзгөрөрүнө ишеничин билдирди.

"Буйруса,жаңы Иран жаралат, мен бул заман эртерээк келишин Кудайдан суранам", - деп айтты сенатор Либерман сөзүнүн соңунда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Телегей каяктан: Чуй-Токмок
13.02.2010 00:09
Айланайын Либерман, Кыргызстандагы адамдын укугун бузган,
Конституцияны тебелегендерди ошол тизмеге кошуп койчу. Күнөөсүз Исаковду, Жекшенкуловду, Балыкчылык, Петровкалык, Ноокаттык балдарыбызды камап Кинг Конг деген неме айлабызды кетирди.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)