Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:50

Кыргызстан

Бийликти алуу оңой, кармап калуу кыйынбы?

Бир күн мурда дайынсыз кеткен президент Курманбек Бакиев бүгүн өлкөнүн түштүгүнөн үн катып, 7-апрелдеги кан төгүлгөн окуялар үчүн оппозицияны айыптап, президенттик кызматын тапшырбай турганын билдирди.

Текст көлөмү - +
Президент Курманбек Бакиев бүгүн “24.kg” маалымат агенттигинин интернет сайты аркылуу билдирүү таратты. Билдирүүдө мамлекет башчысы оппозицияны кан төгүлгөн тополоң үчүн айыптап, кыргыз элин чыдамкайлыкка, чагымчылыкка алдырбоого чакырган.

"Бийлиги кан менен келген өлкө мамлекеттүүлүгүн жоготуп коеруна Кыргызстандын президенти катары мен бөркүмдөй ишенем. Мен тополоң салгандарды акылга келүүгө чакырам. Мен президенттик кызматымды тапшырган жокмун жана тапшырбай турганымды билдирем”, - деп баса белгилеген.

Президент болуп өткөн кайгылуу окуяларда кетирген күнөөсү үчүн жоопкерчилик тартууга даяр экенин, бирок бул үчүн анын күнөөсү объективдүү түрдө иликтенүүгө тийиш экенин билдирген.
 
К. Бакиев ошондой эле оппозиция лидерлеринин жоопкерчиликсиз иш-аракеттери абалды мындан да курчутушу мүмкүндүгүн, ички саясий жаңжалдашуудан улам көзөмөл жоголгонун, республиканын бардык аймактарында талап-тоноо, уурдоо күчөп жатканын айткан.
 
Курманбек Бакиев бүгүн эле Орусиянын “Москва жаңырыгы” радиосуна берген маегинде оппозицияны айыптаган билдирүүсүн кайталап, президент эч кандай жеңилбегенин, тескерисинче, оппозицияны жеңилди деп ойлой турганын айтты.  Ошондой эле ал маегинде сырткы өлкөнүн кийлигишүүсүз бул окуя болбой турганын, бирок азыр кайсы өлкө экенин айтуудан баш тартты.

Кечээки кандуу кагылышуулардан кийин бийликти колго алганын айтышкан оппозиция лидерлери өз кезегинде Убактылуу өкмөттүн жетекчилерин аныктап, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүшүүдө. Бишкекте дале баш аламан митингдер, айрым жерлерде талап-тоноолор уланууда. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Ош жана Чүй облустарында Убактылуу өкмөткө баш ийген уюштуруу комитеттери иш алып барышууда. Аталган аймактардагы өз кабарчыларыбыз абал тынчып, элдер тараганын айтышууда.

Ал эми Жалал-Абад шаарында бүгүн миңден ашуун адам митингге чыкты. Чогулгандар арасынан Убактылуу өкмөттү да, Бишкектен качууга аргасыз болгон Курманбек Бакиевди да колдогон кыйкырыктар чыгып турганын “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирет. Ал митингде сөз сүйлөгөн облустун мурдагы губернатору Кошбай Мисиров, К.Бакиевди коргоо комитети түзүлгөнүн кабарлаган.

Кечээки кандуу окуяларга чейин президент болуп турган Курманбек Бакиев учурда Жалал-Абадда. Бул тууралуу “Азаттыкка” кечээки окуяларга чейин Ош облусунун губернатору болуп турган Мамасадык Бакиров билдирип, кечээ ал Ош шаарына конгонун, андан ары Жалал-Абадга унаалар менен чыгып кеткенин кабарлады.

Кезектеги качкын президенттин жан-жөкөрлөрүнүн, жогорку кызматтарда иштеп келишкен үй-бүлө мүчөлөрүнүн, “ак-жолчу” депутаттардын жана Данияр Үсөновдун башкаруусунда иштеген министрлердин тагдыры али белгисиз. Кечээтен бери таркап кеткен парламенттин “Ак жол” фракциясы, Д.Үсөнов баштаган мурдагы өкмөт мүчөлөрү менен байланышууга мүмкүн болбой атат. Президенттин катчылыгында иштегендер да уюлдук телефондорун албай атышат.

Белгилүү саясий ишмер Абдыганы Эркебаевдин айтымында, ушул тапта Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөп турат. Айрым жерлерде баш-аламандыктар болуп атканы убактылуу көрүнүш. Ал эми А.Эркебаев К.Бакиевдин Жалал-Абадга качканы тууралуу буларды айтты:

- Бакиев түштүккө барып алып, Ошко, бүгүн Жалал-Абадга барып “мени колдогула” деп элди тукуруп, кечээки өлүм-житим аз келгенсип кайра ошол уруучулук-жердешчилик көз караш менен элди козгогону аракет кылып атыптыр.

Ошого байланыштуу мен Бакиевдин өзүнө, түштүк элине кайрылгым келет. Жетишет Бакиевдердин Кыргызстанга жасаган иштери! Жетишет төгүлгөн кан! Жетишет элдин мүлкүн, байлыгын тоногону! Ага дагы эмне керек экен...

Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин айтымында, саясат таануу илиминде бүгүнкү кырдаалга байланыштуу негизги үч элемент бар. Биринчиси - бийликти алуу, экинчиси - аны колдо кармап калуу жана акыркысы, бийликти туура пайдалануу. Булардын эң эле оңою бийликти алуу. Ал эми бийликти кармап калуу татаал иш. Андыктан, Убактылуу өкмөт эл менен катуу иштеп, тартипти орнотууну башкы планга чыгарып, Диний башкармалыктын өкүлдөрүн да коомчулук менен иштөөгө чакыруулары керек:

- Эми башка кагылышуулар чыгып кетпесин деш керек. Сактасын андайдан. Жанагы биздин Диний башкармалык кайда жүрөт болду экен? Ошолордун үнү чыкпай атат. Көмүскөгө кирип кеткендей болуп атат “Хизб-ут-тахрирге” окшоп. Алар мусулмандарга кайрылып, ынтымакка чакырып иштеши булар. Өкмөттүк эмес уюмдар, партиялар да жер-жерлерге барып иштеши керек. Оппозицияны колдоп кечээ балдар өлүмгө да барышты. Ушулардын өлүмүн сая кетирбей, кармап калыш керек мүмкүнчүлүктү. Мурунку бийликтин го аракетин баарыбыз жакшы билебиз. Булар эч нерседен кайра тартпайт. Кечээ өз элине ок аттырганын көрдүк. Мурда канчалаган жарандар окко учту. Ошондуктан кырдаал колго алынды, бийлик алынды деп отуруп алган туура эмес...

К.Бакиевдин кол алдында иштеп, анын түрдүү каржылык махинацияларына тиешелүү болгон адамдарды өлкөдөн чыгарбоо, “АзияУниверсалБанк”, “Манас” банк сыяктуу үй-бүлөгө тиешелүү деген банктарды көзөмөлгө алып, каражаттардын чет жактарга чыгып кетүүсүн болтурбоо иш-чараларын Убактылуу өкмөт кечээ эле баштаган болчу.

Учурда өлкөнүн коопсуздук, чегара тармагын тейлеп турган генерал Исмаил Исаков бул боюнча мындай дейт:

- Мен тапшырма бердим. Бир дагы шектүү жаранды, кээ бир министрлерди, кээ бир министрлерди чегарадан чыгарбагыла деп. Алар мага маалымат беришти, “Сиздин буйрук менен ошол адамдар чыккан жок” деп. Ошондуктан чаралар көрүлүп атат. Алардын көпчүлүгү Кыргызстанда.

Талдоочу О.Молдалиевдин пикиринде, кечээ оппозицияны колдоп ондогон жаш балдар өз өмүрүн кыйган соң, эми алар кызмат бөлүштүрүү сыяктуу тымызын интригаларды таштай туруп, азыркы кыйын кырдаалда тартипти орнотууга болгон аракеттерди көрүүлөрү керек.

Ушул тапта Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, экономика тармагын Алмазбек Атамбаев, каржы жана насыя жагын Темир Сариев, коопсуздук жана чегара жагын Исмаил Исаков, сот жана прокуратураны Азимбек Бекназаров, Ички иштер министрлигин Болот Шерниязов тейлөөдө. “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев конституциялык өзгөртүүлөр жагын колго алды. Дал ушул лидерлер кечээ бийлик кулаганын айтып, өлкөдөгү кырдаал боюнча жоопкерчиликти моюнга алышкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Патриот каяктан: Бишкек
11.04.2010 23:19
Ушунча кан төгүү менен келген бийликти сөзсүз түрдө кармап калыш керек. Убактылуу өкмөткө жардам беришибиз керек. Провокацияга алдырбай, ушактарга ишенбей, радио телевидениеден гана туура маалымат алып туруш керек. Убактылуу өкмөт Акаев, Бакиев убагында иштеген досторун, алардын абдан жакындарын жумуштан алышы керек. СНБ да Марат Бакиев менен иштегендерди, анын жакын досторун сразу жумуштан алыш керек. Уяты жок Бакиевдин айтканын жасаган сотторду жумуштан алыш керек. Жумушка активдүү, энергиясы толуп турган, коррупцияга аралашпаган, Кыргызстан үчүн күйгөн адамдарды алыш керек. Ал жаш болобу орто жаш болобу тажрыйбалуу адам болсо болду. Чет элден иштеп келген тажрыйбалуу кыргыз жаштардан жумушка алыш керек. Убактылуу өкмөткө ушак айың чыгарбай аларды колдошубуз керек, анткени алар убактылуу гана турат. Жаштар шашпагыла андан көрө жардам бергиле. Алар силерге караганда тажрыйбалуу. Бардыгын жөнгө салып, жакшы коституцияны кабыл алып, 6 ай иштеп беришсин, ага чейин ынтымактуу бир нукка түшүп иштеп туралы. Тажрыйбасыз иштегенде да алдыга кетпей, артка кетип калышыбыз мүмкүн.

кимден: Кубатбек каяктан: Нарын шаары
10.04.2010 09:52
Азыркы башкы милдет жер-жерлерде күчөп бараткан анархияны, ар кандай топтордун бийликти талаша баштаганын токтотуу керек. Утурумдук өкмөт бул маселе боюнча өзүнүн позициясын ачык айтпай жатат. Жерлерде азыр айыл бийлигинен баштап мекемелердин деңгээлине чейин жетекчилерди алмашабыз, сени болбойсуң, бул татыктуу деген шылтоо менен топтпордун күрөшү жүрүүдө. Бөрк ал десе башалгандар көп.
Менин дагы айтарым эгерде ушул саптарды окуп калса азыркы элдик губернатор болуп Нарында олтурган Адылга жок дегенде костюм кийип олтурсаң, сен деген облус башчысы деп койот көчөдө жүргөн жоксуң.

кимден: Elvira Chekirova каяктан: Evropa
10.04.2010 00:44
Beilik aluu onoi...emnesi onoi,oppozsya menen beilik otogo karapaiym kalkty salyp koliup,ozdory da bilbei jatsa kerek kaidan beilik kelip jatkanyn.Karapaiym eldin ailasy jok andan bashka,kynymdyk tamagyn taap jep jyrgon el,mamlekketti karait,mamleketten jardam kytot,je jarytyluu jumush jok bolso,,,Any oppozisya jakshy bilet,kyrgyz eli kandai abalda turganyn.Kaisy uchurda beilikke karshy kettik dese oshol uchurda agylaryn...Ushul ele korynysh menen opozzisya besh jyl murun beilik jenip algan,dagy oshol korynysh,oshol ubakta oppozisya ish bashtagan,kyiratzmak,jyrgatmak..Koryp jatabyz,kyrgyzstan kaida ketip baratkanyn..
Beilikti jashtar jendi,jshtardyn emgegi chon ekenin bir kyrgyz eli emes,bytkyl dyino ugup,bilip turat...Kelerki Prezidenttin kelishin jashtar chechse deim,oppozisya ele chechpesten.Jashtardan emenge jok,Prezidenttikke tatyktuusu?Bir jash adam kelse,aga kyrgyzstan ychyn ishtegen adamdar(oppozisya) jardam berse degen oium bar...Jashtardan talapkerler da korsdotylso Prezidenttike...

кимден: Айсалкын каяктан: Бишкек
09.04.2010 20:21
Молдомуса Конгантиев министр болуп турганда куноосуз кочого чыккан адамдарды канча сабаттырды эле, канчасын камап, канчасын олтуртту эле. Булардын кыргыз элине кылган куноосу тоодой. Ошол куноолору учун баардык Бакиевдин желдеттери турмого отурбаса, алар кайра эле бир куну бийликке келип калышат...

кимден: aykanysh каяктан: jalalabat
09.04.2010 16:28
Sabyr kylyp kelishti Kygyz elim. Jashtarybyzda emne kunoo. Kay jerge barsa jumush jok. Okujun dese akchasy jok. kala turgan kvartirasy jook. jata kanabyz jok mamleket koldogon. Azyrki inileribizdinabaly kanday abalda ekenin Kurmanbek Bakijev bilebi degi. Kitep okuubay 6 jashyndan tartyp kara jumush dep arabasyn sudorop, bolboso mal bagyp kapkara bolup, kundo jeegeni kara katygan nan bolup jurot.

Urmattuu Kurmanbek Bakiyev. Karapajym Kyrgyz elimi chagymchylap, biri biri menen urushturbay biylikti berip koyo bergenin jakshy bolot demekchimin.

Siz uchun dajym ushunu aytyp keldim ichimden. Tushundon bir korkup kalkyn oylop kalsa eken. mamleketibizdi achkachylyktan kutkaram dep oygonso eken dep keldim.
Uyrongon adat kalbayt turbayby korso.

Kyrgyzstanymdy suyom. Kyrgyz atynyn ocvhyp. Jelegibizdin shamalda jelbirebey kalshyndan korkom bolgonu.

кимден: Гулзат каяктан: Нарын
09.04.2010 15:23
Албетте бийликти кармап калуу бир топ кыйын.Туураа кармап мындан ары ката кетирбес учун системаны туп тамырынан бери озгортуу керек.Кызматка жаштар алынышы керек.Чет мамлекеттен окуган канча билимдуу жаштар ар кайсы жакта журот.Кыргызда жаман адат тууган досторун бийликке коймой.Бизде билимдуу ишин билген адамдар таанышы же акчасы жок болсо жакшы кызматка келе албайт.Ал эми тааныш же акчасы менен келгендер мамлекет учун иштебейт.Мамлекеттин кызматтык унаасын ,кызмат ордун пайдаланып пайда табууну коздойт.Мына жаны бийлик келгенден бери эптеп кызматка тааныштар аркылуу келсек канча киши чуркап журот.Баягы байлар кайра кандай гана жол болбосун оз байлыгын сактап, мамлекттик орундарга жанталашууда.Кыргызстанда бийликте болсон гана сен адам катары жашай аласын деген философия болуп келген.Ушуну баарын ушул мезгилде озгортуу керек.Убактылуу окмоттун ишине ийгилик каалайм.Эч качан байлыктын жана бийликтин кумарына берилбегиле.Ошондо силер бийликти кармап каласынар.

кимден: Ж.У каяктан: РФ
09.04.2010 12:35
Оппозиция сейчас чем занимается? Почему мародерство до сих пор продолжается? Где они? или они портфели делят? Вот стыдно за этих... Пол страны не отдыхать приехали в РФ.

кимден: Айым каяктан: Бейжин
09.04.2010 12:16
Курманбек Салиевич! Эгер Москвадан арача табам деп аларды да акмак коруп атсаныз, Москва сиз тууралуу кандай ойдо экенин кыскача окуп алыныз.
"...В 2005 г. президент Акаев запретил стрелять в людей и, убедившись, что проиграл, покинул страну. Нынешний президент Бакиев отдал приказ открыть огонь, попытался ввести в Киргизии чрезвычайное положение, а когда стало понятно, что власть в Бишкеке не удержать, отправился на юг страны, чтобы, собрав сторонников, продолжить борьбу...
Восьмого апреля Бакиев выступил по радио с обращением. Он обвинил оппозицию в организации беспорядков, которые привели к гибели людей, и предупредил, что эти действия могут обернуться "утратой государственности"...
(Утратой государственности!? - Мына, ууру куч болсо ээси өлөт, деген. Абийир болбогон сон, жеке "шкурасы" учун мамлекетти да сатып кете турган адамдын созу). Далее:
После прихода к власти Бакиева ситуация ухудшилась, причем не только вследствие объективных причин, но и из-за чудовищных злоупотреблений. В конце прошлого года обстановка в Киргизии полностью соответствовала классическому определению революционной ситуации. "Низы" больше не хотели жить по-старому и терпеть нищету, а "верхи" были не в состоянии отказаться от старых методов управления.
За последние годы конституция страны изменялась шесть раз; последняя порция поправок подразумевала введение института преемника, отмену выборов и прочие далекие от демократии идеи.
Особое раздражение общества вызывали скандалы, связанные с президентским сыном Максимом, в руках которого сосредоточились все рычаги управления экономикой. В специально созданное под Бакиева-младшего Центральное агентство по развитию, инвестициям и инновациям были переданы все представляющие какую-то ценность активы...
Определенную роль в расшатывании ситуации могли сыграть и наркобароны, появившиеся в Киргизии после включения этой страны в наркотрафик из Афганистана в Россию. Этот новый клан обладает огромными финансовыми и организационными ресурсами и ему совершенно не нужна сильная центральная власть.
Нужно признать, что у Москвы были поводы для недовольства Бакиевым. Один из них касается метаний киргизского президента относительно судьбы американской военной базы в Манасе...
Но последняя история вышла за рамки допустимых дипломатических маневров. Потому что Бакиев сначала пообещал России закрыть американскую базу в обмен на кредит в $2 млрд и помощь на сумму $150 млн, а сразу после получения первого транша согласился заключить с американцами новый договор об аренде, подняв ежегодную оплату с $20 млн до $60 млн.
Одновременно стало известно о нецелевом расходовании российской помощи, которая, по некоторым данным, была "распилена" президентским окружением. Еще одна история касается льготных поставок в Киргизию российского топлива, которое, как оказалось, скупалось местными дельцами и втридорога перепродавалось на ту же базу в Манасе.
Москва ответила на эти действия замораживанием кредитных траншей, прекращением финансирования строительства ГЭС "Камбарата-1" и отменой льготных таможенных пошлин на поставляемый в Киргизию бензин и дизельное топливо.
В общем, Бакиев вел себя настолько неприлично, что Москва решила поставить его в менее удобное положение, чтобы он, наконец, определился...
Но, похоже, говорить об этом теперь уже поздно..."

кимден: Жийде каяктан: Нарын
09.04.2010 12:08
68 адамдын өлүмү Бакиев үчүн чымын чакканча болбой, кайра бийликти өткөрүп бербейм дегенден кийин андан жакшылык күтүүгө болбойт. Ал жаңыдан бийликке келгенде эле "Мен Акаевдей болуп качпайм, ак үйдү автомат менен коргоп алам" деген. Ошол сөзүнө турду. Өз күнөөсүн билбей опозицияны күнөөлөп коет, ал эми эл опозиция кайда айдаса ошол жакка баскан мал бекен. Элдин кыжырына өзү тийип алганы менен иши жок. бийлиги кан менен келген өлкө мамалекетүүлүгүн жоготот деп коет, өзү сүттөн ак жол менен келиптирби. Жаңылбасам Бакиев Кыргызстан тарыхында кандуу президент катары калат.Түштүктөгү кыргыз эли Бакиевге дагы алданбай Манас атабыздан калган улуу кыргыз элинин бүтүндүгүн ойлогула. Бектер кетет эл калат. 68 эрдин каны текке кетпеш керек, бийлик бөлүштүрүүнүн ордуна бүгүнкү атка минерлер элдин бүтүндүгүн кантип кармап калуу керектигин, 5 жыл мурунку катаны кайталабай бийликке Бакиевге окшогон жулунгандарга байкабай алдырып жиберүүдөн сактануусу керек. Ким президент болсо да элдин тынчтыгын, ынтымагын сактап, элге кайрымдуу болсо. Эл тилеги ошол. Карапайым элди айма-аймакка бөлүп кайраштырып алдагандан алыс болгула.

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
09.04.2010 11:21
Кечээ кечинде ОРТдан Таласта болгон окуяларды көрсөттү. Эми канча кагылышуу болсо да, биз адам экенибизди эстен чыгарбасак. Бийликтин айтканын аткарган адамдардын эмне күнөөсү болсо да сот чечүүсү керек эле. Байкуш Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди анчалык уруп-сабабай деле койсоңор болмок. Ал киши өз милдетин гана аткарган болуусу керек. Ал канча күнөөлүү болсо да Кыргыздын эле уулу, силерге окшогон ага-туугандары, ата-энеси, бала-чакасы бар. Аларга деле оңой болбоду деп ойлоймун. Сабырдуу болгон жакшы, оң колдун ачуусун сол кол менен басалык. Калганын адилет сот, ар кимдин өз абийирине коёлук...
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)