Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:49

Кыргызстан

Анархия көлөкөсү, чукул чараларга муктаж өлкө...

Өлкөдөгү кырдаал дале курч бойдон калууда. Жалал-Абадда кулатылган президенттин тарапкерлери облустук администрацияны ээлеп алып, губернаторлукка жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине өз кишилерин коюп алышты.

Текст көлөмү - +
Ал эми Бишкектин жака-белинде жер басып алуучулардын тополоңу басылбай, кагылыштарда набыт болгондор бар. Убактылуу өкмөт дале кырдаалды жөндөй албай, кадрдык талаш-тартыштар менен алектей.

Убактылуу өкмөттүн он төрт мүчөсү бийликте турганына он төрт гана күн болду. Бирок бул өтө кыска аралыкта аларга нааразы болгондордун саны геометриялык прогрессия боюнча өсүп бараткандай түр калтырууда.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кадрлар маселесинде келише албай атышабы?

Бишкек четиндеги Маевка айылы. Баш аламандыктан кийин. 20.04.2010
Биринчиден, бийликке келип-келбей Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз кишилерин негизги кызмат орундарына дайындай баштап, протфель бөлүштүрүү маселеси биринчи планга чыгып кеткендей. Маселен, кадрдык маселеде талаш-тартыш чоң экени алгач эле Бажы кызматынын жетекчисин улам-улам алмаштыруудан байкалды. 8-апрелде Бажы кызматынын башчысын Темир Сариев алмаштырып кетсе, 9-апрелде Азимбек Бекназаров башка адам коюп салды. Ал эми 12-апрелде Алмазбек Атамбаев барып дагы башка кишини дайындап кетти.

Мындай чоң кызматтарга байланыштуу талаш-тартыш маселеси, Ички иштер министринин милдетин аткарып аткан Болот Шерниязовдун кызматтан алынганы тууралуу маалыматтын чыгышынан улам да айтылууда.

Анткени 19-апрелде кечке маал Убактылуу өкмөт жайгашкан Коргоо министрлигинин алдына 200 чамалуу милиция кызматкери чогулуп, тармакты жакшы билет делген Бакыт Алымбековду министр кылууну талап кылып, максаттары орундалган соң таркап кетишкен. Кечинде кайра Болот Шерниязовдун 300 чамалуу адамы Коргоо министрлигинин алдына келип, Б.Шерниязовго тийбөөнү талап кылышты. Алардын иш-аракетине “Азаттыктын” кабарчысы көз салып турду. Андан соң Убактылу өкмөттөгүлөр Б.Шерниязов кызматтан алынбаганын айта башташты. Убактылуу өкмөттүн каршылаштары бул баш-аламандыкты да усталык менен өз пайдасына колдонуу аракетин көрүшүүдө.


Качкандар кармалабы? Чагымчылар кимдер?

Экинчиден, Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги кандуу окуя жана мамлекеттик мүлктү талап-тоноо боюнча айыпталып аткан кулатылган президент К.Бакиев, анын уулдары Марат менен Максим, иниси Жаныш Бакиев, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов, “MGN” компаниясын башкарып келген Евгений Гуревич баштаган негизги фигуранттарды кармай албады. Мындай абал 7-апрелде курман болгондордун жакындарына, мурдагы бийликке каршы болуп келген башка кыргызстандыктарга жакпасы бышык.

Ушундай кырдаалда Жалал-Абад облусу да тынчыбай, ушул тапта К.Бакиевдердин тарапкерлери олбустун жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине өз кишилерин койгонго жетишишти.

Белгилүү саясат талдоочу, профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Убактылуу өкмөт тез арада портфель талашын токтотуп, ири алды Жалал-Абадды тынчытуу боюнча чечкиндүү аракет көрүүлөрү керек. Анүчүн оболу К.Бакиевдин уулдарын, бир тууганы Жаныш Бакиев баштаган адамдарды кармоолору зарыл. Анткени абалды курчутуу аракеттерин дал ошол адамдар уюштуруп аткандары көрүнүп турат. Атпесе Убактылуу өкмөт алты айга да жетпей кулап, мамлекеттүүлүк коркунучка кептелет:
 

О.Молдалиев


- Жер талашып атып мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Портфель талашып атып, Убактылуу өкмөт такыр эле бийлигинен ажырап калышы мүмкүн. Ошону ойлонуштуруш керек. Булардын ошол оппозицияда жүргөндөгү ыркы жоктору азыр ошону күчөтүп атышат. Мунун баарын токтотуш керек. Бул жерде абал мындай болуп атат. Булар бийлиги жок калышса мейли, биз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн ушундай кырдаалда.

Эгер улуттар аралык жаңжал чыгып кетсе, ага диндер аралык жаңжал кошулуп кетчү болсо бизде Тажикстандагыдан жаман кырдаал болуп кетиши мүмкүн. Ушуга түшүнүү менен мамиле жасашыбыз керек. Элди мобилизация кылыш керек, Убактылуу өкмөт өзү мобилизация болушу керек. Калган иштерин токтото турушу керек. Ушул иштер боюнча тез чараларды көрүү зарыл. Бийликти бекемдөө керек. Анан булар шайлоолорго даярдана башташты... Шайлоо болбой калышы да мүмкүн. Башка маселелер чечилбей атканда ага даярданып эмне кереги бар. Аюу тирүү турат. Анын терисин бөлүшпөй коё туруш керек азыр.


Ошентсе да Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөп турушканын, кадрдык маселелерде талаш-тартыш жок экенин айтышууда. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев, дагы бир орун басары Азимбек Бекназаров да журналисттердин суроолоруна жооп берип, бардык чечимдер чогуу кабыл алынып атканын, талаш-тартыш маселе жок экенин ырасташууда. А.Атамбаев мындай дейт:
 

А.Атамбаев


- Мына азыр өкмөттө Р.Отунбаева болобу, А.Бекназаров болобу, Ө.Текебаев болобу баары тең күнү-түнү иштеп атышат. Балдардын каны төгүлдү. Бирөө дагы кызмат алыш үчүн иштеген жок. Алты айдан кийин эл чечсин. Мындай өкмөт кереги барбы же кереги жокпу эл чечсин...

Бишкекте абал тынч эмес, ал эми К.Бакиевди Беларус койнуна алды

Борбор шаар Бишкектин өзүндө да абал тынчыбай атат. Шаар тегерегиндеги айдоо аянттарын басып алгандар менен жер ээлеринин кагылыштарынан улам набыт болгондор да болду. Бишкекте эле эмес Борбор Азиядагы эң чоң соода түйүнү болгон Дордой базарында соода кылгандар чочулап, талап-тоноочулардан корккон бир катар ишкерлер товарларын алып кетип, контейнерлерин жаап салышты.

20-апрель күнү түшкө маал Бишкек четиндеги Маевка айылы тараптан калың топ келатканы тууралуу маалымат тарап, Дордойдо соода кылгандар кыйла тополоң болушту. Бирок ал маалымат туура эмес болуп чыкканын, Дордой тарап тынч экенин базар жетекчилиги айтып чыкты. Талдоочулардын айтымында, мындай маалыматтар эл арасына атайын бүлүк салуу максатында таркатылып атканы көрүнүп турат.

Өлкөдөгү мындай оор кырдаалдан чыгууга көмөк кылуу максатында кыргызстандык көптөгөн жарандар түрдүү элдик кошуундарды да түзүшүүдө. Дээрлик жаштардан турган элдик ыктыярдуу кошуундар Бишкек шаарында милиция кызматкерлерине тартипти сактоого көмөк кылышууда. Убактылуу өкмөттөгүлөр да коомчулукту мобилизациялоо керектигин айтышууда.

Ал арада Кыргызстандын кошуналары, эл аралык коомчулук, негизги өнөктөштөрдүн бири болгон Орусия жетекчилиги чөлкөмдөгү кырдаалды талкуулашууда. Орусия жетекчилиги Кыргызстанда көптөгөн орусиялык жарандар бар экенин айтып, аларды коргоого даяр экенин да кыйытып турат.

"Ошол себептүү, кырдаал курчуй берсе Орусия аскер киргизиши да мүмкүн",- дейт О.Молдалиев. Мындай аракет өзбек улутундагылар көп жашаган өлкө түштүгүндө да болушу мүмкүн деген чочулоолор кала берүүдө.

Ал эми дүйшөмбү күнү кулатылган президент К.Бакиевди - анын кийинки аялын, беш жашар уулун жана тогуз жашар кызын Беларустун президенти Александр Лукашенко Казакстандан Минск шаарына алдырып келип, аны толук колдой турганын билдирди. Буга чейин А.Бекназаров бир дагы мамлекет К.Бакиевди кабыл алуу ниети жок экенин, эгер аны Беларус кабыл ала турган болсо эки өлкө мамилеси бузулушу мүмкүн экенин айткан эле.

Эскерте кетсек, Беларустун президенти А.Лукашенко дүйнөлүк коомчулукка Европанын эң акыркы диктатору катары таанымал.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: кыке каяктан: оруссия
21.04.2010 19:29
эй кыргыз эсинди жыйчы.Бизге стабилдуулук керек талап-таноолорду токтоткула.Кыргызстанды ушинтип журуп жоготуп тынат окшойсунарго. ушундай кетиште эртен олконун тундугун Россия озуно кошуп алат, туштукту Озбекистан озуно кошуп алат. Каримов менен Медведьев кече жолугушуп ушул маселени суйлошуптур.эсинерге келгиле

кимден: Нур каяктан: рф
21.04.2010 15:49
Томондогу оруссияда жургон мекендештериме.Биз тарыхый убакта оз жерибизде боло албай салымыбызды кошо албай калдык.Биз ожорлонуп эки эссе коп ишетеп колдон келишинче коп инвестиция жонотушубуз керек Кыргызстанга.Коп тукурсо кол болот дейт,а биз ото копбуз.Кыргызстан жакында матриалдык жактан ото муктаж болот.Максатты бийик койуп умутту узбой иштей беришибиз керек ошондо биз созсуз озубуз суйгон кесибибиз менен оз жерибизде иштеген мезгил келет.Кыргыздын коломтосунда эч качан от очпогон!!!

кимден: Debi каяктан: Bishkek
21.04.2010 15:24
"Бирок бул өтө кыска аралыкта аларга нааразы болгондордун саны геометриялык прогрессия боюнча өсүп бараткандай түр калтырууда".

Дээрлик жыйырма жылдан бери туура калыпка тушо элек мамлекеттик башкаруу структураларын 14 күндүн ичинде зымга тизгендей кылбай эмне кылып жатышат дегенибиз туура болобу? Ушул өкмөт болбосо эмне кылат элек? 5 млн. кыргыздын суроолору онойбу? Мен ушуларга ыраазымын, адам өмүрү текейге турбай жаткан мезгилде эл башына келип, акчага көздөрү тумандап калган адамдарга каршы иш жүргүзүп, ала качкан азоо аттай болуп ээ бербей жаткан талоончуларды тынчтыкка, тартипке үндөп отуруунун өзү эле канчалык кыйын. Аларды эле ур-токмокко сала бергенибиз туурабы. Ошол бажынын башчылыгын алмаштырды деп эми ар бир кыргыз айтып чыкмайынча болбойт да, ээ. Болот да ошондой, адамдын баары эле "ангел" болсо экен. Момундай башаламандыкта дагы эңгиреп, эс-учун жыйа албай калбай, дагы азаматтар. Бир-бирибиз менен акылдашып чечип жатабыз деген сөздөрү жугузбайбыз, анан түшүнбөстүк болуп калган жерлерин баса калып эле, камчылап (сөз менен катуу тийет, камчы менен ургандан) калган эмне жакшылык? Кудай деген кур калбайт дейт. Ушуларга Кудай ыйман, күч-кубат, эстүүлүк берсин деп, кичине нарыдан берээк бололучу, туугандар.

кимден: Адилет каяктан: Кыргыз жери
21.04.2010 14:41
Бизде тартип жок, криминалды туп оту менен атып жоготуш керек, алып жуттумдарды омур бою турмого чиритиш керек, кыргыздар тазаланабыз десек ушул тартипти бекем сакташ керек!

кимден: Patriot каяктан: Russia
21.04.2010 14:33
Urmatuu mekendeshter bul okuyalardin baari otup ketet jana bizdin olko da onuguu joluna tushot dep ishenebiz! Oshonduktan baarinizdardan suranaarim olkobuz uchun ishteyli jana biraz sayasattan alis turali negizinen ekonomikani kotoruu kerek.

кимден: Азамат каяктан: Бишкек
21.04.2010 14:33
Коп сайттарда комментарий жасоого мумкун эместигине окуном.
24 kg сайтына Бакиев Жаныштын классташтарынын элге кайрылуусун жазышыптыр. Андан маанилуу Кыргызстанда кабар калбай калдыбы?
Жердештери, туугандары, айылдаштары, акчасын алгандар, сокур кызматташтары бутуп, эми классташтары калыптырбы?
А, дагы курсташтары, садикке чогуу баргандары оз созун айтыша элек. Баса, куда-соокту унутуп баратыпмын.
Журналисттерге кайрылгым келет. Эптеп эле жанылык деп элдин кыжырын келтирип жаза бербей, реалдуу, пайда келтирген, маанилуу кабарларды жазсанар. Эл силерден ушуну кутуп жатат.

кимден: Патриот каяктан: Кыргызстан
21.04.2010 14:11
Олкону "Кландын" талап кетишин коштоп азыркы Мородер, провакатор, арамзаа топтордун мамлекеттин кызыкчылыгына, анын келечегине маани маныз бербегенине абдан капа болобуз. К.Бакиев оз созундогу зомби (кыргызчалас = манкурт) атаган топторго так ушуларды киргизсе болот. Эгерде эртенки куну мамлекеттуулукту жоготуп алып (буга СССРдин кулашын коргуло), ка ошол заманда..., кап ошондо..., деп туштон кийин так азыркы чагымчылардын кыймылын алдын ала албаган эл баштаарлар, эмитеден эл камын, мамлекет камын коруулору зарыл. Дуйнолук практикада калгандай, ар бир ревалюциянын арты менен (коомдун отбросоктору тарабынан) мородерлук кылуу менен коштолот, бирок практика коргозгондой жана мыйзамда караогандай, мородерлук баардык олкодо о.э. бизде дагы эн жогорку жаза менен, б.а. атуу, омур бою жазалануу сыяктуу жазаланат. а эмнеге биз аларды бополоп, мамлекеттибизди кундон кунго артты карай орто кылымга, афганистанга тенегенге жол берип жатабыз. Менин оюмча кучтор жагын башкарууга, ошол органдын арбир катардагы кызматкерине чейин сыйлай турган офицерлерибизди коюшубуз керек эле, ал эми азыр эмнени коруп жатабыз, даже МВД министрин тагыраак кое албай, кайра кайра алмаштырып жатышат. Менин оюмча Омурбек Суваналиев - "Катанин" кличкасын бекеринен абласа керек, так ошондой адамды коюп - тартипти орнотуу зарыл.

кимден: Tilek каяктан: Moscow
21.04.2010 14:04
Аты жонунду жазбаптырсын бир тууган, Эмне десем блди бекем бууп туралы негизинен тагдырыбыз окшош экен, очпогон умут менен жашайбыз да туурабы? Убакыт коргозот баарын, андай деген менен сен айтмакчы полун идишин жууп, дворун тазалап жугун тушуруп жургонубузго канча болду, дагы канча журоорубузду бир гана Кудайым озу бир билет!!!!!! Ишине ийгилик бир тууган!!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Россия
21.04.2010 13:18
Эмне дейсин досум, балким Орусиянын жарандыгын алып ушул жерде орустарга сен жакшысын деп, полун жууп, идишин жууп журо берсекпи, кичине акча чогултуп уй салып алсам, анан Кыргызстанга барып "жашайт элем" деп, эки козубуз торт болчу, эми эмне кылабыз, жарандык алган кыргыздарга козум куйот, убагында мен да алып албапмын деп, айылыма барсам озум суйгон кесип менен иштейм деп тилеп жургом, эми эмне болот.... жообунарды кутом.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.04.2010 13:08
Бакиевдер '' жыгылган күрөшкө тойбойт'' болуп атышат. Булар өзүлөрүн гана ойлоп атышат. Жалалабадтын тургундарын аңга түртүп атса, алар аны түшүнгөн жок.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)